КР Финансы министрлигинин 2024-жылдын 1-августундагы № 5-буйругу

Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ


“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    10-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:


1. Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы: 1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;

1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Эркин-Тоо гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;

2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-Б “Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Министр                                                                     А.К. Бакетаев