Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускамада:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык реквизиттер.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгили: мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде түзөтүлүүгө жана кайра каралып чыгууга тийиш. Стандартта ошондой эле аны кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн.»
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары: имарат-жайларга коюлуучу талаптарды баяндоо, эркектердин жана аялдардын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен келүүчүлөр үчүн кандай шарттар (гардероб, ажаткана, отуруу үчүн орундуктардын болушу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн ыңгайлуулуктар, кезекти түзүү ыкмасы: электрондук, кезекке туруу, жазылуу) кепилдикке алынат.
Келүүчүлөр менен пикир алышуу: стандарт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдердин кызматкерлер тарабынан аткарылышына көрсөтмөнү камтышы керек.
Керектөөчүлөрдүн өзгөчө категорияларына (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашы жете электерге, кары-картаңдарга ж.б.) кызматтар көрсөтүлгөн учурда стандарт алар менен сүйлөшүү ыкмасы боюнча талапты камтышы керек.
Атайын муктаждыгы бар кардарларга, мисалы, мүнөзү оор жеткинчектерге же начар уккандарга, пенсионерлерге кызмат көрсөтүүдө мындай муктаждыктар кандайча эске алынаары көрсөтүлөт. Мисалы, жеткинчектер психологиясы боюнча адис болот же бардык кызматкерлер начар уккан адамдар менен сүйлөшүү ыкмасына үйрөтүлөт.
Кызмат көрсөтүү электрондук форматта да берилиши мүмкүн (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын электрондук форматка которууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган онлайн интерактивдүүлүктүн стадиясы көрсөтүлөт).»;
- 13-пункттун экинчи - төртүнчү абзацтары «кызмат көрсөтүүнүн» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде электрондук форматта» деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«14. Көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө маалымат берүү:
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жарандарга маалымат берүүнүн толуктугу жана көлөмү төмөнкү тизмеге жооп бериши керек:
- кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдардын жайгашкан орду, алардын иш графиги, керектөөчү тигил же бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө бардык керектүү маалыматты ала турган тигил же бул кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу милдеттүү түрдөгү маалыматты кошкондо, келүүчүлөрдү кабыл алуу жол-жоболору (телефон аркылуу алдын-ала жазылуу, кайрылуу күнүндө кабыл алуу, жандуу кезекке туруу, электрондук кезек ж.б.) жөнүндө маалымат;
- кызмат көрсөтүүнү алуу ыкмасы жөнүндө маалымат берүү: кайрылуу ыкмаларына жараша көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө жарандарга маалымат берүүнүн бардык мүмкүн болгон ыкмаларын атоо:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки (телефон менен, жеке өзү жолукканда);
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында;
- факсимиле, электрондук (сайтта «суроо-жооптор»);
- маалыматтык стенддер, брошюралар;
- бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр);
- акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу жолу менен);
- кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу жөнүндө маалымат;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартынын бардыгы жана алар менен таанышуу ыкмасы жөнүндө маалымат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же атоо):
- жалпыга маалымдоо каражаттары;
- Интернет (электрондук сайттын дарегин көрсөтүү);
- стенддер;
- телефон аркылуу (тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын веб-сайтында көрсөтүлгөн);
- буклеттер (брошюралар) ж.б. алгылыктуу ыкмалар.
Стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызмат көрсөткөн бардык ыйгарым укуктуу органдарга маалыматтын жеткиликтүү болушун камсыздоо үчүн бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен маалыматты жайылтууну камсыз кылууга милдеттүү.
Жогоруда аталган маалыматты бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде берүү кепилдикке алынат.
Жайгаштырылган маалыматтар актуалдуу абалда кармалып жана өз убагында жаңыртылып турушу керек.»;
- 15 жана 16-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункттагы:
экинчи абзац «веб-сайт аркылуу электрондук форматта» деген сөздөрдөн кийин «жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына» деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, алардын стандарттары жөнүндө маалымат акысыз болуп эсептелет жана кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын сайтына, ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (зарыл болсо - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме) жарыяланат. Стандартта милдеттүү түрдө электрондук сайттын аталышы (зарыл болсо - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына шилтеме) жана керектүү документтердин жана/же кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси жана 18 жана 19-пункттарда көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын наркы берилет;»;
- 211-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 22-пункттун биринчи абзацындагы «көрсөтүүдөн баш тартуу» деген сөздөр «көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
«24. Кызмат көрсөтүү жол-жобосун аныктоочу талаптардын кыскача топтомун сүрөттөө: төмөнкүлөр көрсөтүлсүн:
- кызмат көрсөтүүнү аткаруучу (кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик, муниципалдык органдын же ведомстволук мекеменин аталышын көрсөтүү);
- кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун иш графиги;
- кызмат көрсөтүүнүн формасы (электрондук/кагаз түрүндө);
- зарыл болгон документтердин тизмеси (кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан зарыл болгон документтердин толук тизмесин көрсөтүү);
- кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү;
- кызмат көрсөтүүнүн акылуулугу/акысыздыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы;
- даттануу тартиби.».
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка которууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдиктүү ыкманы колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча колдонмону эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жана транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков