КР Министрлер Кабинетинин токтому 07.04.2025-ж. №183

Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартибин бекитүү жөнүндө 


Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жеке мобилдүүлүк каражаттарын эксплуатациялоо менен байланышкан юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын. 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                        А.А. Касымалиев