КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 “Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 “Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

 - 8-10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “8. Туруктуу негизде иштеген Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен төмөнкүлөрдүн бирден өкүлдөрү кирет:

 - Конкурсту уюштуруучунун (Комиссиянын төрагасы);

 - жаратылыш ресурстарын коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган);

 - экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;

 - “Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемесинин;

 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;

 - аңчылыкты пайдалануучулар ассоциациясынын;

 - экологиялык өкмөттүк эмес уюмдун (мындан ары - ӨЭУ);

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча);

 - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча).

 Комиссиянын курамына Комиссиянын ишине (добуш берүү укугу жок) катышуучу катчы да кирет.

 Комиссиянын жыйынына зарылдыгына жараша конкурс өткөрүү маселелери боюнча консультация берүү жана конкурстун катышуучуларынын сунуштарын талкуулоо үчүн Конкурсту уюштуруучунун коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча кызматкери жана конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участокторунун жайгашуусуна ылайык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү добуш берүү укугу жок чакырылат.

 Конкурска катышып жаткан Комиссиянын мүчөлөрү (конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагы боюнча) алардын аймактарына кирген мергенчилик жерлердин участокторун камтыган лоттор боюнча гана чечим кабыл алышат (балл коюу, добуш берүү).

 9. Комиссиянын төрагасы жок болгондо анын милдетин Комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын биринчи жыйынында шайланат жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен бекитилет.

 Комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болуп саналат жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен дайындалат.

 Комиссиянын курамына кирген бардык адамдар, ошондой эле Комиссиянын катчысы жана Комиссиянын ишине чакырылган адамдар Комиссиянын ишинин купуялуулугун сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат.

 10. Конкурсту уюштуруучу конкурс жарыяланганга чейин 60 календардык күндөн кечиктирбей өзүнүн расмий сайтына жана массалык маалымат каражаттарына (мындан ары - ММК) аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан жана ӨЭУдан Комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандырууну жарыялайт, ал эми ушул Жобонун 8-пунктунда аталган башка уюмдардан (органдардан) Комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди сунуштоо жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө суратат.

 Талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандыруу ММКга жарыяланган күндөн тартып талапкерлерди каттоо башталат жана 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.

 Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин 15 календардык күндүн ичинде аларды тандоо иштери жүргүзүлөт.

 Аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан Комиссиянын курамына талапкерди тандоодо аңчылык, биология жана экология чөйрөсүндө зоологиялык багытындагы билими бар жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө беш жылдан ашык иштеген талапкерге жана каралып жаткан ассоциацияда ушул эле ассоциациянын мүчөлөрүнүн биринин түзүмдүк, аймактык же ведомствонун карамагындагы бөлүмдөрү болуп саналбаган аны түзүүчү юридикалык жактардын көбүрөөк санда болушуна артыкчылык берилет.

 ӨЭУдан Комиссиянын курамына талапкерди тандоодо талапкер аңчылык, биология жана экология чөйрөсүндө зоологиялык багытындагы билимге жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажына ээ болууга тийиш, мында көп жылдык иш тажрыйбасы бар адиске артыкчылык берилет.

 Аңчылыкты пайдалануучулар ассоциацияларынан жана ӨЭУдан талапкерди Конкурсту уюштуруучунун коомдук кеңеши тандайт.

 Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн башка уюмдардын (органдардын) талапкерлери тиешелүү уюмдардын (органдардын) иш чөйрөсүндө беш жылдан ашык иш стажына ээ болууга тийиш.

Комиссиянын курамы Ассоциациядан жана ӨЭУдан, ошондой эле ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык уюмдардан (органдардан) тандалган талапкерлердин ичинен түзүлөт жана Конкурсту уюштуруучунун буйругу менен бекитилет.”.

 - 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Комиссиянын мүчөлөрүнүн кворуму болбогон учурда конкурсту өткөрүү кийинки айга кулактандырууда көрсөтүлгөндөй эле датага жана убакытка жылдырылат.

 Эгерде бул күн майрам же дем алыш күнгө туура келсе, анда конкурс кийинки жумуш күнү кулактандырууда көрсөтүлгөндөй эле убакытта өткөрүлөт.”;

 - 16-пунктунда:

 үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “ -  конкурска Катышуучунун - аңчылык жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун алууга талапкер юридикалык жактын аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү үзгүлтүксүз (акыркы) ишинин узактыгы жөнүндө маалыматтар;”;

 бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участогунда Катышуучунун менчигиндеги аңчылык кордондун/үйдүн/базанын (аталыштарын көрсөтүү менен) жана аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн башка мергенчилик жерлердин участокторунда иштетилбеген башка материалдык-техникалык каражаттардын болушу жөнүндө маалыматтар.”.

 - 23-пунктунун биринчи абзацындагы “массалык маалымат каражаттарына (мындан ары - ММК)” деген сөздөр “ММКга” деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

 - 32-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “Эгерде кайсы бир Комиссия мүчөсү Катышуучунун жакын тууганы же уюштуруучусу, ошондой эле Катышуучу Комиссиянын ушул мүчөсү анын өкүлү болуп саналган ассоциациянын мүчөсү болсо, анда Комиссиянын бул мүчөсү Катышуучу талапкер болгон лоттор боюнча конкурстук документтерди жана кошумча маалыматтарды кароого катышпайт.”.

- 38 жана 39-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “38. Катышуучунун конкурстук документтеринин мазмуну жана комплекттүүлүгү ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык баллдык система боюнча бааланат, мында балл төмөнкүлөр үчүн белгиленет:

 1) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин участогунда (иштин 15 жылдык мезгилине жараша) мергенчилик чарбаны өнүктүрүүнүн бизнес-планынын долбоорунун (бизнес-долбоор) мазмуну    7 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:

 а) мергенчилик чарбаны өнүктүрүүнүн максаттары, жапайы жаныбарларды жана алар жашаган жерлерди коргоо жана сактоо, ушул мезгилдин ичинде жапайы жаныбарлардын мониторинги жана аларды олжолоо маселелери илимий органдын корутундусу (күбөлөндүрүүсү) менен болсо - 3,5 баллга чейин, эгерде илимий органдын корутундусу (күбөлөндүрүүсү) болбосо - 0,5 балл;

 б) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарын абаттоо (аңчылык лагерлеринин, калыбына келтирүүчү участоктордун ж.б. жайгашуу схемалары), аңчылык кордондун/үйдүн/ базанын сүрөттөлүшү, анын ичинде:

 жеңил конструкциядан куруу менен пландалган - 1,5 баллга чейин;

 же капиталдык курулуш менен пландалган - 3,5 баллга чейин;

 же курулган жеңил конструкцияларын ижарага алуу режиминде пландалган курулмалар - 0,5 баллга чейин;

 же капиталдык курулушту ижарага алуу режиминде пландалган курулмалар - 1 баллга чейин.

 Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуунун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү курулмаларды эки жылга чейинки мөөнөткө гана ижарага алуу режиминде аларды пайдалануу планын эске алат. Курулмаларды эки жылдан ашык мезгилге ижарага алуу жолу менен пайдаланууну пландаган Катышуучуга балл коюлбайт, себеби коргоо жана кайра калыбына келтирүүчү иш-чараларын жүргүзүү үчүн ижарага алынган курулмаларды узак убакытка же пландалган мергенчилик чарба ишинин бардык мезгилине пайдалануу максатка ылайыксыз.

 2) конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарында аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку иштин узактыгы жана сапаты 8 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:

 а) Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин милдеттенмелерин бузбастан, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку үзгүлтүксүз жана узакка созулган иш, анын ичинде: 5 жылга чейин (бирок 2 жылдан кем эмес) - 0,5 балл, 5 жылдан      15 жылга чейин - 1,0 балл, 15 жылдан 25 жылга чейин -1,5 балл, 25 жылдан 35 жылга чейин - 2,0 балл, 35 жылдан ашык - 3,0 балл;

 б) аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү мындан мурунку иштин сапаты, анын ичинде: 5 жылга чейин (бирок 2 жылдан кем эмес) - 0,5 балл, 5 жылдан 15 жылга чейин - 1,5 балл, 15 жылдан 25 жылга чейин - 2,5 балл, 25 жылдан ашык - 3,5 балл;

 в) чарба ичиндеги мергенчилик чарба ишинин орун алышы -  1,5 балл.

 Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуунун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймактарында мындан мурунку мезгилдеги иштин узактыгын, сапатын жана келишимдин бүтүндөй колдонуу мөөнөтүндө мыйзамды бузуу фактыларынын жоктугун эске алышат.

 3) Катышуучуда кеминде 1 жыл иштеген, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө атайын билими бар адистердин болушу        3 баллга чейин төмөнкүдөй критерийлер боюнча бааланат:

 Катышуучуда атайын билими бар (аңчылык боюнча адис, зоология багытындагы биолог жана эколог) жана/же аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндө үзгүлтүксүз иштешин далилдеген документи менен (эмгек китепчесинин, патентти тиркөө менен контрактын же келишимдин көчүрмөсү) иштеген адис жөнүндө маалымат төмөнкүдөй параметрлер боюнча бааланат: үзгүлтүксүз 1 жылдан 3 жылга чейин - 1 балл, үзгүлтүксүз 3 жылдан 8 жылга чейин - 2 балл, үзгүлтүксүз 8 жылдан ашык - 3 балл;

 4) Катышуучуда аңчылык ресурстарын жыл бою кайтаруу үчүн аңчылык кордондун/үйдүн/базанын же жана башка материалдык-техникалык каражаттардын болушу 10 баллга чейин төмөнкүдөй көрсөткүчтөр (критерийлер) боюнча бааланат:

 а) ушул Катышуучу талапкер болгон, конкурска коюлуп жаткан мергенчилик жерлердин аймагында комплекти менен курулган (егерь үчүн үй, 4төн кем эмес аңчыларды тосуу жана жайгаштыруу үчүн үй, ашкана, кампалар, мончо ж.б.) мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастоочу документтери (техникалык паспорту жана тиешелүү документтери, Катышуучунун атына жер участогун колдонуу укугунун актысы) менен Катышуучунун менчигиндеги аңчылык кордондун/үйдүн/базанын болушу, анын ичинде төмөнкүдөй курулгандар:

 жеңил конструкцияларды колдонуу менен (вагон-үйлөр, контейнерлер, ж.б.) - 3 балл;

 капиталдык курулуш менен курулган - 5 балл;

 б) мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ырастоочу документтери (паспорту) менен Катышуучуга катталган 5тен ашык жылкы - 1 балл;

 в) мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ырастоочу документтери (ТКны каттоо жөнүндө күбөлүк) менен Катышуучуга катталган бузуксуз материалдык-техникалык каражаттардын - жол тандабас автомашиналардын (мындан ары -ТК) болушу, анын ичинде:

 ТКнын 1 бирдиги - 1балл, ТКнын 2 жана 3 бирдиги - 2 балл, ТКнын 4 жана 5 бирдиги -3 балл, жана ТКнын 6 жана андан ашык бирдиги - 4 балл;

 документ менен ырасталып, ижарага алынган ТКнын 3 жана андан ашык бирдиги - 1 балл.

 Конкурстун катышуучусунун конкурстук документациясын кароонун жана баалоонун протоколун толтурууда Комиссиянын мүчөлөрү көрсөткүчтөрдүн бирин - курулуш конструкцияларын (капиталдык курулуштар же жеңил конструкциялар), ошондой эле транспорт каражаттарын (Катышуучунун атына катталган же ижарага алынган ТК) эске алышат.

 39. Катышуучулардын конкурстук документтеринин мазмунун жана комплекттүүлүгүн Комиссиянын ар бир мүчөсү Конкурсту уюштуруучу бекиткен формада Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуу жана баалоо боюнча комиссиянын протоколун толтуруу менен баалайт.

 Катчы Комиссиянын ар бир мүчөсүнөн алган Катышуучулардын баллын Катышуучунун конкурстук документтерин карап чыгуу жана баалоо протоколуна ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча киргизет.”;

 - 44-пунктунун экинчи абзацындагы “аңчылык жана мергенчилик чарба маселелери жүргүзгөн Конкурсту уюштуруучунун ведомстволук бөлүкчөсүнүн карамагында болот (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу органдын карамагында болот” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                   C.Ж. Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу