КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 188 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын18-февралындагы №108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө”    токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлеринде:

         - 6 жана 13-главалары күчүн жоготту деп таанылсын;

         - 8-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8-глава. Кыргыз Республикасынын калкына дары каражаттары боюнча жардам көргөзүү жаатындагы ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери.

32. Калкка дары каражаттары боюнча жардам көргөзүү жаатындагы ишкердиктин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:


 

Критерийлердин аталышы

Тобокелдин факторлору

Балл

1ОбъектФармацевттик завод, өндүрүштүк цех, линия, дары каражаттарын даярдап чыгаруу укугу бар дарыкана, дарылоо-алдын алуучу уюмдун дарыканасы, дүң кампа, дарыкана, дарыкана пункту, дарыкана киоску

40

Медициналык техника дүкөнү

30

Оптика дүкөнү

10

2

Фармацевттик объектинин функционалдык арналышы,

процесстин түрү

Дары каражаттарын иштеп чыгуу, өндүрүү, дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды даярдоо; дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды ташуу, дүң сатуу, сактоо, жок кылуу


35

Дары каражаттарын чекене сатуу

30

Медициналык багыттагы буюмдарды чекене сатуу, дары каражаттарын майда чекене сатуу

20

3

Иштин масштабы/ көлөмү

 

Фармацевттик уюм (өндүрүш, дүң кампа, дарыкана) Кыргыз Республикасынын бардык аймагын тейлейт

25

Фармацевттик уюм (өндүрүш, дүң кампа, дарыкана, дарыкана пункту) облустун аймагын тейлейт

20

Фармацевттик уюм (дүң кампа, дарыкана, дарыкана киоску) шаардын/айылдын аймагын тейлейт

15

Оптика жана медициналык техникалар дүкөнү шаардын/айылдын аймагын тейлейт

10

4Объекттин тарыхы/ мыйзам бузуулардын статистикасыАдминистративдик жаза салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалган эреже бузуулар

10

Лицензия күчүн токтоткондон кийинки мөөнөт аяктаганда административдик жоопкерчиликке тартууга алып келген лицензиялык талаптардын бузулушунун четтетилбегендиги

7

Көп эреже бузуулар аныкталган, бирок алар белгиленген мөөнөттө жарым-жартылай оңдолду

5

Белгиленген мөөнөттө жоюлган анча олуттуу эмес эреже бузуулар

3

5Объектти лицензиялык талаптарды сакташы боюнча баалооОбъекттин жайларынын жана жабдууларынын курамынын, өлчөмдөрүнүн “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келбегендиги

7

6Калкка дары каражаттарын  берүү тартибин сактоо боюнча, ошондой эле улуттук контролго алына турган заттар менен иштөө эрежелерин сактоо боюнча фармацевттик уюмду баалооФармацевттик уюм баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, уулу заттарды, А тизмесиндеги дары каражаттарын камтыган дары каражаттарын өндүрөт, чыгарат, сатат

20

Фармацевттик уюм таасири күчтүү дары каражаттарын, Б тизмесиндеги дары каражаттарын өндүрөт, чыгарат, сатат

15

Рецепт менен бериле турган дары каражаттарын дарыгердин рецеби жок сатуу

10

7Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды маркалоо, таңгактооДары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды маркалоо, таңгактоо, дары каражаттарын колдонуу боюнча нускаманын, кошумча барактын болушуна карата талаптарды сактоо

7

8Дары каражаттарын физикалык-химиялык касиеттери боюнча баалооӨрткө кооптуу жана жарылууга кооптуу касиеттери бар дары каражаттарын сатып алуу, сактоо, колдонуу, сатуу

20

Кычкылтек баллондорун сатып алуу, сактоо, колдонуу, сатуу

15

Жарыктан, нымдан коргоону талап кылган, учуучу заттары бар, төмөнкү температурадан коргоону ж.б. талап кылган дары каражаттарын сатып алуу, сактоо, колдонуу, сатуу

10

9Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды ташууну, сактоону, жок кылууну уюштурууга байланыштуу опурталдарДары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техникаларды сактоо, ташуу, жок кылуу шарттарын бузуу

20

Жарактуулук мөөнөтү бүткөн дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы сактоо, сатуу, колдонуу

20

Талаптагыдай сапаттагы эмес түзүлүштөр, жабдуулар жана дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сактоо үчүн арналган жайларды пайдалануу (текчелер, поддондор, желдетүү, жарык берүү, техникалык жактан бекемделиши)    

20

10Фармацевттик уюмдардын санитардык режимин уюштуруу менен байланышкан опурталдарСуу менен камсыздоо, канализация, жылуулук берүү, желдетүү жана кондиционерлөө системаларынын санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптарга шайкеш келбеши

7

Стерилденген дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүнүн жана даярдоонун асептикалык шарттарын сактабоо

7

Фармацевттик уюмдардын кызматкерлеринин санитардык-гигиеналык талаптарды сактабагандыгы

5

11Дары каражаттарынын сапатына байланышкан опурталдарСертификацияланбаган дары каражаттарын,  медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, сактоо, сатуу, колдонуу

7

Кыргыз Республикасында катталбаган дары каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, жарнамалоо, сатуу, колдонуу

7

Сапатсыз жана жасалмаланган препараттарды сатып алуу, сактоо, сатуу, колдонуу



12Объекттин фармацевттик кызматкерлеринин квалификациясыФармацевттик билими бар адистердин иш стажынын, билиминин квалификациялык талаптарга шайкеш келбеши

7

Ээлеген кызмат орунга ылайык келүүсүнө аттестациядан өтпөө

5

Адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтпөө

5


33. Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин ар кандай тобокелдик даражасына таандык кылуу алгачкы жана андан кийинки бөлүштүрүү жолу менен жүргүзүлөт.

Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерин тобокелдик даражасынын ар кандай топторуна алгачкы таандык кылуу базалык критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт (1-3 критерийлер).

Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерин тобокелдик даражасынын ар кандай топторуна кийинки таандык кылуу өз алдынча/субъективдүү критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт (4-12 критерийлер).

Бир тобокелдик даражасынын ичиндеги субъекттерди текшерүүнү артыкчылыктуу пландоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

-         ыйгарылган баллдын эң чоң суммасы;

- эң узак текшерилбеген мезгил, анын ичинде дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш жүргүзүүгө мамлекеттик лицензия алган учурдан тартып текшерүү жүргүзүлбөгөндүгү.

34. Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн  ишкердик субъекттеринин тобокелдик даражасын аныктоо текшерүү мезгилдүүлүгүн белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин фармацевттик инспекциясынын адиси тарабынан ушул главага ылайык жүргүзүлөт.»;

- 8 жана 9-пункттарын кошпогондо, мамлекеттик тилдеги текстиндеги, түрдүү жөндөмөдөгү “бөлүм” деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү “глава” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

      Премьер-министр                                                           С.Ш.Жээнбеков  

Тиркемелер

Басып чыгаруу