Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы No 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7 040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары минималдуу базалык ставканын өлчөмүн (7 040 сом) кызматтык маяналарга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет;
3) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине ай сайын бир ставкага төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт:
а) административдик-башкаруу персоналына, негизги жана көмөкчү персоналга – 15 000 сом өлчөмүндө;
б) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга – 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөмдөргө камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбейт, ошондой эле алар өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана
иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана иш жүзүндө иштеген убакытка (иш сапарлар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген күндөр эсептелбейт) бир ставкага төлөнөт;
4) республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылануучу кызматкерлердин кызматтык маяналарына шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилеши мүмкүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2–9-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 10-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 11–12-тиркемелерге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар 14–15-тиркемелерге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин типтүү штаттары 16–22-тиркемелерге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Келечек» майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борбору» мекемесинин штаттык саны 23-тиркемеге ылайык.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын;
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын
калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы No 59 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы No 278 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемесинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги No 174 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы No 551 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы No 469 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-январындагы No 15 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы No 192 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы No 184 «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев