КР Премьер-министринин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 714 буйругу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, 1-тиркемеге ылайык; 

- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын  30-августундагы № 593 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын. 

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков