Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1.Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жарандарга маалыматтарды (маалымкаттарды, билдирүүлөрдү) кагаз жүзүндө берүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) 2025-жылдын 14-апрелинен тартып (Бишкек жана Ош шаарлары үчүн) жана 2025-жылдын 1-майынан тартып (Кыргыз Республикасынын бардык облустары үчүн) 50 жаш жана андан жогору курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурларды кошпогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүүнү токтотсун;
2)2025-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө (маалыматтык системалар даяр эмес болгон учурларды кошпогондо) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ЭВӨС) аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), ошондой эле кагаз түрүндөгү маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылууну токтотсун;
3) 2025-жылдын 1-июнуна чейин документтерди жана/же алардын көчүрмөлөрүн, ошондой эле “Түндүк” ЭВӨС аркылуу алууга мүмкүн болгон маалыматтарды кагаз түрүндө талап кылууну алып салуу бөлүгүндө бардык ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирсин, жыйынтыгы боюнча жасалган иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтуна берсин;
4) электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча
иш-чаралардын 2025-жылдын 1-октябрына чейин ишке ашыруунун акыркы мөөнөтү менен бекитилген планын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтуна берүүгө тийиш;
5) тараптардын өз ара аракеттенүүсү боюнча макулдашылган мөөнөттө сервистерге жеткиликтүүлүктү уюштурсун жана берсин жана “Түндүк” ЭВӨСтүн башка катышуучусу менен алынуучу/берилүүчү маалыматтардын тизмесин көрсөтүү менен тейлөө деңгээли (Service Level Agreement, SLA) жөнүндө макулдашуу түзсүн;
6) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тиешелүү маалыматтарды алуу зарылдыгы жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн;
7) “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тийиштүү маалыматтарды алуу боюнча жарандарга жеринде консультациялык жана практикалык жардам көрсөтсүн.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму (“Электрондук нотариат” МТ) тарабынан берилген кагаз түрүндөгү төмөнкү нотариалдык документтерди жеке жактардан талап кылууну токтотсун:
1) автотранспорт каражаттарын тескөөгө жана башкарууга ишеним кат;
2) паспортту даярдоого жана алууга ишеним кат;
3) жарандыкты алууга жана андан баш тартууга ишеним кат;
4) жашаган жери же турган жери боюнча каттоо эсебине макулдук берүү;
5) юридикалык жакты каттоого ишеним кат;
6) бажы органдарындагы өкүлчүлүккө ишеним кат.
3. Бул тескеменин сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев