2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Төмөнкүлөр бекитилсин: 1)2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык; 2)Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык; 3) Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык; 4) Мамлекеттик программанын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору: 1) ведомстволук иш-чаралар пландарын кабыл алуу менен Иш-чаралар планын өз убагында аткарууну жана Мамлекеттик программанын индикаторлоруна жетишүүнү камсыз кылсын; 2) региондорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктеринин аймагында Мамлекеттик программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашырууга көмөк жана методологиялык колдоо көрсөтсүн.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2025–2030-жылдар мезгилинде адистештирүүгө ылайык өнүктүрүүнүн региондук, аймактык программаларын жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын кабыл алсын.
- Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
- Ушул токтомдо көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев