КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 токтому

Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо эрежелери жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;

- транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо боюнча иштерди ушул токтомго ылайык уюштурсун;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков

Тиркеме

Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелери

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары – ИИО) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу  бөлүктөрү үчүн төмөнкү бирдей тартипти аныктайт:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана аларды адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруу;

- транспорт каражатын мажбурлап эвакуация кылгандан кийин аны кайра берүү;

- айдоочу тарабынан транспорт каражатын токтотуу эрежелери бузулган учурларда транспорт каражатынын дөңгөлөктөрүн блокиратордун же жабдыктын башка түрлөрүнүн жардамы менен матоо;

- транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн матоону алуу;

- транспорт каражаттарын сактоо.

2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:

- дөңгөлөктүн блокиратору - бул транспорт каражатынын андан ары кыймылын (дөңгөлөктүн айлануусун) болтурбоо үчүн дөңгөлөгүнө орнотулуучу атайын матоочу түзүлүш. Блокиратор катары дөңгөлөктүн айланышына же транспорт каражатынын кыймылга келишине тоскоолдук кылуучу жабдыктардын башка түрлөрү да колдонулушу мүмкүн (руль дөңгөлөктүн айланышын матоочу, эшиктердин ачылышына, кыймылдаткычтын иштешине ж.б. тоскоолдук кылуучу жабдыктар);

- транспорт каражатын кармоо – дөңгөлөккө блокиратор коюу же жабдыктын башка түрлөрүн пайдалануу, ошондой эле транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жолу менен транспорт каражатын пайдаланууга убактылуу мажбурлап тыюу салуу;

- дөңгөлөккө блокиратор коюу же жабдыктын башка түрлөрүн пайдалануу - транспорт каражатынын айдоочусу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 223-беренесинде, 235-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүндө жоопкерчилик каралган эрежелерди бузган учурда администрациялык эреже бузуу болгон жерде транспорт каражатынын жүрүү мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктүн айланышын) болтурбоочу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу.

     3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ИИОго же башка уюмдарга (жеке адамдарга) таандык эвакуация каражаттарын пайдалануу менен ишке ашырылат. Мажбурлап эвакуациялануучу транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүү ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.

  Мажбурлап эвакуациялоо жол-жобосуна уюмдарга (жеке адамдарды) уруксат берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгү менен уюмдардын (жеке адамдардын) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.

    4. Айдоочу жок болгондо транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо чечимин кабыл алган адам транспорт каражаты турган жердеги аймактык ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн ыкчам-нөөмөт бөлүгүнө тезинен билдирет, ал кармалган транспорт каражаты жеткирилген жана сакталып турган орун тууралуу маалыматты жазуу же оозеки (телефондон) сурам боюнча берет.

     5. Мажбурлап эвакуациялоо учурунда, адистештирилген токтотуучу жайда турган учурунда транспорт каражатына келтирилген зыян, анын сакталышы үчүн мажбурлап эвакуациялоону ишке ашырган, адистештирилген токтотуучу жайда транспорт каражатын сактаган юридикалык жактар (жеке адамдар), ИИО кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.

 2. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүү

6. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана аны адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүү жөнүндө чечимди административдик протокол түзүүгө жана административдик укук бузуулар тууралуу иштерди кароого, ошондой эле анын ыйгарым укугунун чегинде административдик жаза берүүгө ыйгарым укугу бар ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары чыгарышат.

Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкери же башка уюмдар (жеке адамдар) тарабынан ишке ашырылат.

  Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо токтоп туруу эрежесин бузганда, 7.21. “Эвакуатор” жол белгиси (тактасы) бар учурда гана жана транспорт каражатында же анын жанында айдоочусу жок болгон учурларда ишке ашырылат.

  Эгерде транспорт каражатын кармоонун себеби адистештирилген токтотуучу жайга жеткирилүүчү транспорт каражаты жүрүп баштаганга чейин жоюлган учурда, айдоочусу Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 235-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 244, 244-1-беренелеринин талаптарын бузган транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелерине ылайык ал транспорт каражатын башкаруучу адамдын катышуусунда, кармалган жеринде токтотулат.

   Транспорт каражатында (жүргүнчү) жүргүнчүлөр бар болсо, транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого тыюу салынат.

    Көк жана сары жаркылдаган маягы иштетилген, шашылыш кызматтык тапшырманы аткарып жаткан оперативдик жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарын кармоого тыюу салынат.

    7. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 566, 567-беренелеринин талаптарын сактоо менен ошол транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, бул тууралуу протокол түзүлөт, ошондой эле транспорт каражатына фотого же видеого тартылып, ал материалдар административдик укук бузуу тууралуу ишке тиркелет, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.

    Мажбурлап эвакуациялануучу транспорт каражатынын ачылчу жерлерине (эшиктери, багажы, капоту, бензобактын капкагы) мөөр басылып чапталат, ал эми транспорт каражаты жакын жердеги адистештирилген токтотуучу жайга жеткирилүүгө тийиш.

       8. Транспорт каражатын кароо протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

     - транспорт каражатына кароо жүргүзүлгөн, транспорт каражатын кароо протоколу толтурулган күн, убактысы жана орду;

     - ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкеринин кызмат орду, фамилиясы, атасынын аты (эгер бар болсо), ошондой эле төш белгисинин жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;

      - транспорт каражаты мажбурлап эвакуацияланган жер (дареги);

      - транспорт каражатынын тиби, маркасы, үлгүсү, мамлекеттик каттоо номери (бар болсо);

     - тышкы кароонун жыйынтыгы, анын ичинде транспорт каражатынын көрүнөө кемтиктеринин же бузуктарынын тизмеги;

  - транспорт каражатын фотого жана/же видеого тарткан материалдар бар экендиги тууралуу маалымат;

    - транспорт каражатына сырткы кароо жүргүзүүдө башка адамдар тарабынан айтылган сөздөр (эгер бар болсо);

    - эвакуациялоочу каражат таандык болгон уюмдун аталышы (жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), транспорт каражатын мажбурлап  эвакуациялаган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);

     - транспорт каражаты жеткирилүүчү адистештирилген токтоочу жайдын аталышы жана дареги, транспорт каражатын сактоого кабыл алган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо).

     Протоколго ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адам кол коёт.

    9. Протокол үч нускада толтурулат, биринчиси протоколду түзүп жана транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялаган адамда, экинчиси - адистештирилген токтотуучу жайда калат, үчүнчүсү транспорт каражатынын менчик ээсине (ээлик кылуучуга) же ал ыйгарым укук берген адамга ИИО жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу тийиштүү органына кайрылганда берилет.

   10. Адистештирилген токтотуучу жайда турган, мажбурлап эвакуацияланып келген транспорт каражатына анын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же ал ыйгарым укук берген адамдын кирүү мүмкүнчүлүгү ИИО жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн  кызматкеринин жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде аны кайтарган жумушчунун катышуусунда берилет, ал эми адамдар каза болгон же жаракат алган  жол-транспорт кырсыгы болгон учурда эвакуацияланган транспорт каражатына - тергөө органдарынын уруксатынын негизинде берилет.

   Транспорт каражатын кайтаруучу кызматкер кимдир бирөөлөр адистештирилген токтотуучу жайдагы транспорт каражатына жазуу жүзүндөгү тиешелүү уруксаты жок кирүүгө аракет жасаган учурда бул тууралуу аймактык ИИОго дароо билдирүүгө милдеттүү жана ИИОнун кызматкерлери келгенче транспорт каражатына жибербөөгө (тыюу салууга) милдеттүү.

11. Адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштырылган транспорт каражаты менчик ээсине (ээлик кылуучуга) же ал ыйгарым укук берген адамга административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим чыгарылып, айыптын жана (же) үстөктүн суммасы, анын ичинде мурда салынган жана төлөнө элек айыптар жана үстөктөр, транспорт каражатын жайгаштырууга жана кайтарууга байланышкан чыгымдар төлөнгөндөн соң, ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкеринин жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде кайта берилет.

12. Транспорт каражатын анын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам алаарда транспорт каражатын кайтарган кызматкерге төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:

- ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкеринин жазуу жүзүндөгү уруксатын, ал эми транспорт каражаты адамдар каза болгон жана/же жаракат алган жол-транспорт кырсыгы болгон жерден эвакуацияланган учурда, - тергөө органдарынын уруксатын;

- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү;

- транспорт каражатын алууга уруксаты бар адамдын ким экендигин тастыктаган документти.

Ушул пункттун экинчи-төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн документтердин бири эле жок болсо транспорт каражаты кайта берилбейт.

13. Транспорт каражатын кайтарган кызматкер транспорт каражатын алганга келген адам алкоголдук мас абалда, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, ошого окшош мас кылуучу же маң кылуучу заттарды пайдаланган абалда деп эсептесе, бул тууралуу аймактык ИИОго билдирүүгө, ал эми ИИОнун кызматкерлери келгиче транспорт каражатын бербей турууга милдеттүү, алар адистештирилген токтотуучу жайга келгенден кийин ИИОнун келген кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча иш-аракет кылууга милдеттүү.

14. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы транспорт каражатын алып жатканда транспорт каражатынын тышкы кароо протоколуна кол коёт.

Транспорт каражатын берип жатканда менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же анын ыйгарым укуктуу адамынын талабы болгон учурда транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт. Актыда тышкы кароо жүргүзүү үчүн негиздер, ошондой эле транспорт каражатында көрүнүп турган кемтиктердин же бузуктардын тизмеги чагылдырылат. Акт эки нускада түзүлүп, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы жана транспорт каражатын кайтарууну ишке ашырган кызматкер тарабынан кол коюлат.

15. Мажбурлап эвакуациялоо жана эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайда сактоо боюнча иштердин (кызматтардын) акысы белгиленген тартипте бекитилген жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы менен макулдашылган тариф боюнча накталай жана/же накталай эмес формада төлөнөт.

Тарифтерди эсептөө методикасын ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен биргеликте белгиленген тартипте бекитет.

  3. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка коюу

16. ИИОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, эгерде айдоочу транспорт каражатында же транспорт каражатына жакын жерде жок болсо транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка коюуга укуктуу.

17. Мажбурлап блокировка коюуга транспорт каражатынын айдоочу тарабындагы алдыңкы дөңгөлөгү алынат, ал эми ага блокировка коюуга мүмкүн болбосо – транспорт каражатынын ыңгайлуу оңой болгон каалаган дөңгөлөгүнө блокировка коюлат. Мында анын менчик ээсине (ээлик кылуучуга) блокировка колдонулганы тууралуу маалымат берүүчү маркировканы коюу боюнча чара көрүлөт.

18. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка коюлганы жөнүндө ИИОнун кызматкери “102” кызматына жана ИИОнун жол кыймылынын коопсуздук бөлүгүнүн административдик укук бузуу жасалган жердеги аймактык ыкчам-нөөмөт бөлүгүнө дароо билдирет.

19. Дөңгөлөккө блокировка коюучу техникалык каражаттын, ошондой эле аны орнотууда транспорт каражатынын бузулгандыгына байланышкан зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.

20. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө коюлган блокировканы алуу транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же ал ыйгарым укук берген адамдын катышуусунда, административдик протокол түзүлгөндөн жана төмөндөгү документтер көрсөтүлгөндөн кийин ишке ашырылат:

- тийиштүү категориядагы механикалык транспорттук каражатты башкаруу укугун берген айдоочулук күбөлүк (тийиштүү категориядагы тракторист-машинисттин күбөлүгү) же анын ордун алмаштыруучу документ;

- ошол транспорт каражатынын катталгандыгы тууралуу, ал эми чиркегичи болсо, чиркегичке тийиштүү документ (техникалык паспорт, техникалык талон).

 4. Чыгымдарды төлөөнүн жана өндүрүп алуунун тартиби

21.  Эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайда сактоонун чыгымын төлөө транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга токтоткон учурдагы алгачкы үч сааттан кийин ар бир толук саат үчүн төлөнөт. Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга койгон убакыт транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча аныкталат.

22. Кармалган транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүнүн жана сактоонун чыгымдарын төлөөнүн өлчөмү, ошондой ал чыгымдарды төлөөгө акча каражаттары которулуучу эсептин реквизиттери тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында, Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ошондой эле адистештирилген токтотуучу жайлардагы маалыматтык такталарга жарыяланат.

23. Эгерде транспорт каражаты адистештирилген транспорт токтотуучу жайга жайгаштырылган кезден тартып бир айдан ашык убакыттын ичинде анын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан талап кылынбаса, адистештирилген уюм (адистештирилген токтотуучу жайдын ээси) кызмат адамынан алынган административдик укук бузуу жөнүндө протоколдун көчүрмөсүндө же транспорт каражатын кармоо жөнүндө протоколдун көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн транспорт каражатынын менчик ээсине транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайдан алып кетүү жана транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүгө жана (же) кармалган транспорт каражатын сактоого кетирилген чыгымдарды төлөө талабы менен кайрылууга укуктуу.

24. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же анын ыйгарым укуктуу адамы транспорт каражатын алып кетүү жана транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүгө жана сактоого кеткен чыгымдарды төлөө жөнүндө талапты аткарбаган учурда, кеткен чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.

25. Административдик укук бузуу окуясынын болбогонуна жана/же административдик укук бузуунун курамынын жоктугуна байланыштуу административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда, транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн төлөм катарында берилген акча каражатын кайтарып алуу үчүн транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнө тийиштүү арызы (мындан ары – арыз) менен кайрылат, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:

- арыздануучунун фамилиясы, аты (атасынын аты (бар болсо);

- кармалган транспорт каражатынын маркасы жана мамлекеттик каттоо номеринин белгиси;

- кармалган транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн акы катарында берилген акча каражатын кайта берүү үчүн арыздануучунун банктык эсебинин реквизиттери;

- арыздануучу менен байланышуу ыкмасы (почталык дареги жана (же) электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт).

Транспорт каражатынын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу ыйгарым укуктуу адамдардын мыйзамсыз чечиминен жеке же юридикалык жакка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнөт.

26. Арызга паспорттун же арыздануучунун ким экендигин күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү, арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатына менчик (ээлик кылуу) укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же бул транспорт каражатын башкаруу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызмат адамы тарабынан чыгарылган транспорт каражатын кармоого алып келген административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу тууралуу токтом, арызга мындай токтомдун көчүрмөсү тиркелет.

Эгерде арыздануучу арызда көрсөтүлгөн транспорт каражатын башкаруу үчүн зарыл болгон документтери жок менчик ээсинин өкүлү болсо, мындай адам тарабынан арыз берүүгө укук берген ишеним каттын көчүрмөсү кошумча тапшырылат.

27. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 568-беренесинде каралган негиздер боюнча транспорт каражатын кармоого алып келген укук бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом соттун чечими менен жокко чыгарылган учурда, арызга соттун мындай чечиминин көчүрмөсү тиркелет.

6. Адистештирилген токтотуучу жайга болгон жалпы талаптар

28. Адистештирилген токтотуучу жайлар “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 597 “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун, ошондой эле ушул Эреженин талаптарына ылайык болушу керек.

29. Адистештирилген токтотуучу жай төмөндөгүлөрдү камсыз кылышы керек:

- транспорт каражаттарын коопсуз сактоо мүмкүнчүлүгүн;

- адистештирилген транспорт токтотуучу жайга транспорт каражаттарын алып келүү үчүн колдонулган адистештирилген техниканын жардамы менен транспорт каражаттарын адистештирилген транспорт токтотуучу жайдын аймагына жүктөп келүү жана түшүрүү мүмкүнчүлүгүн.

30. Адистештирилген транспорт токтотуучу жай төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:

 - транспорт каражатын кармоого дуушарланткан административдик укук бузган адамдардын транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга эвакуациялоого жана сактоого жумшалган чыгымдарды төлөшү үчүн, ошондой эле атайын токтотуучу жайга жайгаштырылган транспорт каражаттарынын ээлери, ээлеринин өкүлдөрү, же бул транспорт каражатын башкаруу үчүн зарыл болгон документи бар адамдардын акча каражаттарын төлөшү жана которушу үчүн контролдук-кассалык техника менен;

- тейлөөчү персонал, күзөт үчүн бөлмө, башка адамдардын кирүүсүнө мүмкүндүк бербей турган тосмо, жасалма жарык берүү менен;

- даараткана, таштанды салуу үчүн контейнерлер менен;

- анын аймагын толугу менен көрсөтө турган байкоо камералары менен.

Мында байкоо камераларына жазылгандарды сактоо мөөнөтү 3 айдан кем болбошу керек.

Адистештирилген транспорт токтотуучу жайдагы унаалардын ордулары белгиленип, номер коюлууга тийиш.

31. Адистештирилген транспорт токтотуучу жайдын аймагында жайгашкан жана күзөт постторун жайгаштырууга, келгендерди кабыл алууга, документтерди тариздөө жана төлөө үчүн арналган имараттар жана жайлар (анын ичинде убактылуу жана тиричилик үчүн жайлар) телефондук байланыш, милицияны шашылыш чакыруу кнопкасы менен камсыздалып, өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын ченемдик саны менен камсыздалышы, жасалма жарык берүүнүн болушу зарыл. Күзөттү жайгаштыруу үчүн бөлмө зарыл жабдуулар жана нөөмөттү камсыз кылуу үчүн инвентарь менен, анын ичинде баардык байкоо камераларынан видео жазмаларды көрүү максатында мониторинг тутуму менен жабдылат.

32. Адистештирилген токтотуучу жайда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- аймагына башка адамдарды киргизүүгө.

- автомобилдердин ордунун санынан ашкан санда транспорт каражаттарын жайгаштырууга, аларды жайгаштыруу планын бузууга, автомобилдердин ортосундагы аралыкты кыскартууга.

- чыга турган дарбазаларды жана өтүүчү жерлерди тосууга;

- оңдоп-түзөө, темир, ысытуу, ширетүү, сырдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоого.

- транспорт каражаттарынын күйүүчү багынын оозун ачык калтырууга;

- аккумуляторлорду тышкы электр берүүчү түзүлүштөр менен заряддоого;

- кыймылдаткычты от (костер, факел, куйкалоочу лампа) менен жылытууга, жарык кылуу үчүн оттун ачык жалынын пайдаланууга;

- транспорт өрткө каршы гидранттардын кудугунун капкагына токтотууга.

 7. Кармалган транспорт каражаттарын эсепке алуунун тартиби

33. Кармалган транспорт каражаттарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилеген тартипте ишке ашырылат.

34. Транспорт каражатын кармоо жөнүндө протоколдордун, ошондой эле бланктык продукциянын жана каттоо документтеринин формаларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгилейт.

________________________________________________________________

Тиркемелер

Басып чыгаруу