КР Министрлер Кабинетинин 28-майындагы №265 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

 Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилиненөтүүгө өз убагында даярдоо максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканалары (мындан ары – “Кыргызкөмүр” МИ, “Кыргызжылуулукэнерго” МИ), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы, “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”, “Чакан ГЭС”“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомдору (мындан ары – ААК), “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коому(мындан ары – ЖЧК) жана Оштогу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы:

1) 1–20-тиркемелерге ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;

2) эки жумалык мөөнөттө 2023/2024-жылдардын жылытуу мезгилиненөтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларын иштеп чыксын;

3) бир жумалык мөөнөттө облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшүнө, биринчи кезекте төмөнкү маселелерге ай сайын мониторинг жүргүзүү үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча туруктуу иштегенштабдарды түзсүн:

– жылуулук менен камсыздоочуишканалардын отканаларын, калкты жылуулук менен камсыздоого байланыштууведомстволук жана өнөр жай отканаларындаярдоо боюнча;

– социалдык объекттерди жылытуу мезгилине даярдоонун сапаты боюнча;

– кошумча отун базаларын түзүү боюнча;

4) жылытуу отканаларынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын (жылытуу отканалары жана жылуулук-энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү балансында бар мекемелер үчүн) келерки күз-кыш мезгилине иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлминистрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынөкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу комиссияларды түзсүн;

5) 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте бюджеттик уюмдар үчүн отунду мамлекеттик сатып алуубоюнча чараларын көрсүн, аны жеткирүүгөкелишимдерди түзсүн;

6) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу максатында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүп турсун;

7) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен электр энергиясын үнөмдөө жана келерки жылытуу мезгилине отунду өз убагында даярдоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;

8) ушул токтомдун аткарылышы жөнүндөмаалыматты, анын ичинде көмүрдү сатып алуу, отун даярдоо боюнча пландыктапшырмаларды аткаруу, көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен отун базаларын жана көмүрдү сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты айдын 1ине карата абал боюнчаКыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берип турсун.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалыккомплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлөт.

2. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жана “Электр станциялар” ААКтын (макулдашуу боюнча) конкурстук комиссиялары 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине убактылуу, “Кыргызнефтегаз” ААКы жана “Кыргызкөмүр” МИси үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казылып алынган жагылуучу мазутту жана көмүрдү жеткирүүгө конкурстарга катышууда Кыргыз Республикасындагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалымат берүү талабын алып салсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы:

1) Бишкек шаарынын ЖЭБин жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИни көмүр менен камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу компаниялары үчүн көмүрдүн баасын “Кыргызкөмүр” МИси тарабынан берилген тизмеге ылайык белгилесин;

2) күйүүчү-майлоочу материалдардын жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн (кымбаттаган же арзандаган) учурда аларды кайра кароо (кайра бекитүү) укугун берүү жана кайра келүү багытын эске алуу менен “Кыргызкөмүр” МИси жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИси тарабынан берилген маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр жана мазут ташууга бааларды белгилесин;

3) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүү аянтчасында көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын “Кыргызкөмүр” МИси берген материалдарга (эсептөөлөргө) ылайык белгилесин, бул Көмүр казуучу ишканалардын шериктигинин бардык катышуучуларына жайылтылат;

4) “Кыргызмунайгаз” ААКы үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине, Ош шаарынын ЖЭБине жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин филиалдарына жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилесин;

5) чыгымдар өзгөргөн (көбөйгөн же азайган) учурда ушул токтомдо белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) кайра карап чыксын;

6) ушул токтомдо белгиленген бааларды (кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын мамлекеттик контролдоону ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) отун базаларында жана калкты көмүр менен камсыз кылуучу соода түйүндөрүндө көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербесин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде республиканын бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган адамдар үчүн компенсациялык каражаттарды 2024-жылдын ичинде өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы тарабынан
2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде “Рыбачье” темир жол станциясынан “Аламедин” темир жол станциясына (Бишкек шаарынын ЖЭБи) чейин “Б” маркасындагы бир тонна көмүрдү ташуу үчүн бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен 520 (беш жүз жыйырма) сом өлчөмүндө белгиленген тарифти (кошумча нарк салыгын эске албаганда) белгилесин.

8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) 2024-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө бюджеттик керектөөчүлөрдүн отун-энергетика комплексинин ишканаларына электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн карыздарын төлөшсүн;

2) керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана жагылуучу мазут үчүн өз убагында төлөмдөрдү толук көлөмдө камсыз кылсын;

3) ар бир уюмга электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин жеткирсин;

4) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин сөзсүз сактоо үчүн контролдоону камсыз кылсын жана чараларды көрсүн;

5) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин электр от казандарын энергиянын альтернативалуу булактарын (көмүр, газ, борборлоштурулган жылытуу) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылышсын;

6) Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк жана бизнес-түзүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө энергетикалык компанияларга көмөк көрсөтүшсүн;

7) электр энергиясын берүүнү токтотууну талап кылган оңдоо, анын ичинде аба жана кабелдик электр берүү линияларынын корголуучу зоналарында бак-дарактардын жаш бутактарын кыюу иштерин жүргүзүүнү энергетика компаниялары менен өз убагында макулдашууга көмөк көрсөтүшсүн;

8) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде түзүлгөн келишимдерге ылайык стационардык отун базаларына жана көмүр сатуу пункттарына калк үчүн көмүрдү толук көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылышсын жана зарыл болгон учурда пункттар жок калктуу конуштарда кошумча отун базаларын түзүшсүн;

9) социалдык объектилерди жана калкты отун менен камсыз кылышсын жана жеңилдиги бар категориядагы жарандарга өз убагында каражат бөлүнсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагынан өтүүчү электр берүү линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүн пландык же авариялык оңдоо жүргүзүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү убагында “Электр станциялар”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”, “Чакан ГЭС”, 

“Кыргызнефтегаз” ААКтарынын, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, “Жылуулук камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасынын, “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин, “Кыргызкөмүр” МИнин жана отун даярдоого тартылган көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл албасын.

11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялар менен биргеликте:

1) республиканын керектөөчүлөрүн электр менен ишенимдүү жабдууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн жана керектөөчүлөрдүн 1–20-тиркемелерге ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды сакташына катуу контролду камсыз кылсын;

2) 2024/2025-жылдардын жылытуу сезону башталганга чейин энергетикалык жабдууларды жана тармактарды оңдоо иштерин аяктасын;

3) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.

12. Төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:

1) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине талаптагыдай даярдык көрүү, өткөрүү жана керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү, үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, “Электр станциялары”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” жана “Чакан ГЭС” ААКтарынын жетекчилерине;

2) электр энергиясынын жана энергияны керектөөнүн коюлган лимиттерин аткаруу үчүн – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын “Электр станциялары”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” жана “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААКтарынын жетекчилерине;

3) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн – “Кыргызжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаардык мэриясынын, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын, “Жылуулук камсыздоо” Ош муниципалдык ишканасынын жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Электр станциялары”, “Чакан ГЭС”, Бишкек жылуулук тармактары” ААКтарына;

4) электр жана жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн төлөмдөрдүн кечиктирилиши үчүн – бюджеттик уюмдардын жетекчилерине.

13. “Кыргызкөмүр” МИ Бишкек шаарынын ЖЭБи жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин филиалдары үчүн графикке ылайык көмүрдү зарыл көлөмдө жеткирүүнү, ошол эле учурда көмүрдүн тиешелүү сапатын камсыз кылышсын.

14. “Кыргызнефтегаз” ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2024-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Ош шаарынын ЖЭБине жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин филиалдарына жеткирүү максатында “М-100” маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын белгилөө үчүн эсептөөчү материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына берүү;

2) Бишкек шаарынын ЖЭБине, Ош шаарынын ЖЭБине жана “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жагылуучу мазутту жеткирүүнү камсыздоо.

15.“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:

– жергиликтүү жүктү чектөө графигин иштеп чыгуу, бекитүү, керектөөчүлөргө билдирүү жана сактоо;

– 6–10 кВ чыңалуудагы электр тармактарындагы авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча чараларды көрүү;

– аба ырайынын шарттарынан кубаттуулук тартыштыгы пайда болгон учурда энергияны көп талап кылган өндүрүштүк керектөөчүлөр үчүн 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын мартына чейинки мезгилде электр энергиясын берүүнүн көлөмүн чектөөнү киргизүү;

– 110–500 кВ чыңалуудагы электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин 5,88 %га чейин, 0,4–35 кВ чыңалуудагы электр тармактарында 11,75 %га чейин төмөндөтүүнү, ошондой эле дебитордук карыздарды 10 %га төмөндөтүүнү камсыздоо;

– техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Борбор Азиядан жана Россия Федерациясынан электр энергиясын импорттоону камсыздоо.

16. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКга төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде “Кыргызжылуулукэнерго” МИ, Бишкек шаарынын ЖЭБи, Ош шаарынын ЖЭБи жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо;

2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоонун жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында 
2024-жылга инвестициялык программанын аткарылышын камсыздоо;

3) ай сайын Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2024-жылга инвестициялык программанын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү.

17. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.

18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

ТөрагасыА.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу