КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 токтому

 Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары   башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 

1963-жылдын 24-апрелиндеги  Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары   башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                             С.Ш.Жээнбеков