Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1)Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) cоциалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;
3) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлери 3-тиркемеге ылайык;
4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого келишим 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун “Теӊир-Тоо” өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен аталган фонддордун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бир айлык мөөнөттө аталган өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев