КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №328 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын аймагында Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмесин актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган  чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «3. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын  2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 «Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө» Чечиминин 1.4-бөлүмүнө эскертменин 2-пунктунда каралгандан башка учурларда ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык  химиялык заттарды жана пестициддерди Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынсын.».  

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                 М.Д.Абылгазиев

тиркеме