Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Саламаттык сактоо системасында илимий ишти өркүндөтүү максатында, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 280 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров