КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 394 токтому

 2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын жактыруу жөнүндө  

  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын  9-июнундагы № 120 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. 2017–2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындар ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамалекеттик комитети Программаны ишке ашыруу боюнча  иш-чаралар планын бир айлык мөөнөттө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин. 

3. Программаны ишке ашыруу тийиштүү жылга республикалык бюджетте министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди жана административдик ведомстволорду каржылоого каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.     

Премьер-министр                                                                      С.Ш. Жээнбеков