КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 718 токтому

Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө

Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине

2017-жылдын 10-октябрынан баштап аталган кырдаал чечилгенге чейинки мезгилде мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды өткөрүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаал менен байланышкан окуялар Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттерине салыктык, бажылык, социалдык төлөмдөр жана кредиттөө маселелери боюнча колдоо көрсөтүү максатында алдын ала көрө билүүгө же болтурбоого мүмкүн эмес же болбосо алдын ала көрө билүүгө мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн эмес жагдайлар катары таанылсын.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында товарлардын жана продукциялардын кармалып туруусунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы 1-тиркемеге ылайык;

- Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

3. Комиссия:

- 2017-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын субъекттерине, анын ичинде жүк ташуучуларга келтирилген зыяндын өлчөмүн бааласын жана аныктасын;

- кырдаал чечилгенге чейин кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасында болуп өткөн окуялардын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттеринин тизмесин этабы менен бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун (тийиштүү жайларды, оргтехниканы берүү, консультация берүү үчүн телефондорду орнотуу менен ж.б.).

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Комиссия бекиткен тизмеге ылайык карыздын суммасына карата пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасы боюнча туумду эсептебестен Кыргыз Республикасынын субъекттерине 2017-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча салыктык карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын же болбосо узартсын.

6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте “Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин, мында төмөнкүлөр караштырылсын:

- ал жеткис күчтүн кесепетинен зыян тарткан ишкер субъекттерине бажы төлөмдөрүн албастан жана алты айлык мезгилге чейин мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды эсептебестен салыктык карызды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө;

- ал жеткис күчтүн кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине 2018-жылдын 1-январына карата салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө (банктык кепилдикти, күрөө жана кепилчиликти берүүсүз, мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды эсептебестен);

- Кыргыз Республикасынын субъекттерине жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 3 жылга чейин мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү.

7. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ал жеткис күчтүн кесепетинен экономикалык зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттеринин камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкциялары боюнча карыздын суммалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган мөөнөткө банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилчиликти бербестен, мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын жана/же бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 58 “Айыл чарбаны каржылоо – 5”  долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине кредиттик каражаттар башкалардан тышкары тармактар боюнча өздөштүрүлбөгөн каражаттардын эсебинен дагы биринчи кезектеги тартипте Комиссиянын чечиминин негизинде берилип турсун.

2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттери үчүн кредитти жоюу мөөнөтү негизги сумманын 24 айга чейинки жеңилдетилген мезгили менен 60 айга чейин белгиленсин.”.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 669 “Чыгарылып жаткан продукциянын сапатын жана коопсуздугун сапаттын эл аралык стандарттарын, анын ичинде тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптерине (ХАССП) негизделген тамак-аш продукциясынын коопсуздук менеджменти системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерин каржылоо” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

“17. 2017-жылы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек араларында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен зыян тарткан Кыргыз Республикасынын субъекттерине кредиттик каражаттар биринчи кезектеги тартипте Комиссиянын чечиминин негизинде берилип турсун.”.

10. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү режимин чектөөнүн Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруу үчүн максаттуу кредиттик аукциондорду өткөрүү;

- Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна Комиссия бекиткен тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын зыян тарткан субъекттеринин кредиттик карыздарына реструктуризациялоо жүргүзүү.

11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                                                                С.Ж.Исаков