КР Министрлер Кабинетинин 04.07.2024 г. №352 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курулуш ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Курулуш иши чөйрөсүндө лицензия берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 139-беренесине, 141-беренесинин7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2221-VII «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курулуш ишин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору тууралуу» токтомун эске алуу менен,«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 
17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 
15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:

– 8-пункт төмөнкүдөй редакциядагы171-пунктча менен толукталсын:

«171) Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген курулуш ишине лицензияларды берүү жана кайра жол-жоболоштуруу, ошондой эле өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте курулуш ишине лицензияларды таануу жол-жобосу үчүн:

– юридикалык жакты түзбөгөн жарандардан – 500 эселенген эсептик көрсөткүч;

– юридикалык жактан:

курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли үчүн 1500 эселенген эсептик көрсөткүч;

курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин II деңгээли үчүн 7000эселенген эсептик көрсөткүч;

курулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин I деңгээли үчүн 15000эселенген эсептик көрсөткүч.

Курулуш ишинде лицензиялардын дубликатын берүү үчүн – 50 эселенген эсептик көрсөткүч.».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«21. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечим бузуулар табылган күндөн тартып 5 жумушкүндүн ичинде төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;

2) лицензиардын жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензиат тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетилбегенде;

3) лицензиат тарабынан анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда; 

4) лицензиат тарабынан адамдардынөмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулганда.

Коллегиалдуу орган тарабынан чечим кабыл алынган же пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн учурда чечим аныкталган бузуулар табылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.»;

– 31-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«31-глава. Шаар курууну, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерин жана жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) лицензиялоонун өзгөчүлүктөрү

214. Лицензия шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштеринежана жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерине
(I, II, III категориядагы объекттер) мамлекеттик шаар куруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет(мындан ары – Лицензия).

215. Лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат. 

216. Шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштеринелицензиялык иш өзүнө төмөнкү иштин түрлөрүнүн тизмегин камтыйт:

1) инженердик изилдөөлөр: 

– инженердик-геодезиялык изилдөөлөр: топографиялык сүрөткө тартуулар; линиялык изилдөөлөр; геодезиялык бөлүштүрүү негизин түзүү; 

– инженердик-геологиялык изилдөөлөр: курулуш объекттери үчүн инженердик-геологиялык иштер; 

2) шаар куруу жана долбоорлоо иштери: 

– объекттердин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу: аймактык пландоо; шаарлардын жана айылдык калктуу конуштардын башкы пландары; инженердик инфраструктура жана аймактарды коргоо;

– объекттерди архитектуралык долбоорлоо: турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк багыттагы объекттер; 

– курулуштук долбоорлоо жана конструкциялоо: турак үйлөр, коомдук имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк багыттагы объекттер; көпүрөлөр, жолдор жана транспорттук курулмалар, эстакадалар; гидротехникалык жана мелиоративдик курулмалар (плотиналар, дамбалар, каналдар ж.б.); гидроэлектрстанциялар;

– ички жана тышкы системаларды, тармактарды жана курулмаларды долбоорлоо: электр станциялары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана трансформатордук подстанциялар, электр менен жабдуу, электр берүү линиялары; суу менен камсыздоо жана канализация; отканалар; жылуулук тармактары жана желдетүү; газ менен камсыздоо;

– долбоорлордун атайын бөлүмдөрүн иштеп чыгуу (анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо, сметалар);

– технологиялык долбоорлоо (түрлөрүн көрсөтүү менен);

– башкы долбоорлоочунун функцияларын жүзөгө ашыруу.

217. Жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) жүргүзүүгө лицензия төмөнкү иштерди аткаруудан жана (же) кызмат көрсөтүүдөн турат:

1) казуу иштери; 

2) имараттардын жана курулмалардын тирөөч жана тосмо конструкцияларын орнотуу, чатырын жабуу: 

– металл конструкцияларын монтаждоо; 

– монолиттүү бетон жана темир-бетон конструкцияларын куруу;

– курама бетон жана темир бетон конструкцияларын монтаждоо;

– таш, кыш, блокторду коюу; 

– жыгач тирөөч конструкцияларды жана буюмдарды орнотуу;

3) ички жана тышкы инженердик системаларды, тармактарды жана курулмаларды орнотуу боюнча иштер: 

– электр станциялары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана трансформатордук подстанциялар, электр менен жабдуу, электр берүү линиялары; 

– суу менен камсыздоо жана канализация; 

– отканалар; 

– жылуулук тармактары жана желдетүү;

– газ менен камсыздоо;

4) технологиялык жабдууларды монтаждоо(түрлөрүн көрсөтүү менен); 

5) гидроэлектрстанцияларды куруу, гидротехникалык курулуш;

6) транспорттук курулуш (көпүрөлөр, жолдор, курулмалар), эстакадалар; 

7) башкы подрядчынын функцияларынжүзөгө ашыруу.

218. Ишкердик субъекттеринин ушулглавада каралган иштердин түрлөрүнүнтизмегине киргизилбеген иштерди аткаруубоюнча ишти жүзөгө ашыруусу эркин болупсаналат жана лицензия алууну талап кылбайт.

219. Шаар курууга, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө иштерине, ошондой эле жеке турак үйлөрдү 
куруудан тышкары курулуш-монтаждоо иштерин (I, II, III категориядагы объекттер) жүзөгө ашырууга лицензиялык талаптар болуптөмөнкүлөр саналат:

– юридикалык жак үчүн – суралган иштинжана жумуштун ар бир түрүнө тиешелүүквалификациялык сертификаты бар бирден кем эмес адистин болушу;

– жеке жак үчүн – өзүнүн документ мененырасталган кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнөылайык жеке өзү аткара ала турган же алардынсапаттуу аткарылышын контролдой ала турганкурулуш иштеринин тиешелүү кесиптикишине квалификациялык сертификаттынболушу;

– республикалык бюджеттинкаражаттарынан каржылануучу социалдыкобъекттерди куруу, реконструкциялоо жанакапиталдык оңдоо жүргүзүү боюнча түзүлгөнкелишимдердин шарттарын сактоо; 

– салык салуу чөйрөсүндөгү КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайыкакыркы календардык үч жыл үчүн салыктыкчегерүүлөрдү төлөө;

– жарандардын өмүрүнө жана денсоолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуукоркунучтун жана кооптуулуктун пайдаболушу үчүн шарттарды түзүүчү себептердичеттетүү жөнүндө архитектуралык-курулушконтролу боюнча мамлекеттик ыйгарымукуктуу органдын жазма буйруктарынынжоктугу;

– мамлекеттик квалификациялык сертификаты бар адистердин бир уюмдан көпэмес жерде туруктуу негизде эмгектенүүсү;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн, жолдордун, көпүрөлөрдүн, тротуарлардын жана коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу мыйзамдык талаптарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо.

220. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун жана кооптуулуктун пайда болушу үчүн шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) курулуп жаткан (тургузулган) объекттердин конструкцияларынын тирөөч жана тосмо жөндөмдүүлүгүнүн бузулушу; 

2) курулушта ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык келбеген сапатсыз курулуш материалдарын колдонуу; 

3) курулуш учурунда коопсуздуктехникасынын талаптарын сактабоо.»;

– 31-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2201–2206-пункттар менен толукталсын:

«2201. Лицензиялоодо белгилүү даражадагы татаалдыктагы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша ушул Жобонун 
2-тиркемесине ылайык Курулуш иштеринде аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин дайындоо 
эрежелерине ылайык жоопкерчиликтин деңгээли белгиленет.

2202. Лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди тапшырат:

1) иштин жана жумуштардын суралган түрлөрүнүн тизмесин көрсөтүү менен лицензия алууга арыз;

2) өндүрүш аймактарында коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө буйруктун көчүрмөсү;

3) мамлекеттик квалификациялык сертификаттары бар адистердин, ошондой эле уюмдун жетекчисинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрү;

4) адистердин мамлекеттикквалификациялык сертификаттарынынкөчүрмөлөрү;

5) мамлекеттик квалификациялыксертификаттары бар жетекчилердин жанаадистердин квалификациялык курамы.

2203. Жеке жакка лицензия өзүнүн документ менен ырасталган кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык жеке өзү аткара ала турган же тиешелүү кесиптик иш-аракетке квалификациялык сертификаты бар болсо, алардын сапаттуу аткарылышын контролдойала турган курулуш иштеринин түрлөрүнө берилет.

2204. Курулуш тармагындагы адистергеквалификациялык талаптар КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетитарабынан аныкталат. 

2205. Лицензиялык талаптарды бузуулартабылганда лицензиар лицензиатка карата төмөнкүдөй чараларды колдонууга укуктуу:

1) эскертүү; 

2) айып; 

3) шаар куруу ишин жүзөгө ашыруугатыюу салуу менен чечим кабыл алынганучурдан тартып лицензиянын колдонулушун90 календардык күнгө токтотуп туруу.

2206. Табылган укук бузуулар көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбеген учурда ыйгарым укуктуу орган лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз берет.»; 

– 32-глава күчүн жоготту деп таанылсын; 

– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 2-тиркемесинде: 

1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-глава. Жалпы жоболор

1. Аткарылуучу иштердин жоопкерчилик деңгээли курулуш ишине лицензия берүүдө лицензиаттын белгилүү бир татаалдыктагы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша дайындалат.

2. Лицензиаттын арызы боюнча: 

– аткарылуучу курулуш-монтаждоо иштеринин жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу үчүн архитектуралык-курулуш ишин мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик органдын оң корутундусунун болушу зарыл;

– аткарылуучу долбоордук иштердин жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу үчүн долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо жаатында мамлекеттик органдын оң корутундусунун болушу зарыл. 

3. Ушул Эрежелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар лицензиардын буйругу менен аныкталат.»;

1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31–33-пункттар менен толукталсын: 

«31. Ыйгарым укуктуу органдардын оң корутундулары лицензиаттарга мурда аткарылган иштерди, тартип бузуулардын жана тыюу салуулардын жоктугун, ошондой эле иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү тажрыйбаны эске алуу менен курулуш, долбоорлоо жана инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарытиешелүү түрдө аткарылганда берилет.

32. Лицензиат лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу. Жоопкерчиликтин жогорку деңгээли төмөнкү деңгээлдеги объекттерде иштөөгө мүмкүндүк берет.

33. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунуч жана кооптуулук пайда болгон учурда лицензиар тарабынан лицензиянын колдонулушу токтотулуп турат же жоопкерчиликтин деңгээлин төмөндөтүү менен токтотулуп турат.».

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы               А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу