КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №21 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:

- 7 жана 8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Премьер-министр Өкмөттү жетектейт, ишин камсыз кылат жана уюштурат, Өкмөттүн жыйындарын башкарат, Өкмөт мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берет, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Өкмөттүн чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча иштерин контролдойт жана жасалган иштери жөнүндө отчетторун сурайт жана угат.

8. Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурат, алардын аткарылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын системалуу контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун жоюу боюнча чараларды көрөт.";

- 9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун," деген сөздөр алып салынсын;

- 12-пунктунда:

экинчи абзацындагы "Министрлердин" деген сөз "Статс-катчылардын, министрлердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацы "алардын орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын статс-катчылары" деген сөздөр менен толукталсын;

бешинчи абзацы "алардын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын статс-катчыларынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 17-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өкмөттүн кезексиз жыйындарын өткөрүү, ошондой эле Өкмөттүн кезектеги жыйындарында кошумча (пландан тышкаркы) маселелерди кароо ушул Регламенттин 33 - 33-11-пункттарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.";

- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору Өкмөттүн Аппараты тарабынан жыйынга чейин 5 күн мурда түзүлөт жана тийиштүү материалдар менен Премьер-министрге берилет.

Премьер-министр жактырган жыйындын күн тартибинин жана тийиштүү материалдарынын долбоорлору Өкмөт мүчөлөрүнө жана жыйындын калган катышуучуларына жыйын өткөрүлө турган датага чейин 1 күндөн кечиктирбестен электрондук почта аркылуу жиберилет.

Өкмөттүн жыйынынын күн тартиби түздөн-түз жыйында бекитилет.";

- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"33. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.

Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселени киргизүү жөнүндө чечим жыйын өткөрүлө турган датага чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынган учурда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган 3 календардык күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкүлөрдү киргизет:

- мамлекеттик органдын коштоочу катын;

- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле иштеп чыгуучу органдын юридикалык кызматынын жетекчиси фамилиясын, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен виза койгон чечимдин долбоорун;

- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;

- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен сын-пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана эгер чечимдин долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашылган болсо, анда долбоордун сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;

- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүү укуктарын, милдеттерин жана талаптарын белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган болсо, анда жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык катты;

- электрондук алып жүрүүчүнү.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 33-1 - 33-11-пункттары менен толукталсын:

"33-1. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча ыкчам жана кийинкиге калтырбастан кабыл алууну талап кылган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун ыкчам кароо үчүн Өкмөттүн кезексиз (ыкчам) жыйындары (мындан ары - Өкмөттүн жыйыны) өткөрүлүшү мүмкүн.

Кийинкиге калтырбастан чечүүнү талап кылган учурлар болуп Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын жана табигый катаклизмдердин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу, улуттук коопсуздук жана эл аралык кызматташтык менен байланышкан маселелер, ошондой эле Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмалары менен аныкталуучу маселелер саналат.

33-2. Өкмөттүн жыйынында каралууга пландаштырылган Өкмөттүн чечиминин долбоору иштеп чыгуучу орган тарабынан коомдук талкуулоо, жөнгө салуучу таасирди талдоо (зарыл болгон учурда) жол-жобосун өткөрүү шарттарын сактоо менен Премьер-министрдин кароосуна коштоочу кат менен киргизилет.

33-3. Чечимдин долбоору келип түшкөн күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн Аппараты чечимдин долбоорун Өкмөттүн жыйынында кароонун максатка ылайыктуулугу, актуалдуулугу жана шашылыштыгы боюнча Премьер-министр, маселени тейлеген вице-премьер-министр менен макулдашууну уюштурат.

33-4. Долбоор боюнча оң чечим кабыл алынган учурда Өкмөттүн Аппараты ушул чечимдин долбоору боюнча позициясын билдирүү үчүн иштеп чыгуучу органдын электрондук дарегин көрсөтүү менен Өкмөттүн чечиминин долбоору иш чөйрөсүн козгогон министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга чечимдин долбоорун кийинкиге калтырбастан жиберүүнү камсыз кылат.

Мында чечимдин долбоору иш чөйрөсүн козгогон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын тизмеси иштеп чыгуучу орган тарабынан долбоордун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлөт.

33-5. Чечимдин долбоору иш чөйрөсүн козгогон министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик органдар жана уюмдар чечимдин долбоорун алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен чечимдин долбоору боюнча өзүнүн позициясын иштеп чыгуучу органдын дарегине (электрондук дарегине) жиберет.

33-6. Иштеп чыгуучу орган мамлекеттик органдардан тиешелүү корутундуларды алган күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен ушул Регламенттин 33-5-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттөрдө алардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин негизинде долбоорду жеткире иштеп чыгууну камсыздайт жана аны төмөнкүдөй документтер менен Өкмөттүн Аппаратына киргизет:

- мамлекеттик органдын коштоочу каты;

- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам, ошондой эле иштеп чыгуучу органдын юридикалык кызматынын жетекчиси фамилиясын, инициалдарын жана датасын көрсөтүү менен виза койгон чечимдин долбоору;

- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын милдетин аткаруучу адамдын колу коюлган чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкат;

- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен сын-пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана долбоордун сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;

- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүү укуктарын, милдеттерин жана талаптарын белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган болсо, анда жөнгө салуучу таасирин талдоонун негизинде даярдалган аналитикалык кат;

- электрондук алып жүрүүчү.

33-7. Өкмөттүн чечиминин киргизилип жаткан долбоорунун (мамлекеттик жана расмий тилдерде) сапаты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик ушул чечимдин долбоорун Өкмөттүн Аппаратына киргизген иштеп чыгуучу органдын жетекчисине же анын орун басарына жүктөлөт.

33-8. Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн жыйынын өткөрүү датасына чейин 1 күндөн кечиктирбестен чечимдин долбоору иш чөйрөсүн козгогон министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт, ошол эле учурда Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоорун жөнөтөт.

33-9. Өкмөттүн жыйынында иштеп чыгуучу органдын жетекчиси каралып жаткан чечимдин долбоорун кабыл алынуунун натыйжасында аткарылуучу максаттар жана милдеттер жөнүндө, долбоорго карата айтылган сын-пикирлер жана сунуштар ж.б. жөнүндө маалыматы менен чыгып сүйлөйт.

Чечимдин долбоорлорун талкуулоодо жарыш сөзгө мамлекеттик органдардын жана уюмдардын чакырылган жетекчилери чыгып сүйлөшү мүмкүн.

33-10. Чечимдердин долбоорлорун макулдашууда Өкмөттүн жыйынында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча:

- сын-пикирсиз жана сунушсуз - 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү долбоорду тийиштүү бланкта тариздейт жана Премьер-министрге кол коюуга киргизет;

- сын-пикирлер жана сунуштар менен - 1 жумушчу күндүн ичинде иштеп чыгуучу орган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгат жана Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө киргизет, өз учурунда ал 2 жумушчу күндүн ичинде долбоорду тиешелүү бланкта тариздейт жана Премьер-министрге кол коюуга киргизет.

Чечимдин долбооруна лингвистикалык экспертиза (редакциялоо жана которуу) шашылыш тартипте жүргүзүлөт.

33-11. Өкмөттүн болуп өткөн жыйынынын жыйынтыктары боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү 1 жумушчу күндүн ичинде чечимдин долбоорун кароонун жүрүшүндө айтылган сын-пикирлер менен сунуштар, анын ичинде ал боюнча кабыл алынган чечим чагылдырылган протоколдук чечимдин долбоорун даярдайт жана Өкмөттүн кезексиз (ыкчам) жыйынынын протоколунун долбоорун даярдоо үчүн Өкмөттүн жыйынын даярдоо жана өткөрүү маселелерин тейлеген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берет.";

- 41-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"41. Өкмөт актыларды токтом жана буйрук түрүндө чыгарат. Укук ченемин камтыган Өкмөттүн актылары токтом түрүндө кабыл алынат, ал калган актылар буйрук түрүндө кабыл алынат.";

- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"46. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу максатында иштелип чыгат.

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппаратынын тапшырмасы, Юстиция министрлигинин сунушу же болбосо өзүнүн демилгеси боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыгат.

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына толук шайкештиги;

- маселенин мыйзамдык жөнгө салуусунун толуктугу;

- маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо;

- карама-каршылыктардын жоктугу;

- коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун азайтуу.

Инвентаризациялоонун алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия ал жөнүндө жободо аныкталган тартипте кароого тийиш жана алар жактырылган учурда ушул Регламентте аныкталган тартипте макулдашылууга тийиш.";

- 47-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле алардын чечимдердин долбоорлорун Өкмөткө киргизүү үчүн жооптуу орун басарлары долбоордун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык болушу үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык эмес чечимдердин долбоорлору Өкмөткө киргизилген учурда мамлекеттик органдын жетекчисине же бул чечимдин долбоорун Өкмөткө киргизген орун басарына тартиптик таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүн.";

- 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"49. Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыгат, Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлору ченем чыгаруу техникасынын эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат.";

- 51-пунктунда:

расмий тилдеги текстинин сегизинчи абзацындагы "тогу'з" деген сөз "он" деген сөз менен алмаштырылсын;

он экинчи жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52. Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органынын жетекчиси өргүүгө, ооруга, командировкага, кызматтан бошотулганына же кызматтык териштирүү же тергөө жүргүзүүгө байланыштуу кызматтан четтетилгенине байланыштуу жок болгон учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин милдетин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен макулдашылат.

Мындай учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлоруна макулдук берүү мамлекеттик органдын позициясы болуп эсептелет жана Өкмөттүн мүчөсүнүн макулдугу катары эсептелбейт.";

- 55-пунктунда "үч" деген сөз "төрт" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 56-пунктунда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Актылардын долбоорлорунун тексттери 14-өлчөмдөгү "Times New roman" шрифти менен 1 интервал аркылуу басылууга тийиш. Эки бетти бир баракка батырып копиялоо жолу менен барактардын көлөмүн кичирейткенде шрифттин өлчөмү 16-болууга тийиш.";

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Актылардын долбоорлорун макулдашуучу органдарда актылардын долбоорлорунун жана коштоочу документтердин пакетинин электрондук версияларын пайдаланып макулдашууга жол берилет, аларды иштеп чыгуучу орган өзүнүн расмий сайтына жарыялоого тийиш. Мында Юстиция министрлигине актылардын толук иштелип чыккан долбоорлору жана коштоочу документтер басма түрүндө жиберилет.";

- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"59. Чечимдердин долбоорлорун макулдашууда макулдашуучу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чегинде корутунду беришет.

Юстиция министрлиги экологиялык экспертизаны кошпогондо "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн экспертизалардын атайын түрлөрүн жасайт жана алардын жыйынтыгы боюнча корутунду берет, корутундуда ал экспертизалардын жыйынтыктары айтылат, анын ичинде долбоорго төмөнкүлөр боюнча баа берилет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына толук шайкештиги;

- маселенин мыйзамдык жөнгө салуусунун толуктугу;

- карама-каршылыктардын жана коллизиялардын бар же жоктугу;

- коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун азайтуу;

- ченем чыгаруу техникасынын эрежесинин сакталгандыгы;

- долбоордо коррупциягендүү факторлордун бар же жоктугу;

- коомдук талкуу өткөрүүнүн зарылдыгы;

- анын баардык тийиштүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашылгандыгы;

- аталган чечимден келип чыгуучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминин толук аткарылгандыгы.

Финансы министрлиги тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун мамлекеттик бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор үчүн финансылык натыйжаларына, ошондой эле каржылоо булактарынын бар экендигине жана финансылык каражатты бөлүүнүн сунушталып жаткан механизмдеринин мыйзамга шайкештигине, анын ичинде бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүүгө (төлөө мөөнөтүн узартууга) баалоо жүргүзөт.

Экономика министрлиги тийиштүү чечимдердин өлкөнү өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө тийгизүүчү таасирине жана алардын ишкердик субъекттери үчүн натыйжаларына баалоо жүргүзөт, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоого (ЖСТ) экспертиза жасайт.

Башка мамлекеттик органдар долбоорго анын тармактык мыйзамдарга, мамилелердин тийиштүү чөйрөсүндө даярдалып жана ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясатка, ошондой эле кабыл алынган программаларга ылайыктыгы жагынан баалоо жүргүзүшөт.

Чечимди кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашылып жаткан мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин берүүгө тийиш:

1) чечимдин долбооруна сунуш-пикирлерсиз макулдук берилди (макулдашуу барагындагы жетекчинин визасы);

2) чечимдин долбооруна дооматтарды жойгон шартта макулдук берилет. Мында макулдук берүүчү мамлекеттик органдын коштоочу катында (корутундусунда) долбоорго карата пикирлер менен сунуштар жана аларды жоюу жана эске алуу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;

3) долбоорго макулдук берүүдөн баш тартылат. Макулдашуу барагына кол коюлбайт, ал эми макулдук берүүчү мамлекеттик органдын коштоочу катында (корутундусунда) актынын долбооруна макулдук берүүдөн баш тартуунун себептери түшүндүрүлөт.";

- 61-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 62-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлбайт.";

- 64-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"64. Актылардын долбоорлору Юстиция министрлигине ушул Регламенттин 51-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар менен макулдашылгандан кийин гана (Өкмөттүн Аппараты жиберген чечимдердин долбоорлорунан башкалары), актынын долбоорунун акыркы версиясы, корутундулардын, макулдашуу барактарынын, кайчы пикирлердин матрицасынын (эгер болсо), негиздеме-маалымкаттын, салыштырма жана жыйынтыктоочу таблицалардын копиялары тиркелип жиберилет.

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда Юстиция министрлиги керектүү документтер берилгенге чейин актылардын долбоорлорунун мазмунун кароону токтотуп турат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 64-1-пункт менен толукталсын:

"64-1. Мамлекеттик бюджеттен финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган же мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келүүчү актылардын долбоорлору Финансы министрлигине финансы-экономикалык эсептөөлөр менен кошо берилет.

Финансы-экономикалык эсептөөлөр берилбеген учурда Финансы министрлиги корутунду берүүдөн баш тартууга укуктуу.";

- 68-пунктунда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"68. Өкмөттүн буйругунун долбоору ушул Регламенттин шарттарын сактоо менен даярдалат.";

үчүнчү абзацындагы "он" деген сөз "тогуз" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 69-пунктунда:

төртүнчү абзацынын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "ченемдик укуктук акты" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Өкмөттүн чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

сегизинчи абзацындагы "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "Өкмөттүн чечимдеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацындагы "ченемдик укуктук актыга" деген сөздөр "актыга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жыйырманчы абзацындагы "ченемдик укуктук актыларды" деген сөздөр "актыларды" деген сөз менен алмаштырылсын;

жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Өкмөттүн Аппаратына ушул абзацтын талаптарын бузуу менен киргизилген актылардын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына киргизилүүчү актылардын долбоорлоруна коюлуучу талаптарды аткаруу маселеси компетенциясына кирген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайра артка жиберилет.";

жыйырма төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Актынын долбоорунун тексти машинкада басылган он беттен ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрлөрүн басууга жол берилет.";

- 75-пункту "башка мамлекеттик органдардын жетекчилери" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле алардын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын;

- 80-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринен келип чыгуучу актылардын долбоорлорун аларды иштеп чыккан органдарга зарыл эместигине байланыштуу кайра артка жиберүүгө болбойт.";

- 82-пунктунда:

биринчи абзацындагы "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "актылардын" деген сөз менен алмаштырылсын;

экинчи абзацындагы "ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр "актынын" деген сөз менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацындагы "ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр "актынын" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 91-пунктунда:

"а" пунктчасынын биринчи абзацындагы "министрликтин жана ведомствонун" деген сөздөр "министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана ведомствонун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"б" пунктчасындагы "же жаңы редакциясы сунушталган" деген сөздөр алып салынсын;

"е" пунктчасындагы "министрликтердин жана ведомстволордун" деген сөздөр министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 92-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өкмөттүн расмий өкүлүнө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште жана анын комитеттеринде сунуш кылууга, зарыл болсо мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттардын мыйзам долбоорунун текстин өзгөртүү жөнүндө сунуштарына макул болууга, Жогорку Кеңешке жана анын комитеттерине мыйзам долбоорун кароону токтото туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө ыйгарым укук берилет.";

- 106-пунктунда:

"кол коюлган дата" деген сөздөр "тапшырма аткаруучуга келген дата" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү аткаруу мөөнөтүнүн өтүү мезгилине кирбейт.";

- 107-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Актылардын долбоорлоруна экспертизанын атайын түрлөрүн жасоо талап кылынган тапшырмалар ушул Регламенттин 54-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө аткарылат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                   С.Дж.Исаков


Тиркемелер

Басып чыгаруу