КР Министрлер Кабинетинин 01.07.2025-ж., № 385 токтому

Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө

Айрым товардык топтордун өндүрүшүн жана импортун контролдоону камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2025-жылдын 15-июлунан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суу эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш;

2) 2026-жылдын 1-февралынан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суунун эсептик-контролдук марка менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын (базалык) тизмесинде:

18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

18

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Кызматтык күбөлүк

Ведомстволук сыйлыктардын бланктары

Акциздик жыйымдын маркалары

Эсептик-контролдук маркалар

”.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме (1).docx

Жобо.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                 А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу