Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө
Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тиркемеге ылайык тизмеге киргизилген жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнү жана нан-булочкаларды бышырууну уюштуруу боюнча чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жумшалаары белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев