Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы болуп.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 72-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
– жогоруда аталган Жобонун 1–5-тиркемелери «өнүктүрүү» деген сөздөн кийин «жана инновациялык технологиялар» деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4, 5-пункттар «өнүктүрүү» деген сөздөн кийин «жана инновациялык технологиялар» деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы менен макулдашылган иш кагаздарын жүргүзүү боюнча колдонмолорду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасында катттоону камсыз кылсын.».
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 13-пункт «өнүктүрүү» деген сөздөн кийин «жана инновациялык технологиялар» деген сөздөр менен толукталсын;
– эскертүүнүн 1-пунктунун 2-пунктчасынын сегизинчи абзацы «өнүктүрүү» деген сөздөн кийин «жана инновациялык технологиялар» деген сөздөр менен толукталсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 1–4-пунктчалары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомунун 10-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 «Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 515 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 376 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 «Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 550 «Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ишине тиешелүү болгон айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 583 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы № 36 «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 175 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
7. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын, тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев