КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 167 токтому

“Таза Коом” долбоорун ишке ашыруунун алкагында процесстерди жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу боюнча айрым маселелер жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы процесстерди жана маалыматтык технологияларды андан ары автоматташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

    1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруунун алкагында процесстерди жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу маселелерин координациялоо боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды тапшыруу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (санариптик өнүктүрүү боюнча) кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун 6-тиркемесине ылайык киргизилсин.

      2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

    - 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“- “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (санариптик өнүктүрүү боюнча) кызмат орду киргизилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси, ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык.”;

     - 5-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

   “Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарынын чектик саны ушул токтомдун 6-тиркемесин эсепке албастан көрсөтүлгөн.”;

   - жогоруда аталган токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын.

    3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте эки айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын (санариптик өнүктүрүү боюнча) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү жаңы тенденциялар боюнча квалификациясын жогорулатууну уюштуруу чараларын көрсүн.

    4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык сандарынын алкагында жана алар үчүн 2018-жылга жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чектеринде төлөнө тургандыгы белгиленсин.

     5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары бир айлык мөөнөттө:

     - мамлекеттик органдар жөнүндөгү жоболорго ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизишсин;

     - өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

      - ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

     6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

        7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  С.Ж.Исаков