Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 3-бөлүгүнүн, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 141-статьясынын 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Киреше салыгын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бул токтом жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартипке ылайык 2024-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн 2022-жыл үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктасын жана жарыялоо үчүн ыйгарым укуктуу салык органына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров