КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын түзүү жөнүндө

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 «Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат (мындан ары – Кызмат) түзүлсүн.

2. Кызмат соттук-эксперттик иштер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун иштеп жаткан кызматкерлери эмгектик мамилелерин сактоо менен жаңы түзүлгөн Кызматка которулаары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы белгиленген тартипте:

- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;

- 2018-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен экспертизалардын айрым түрлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан штаттык бирдиктерди, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук соттук-медициналык экспертиза бюролорунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык-ден соолук борборунун жана Республикалык наркология борборунун эксперттик комиссияларынын тиешелүү бюджеттик каржылоолорун жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин долбоорун киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-экспертизалардын мамлекеттик борборуна каралган каражаттардын жана штаттык санынын чегинде 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматын каржылоону камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 3-пунктундагы «350» жана «142» деген цифралар тиешелүү түрдө «243» жана «35» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-3-пункт менен толукталсын:

«

27-3Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы107

анын ичинде:

- борбордук аппарат96

- аймактык бөлүктөр11

».

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 5-пунктунун алтынчы абзацы, 6-пунктунун «а» пунктчасынын он бешинчи абзацы жана «б» пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкаруу схемасында:

«Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору», «СЭМБнын Ош облустар аралык филиалы» жана СЭМБнын Балыкчы облустар аралык филиалы» позициялары алып салынсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун «б» пунктчасынын онунчу абзацындагы «Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат» деген сөздөр «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 3-пунктундагы «235» жана «25» деген цифралар тиешелүү түрдө «222» жана «12» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:

«

27-1Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат13

анын ичинде:

- борбордук аппарат11

- аймактык бөлүктөр2

».

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-октябрындагы № 577 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр 

С.Ш.Жээнбеков

ЖобоБашкаруу схемасы