Мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Мурда колдонулган, бирок тикелей багыты боюнча пайдаланууга жарактуу автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү тартипке салуу максатында, Кооптуу калдыктарды транс чек аралык ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын 1-беренесинин 1-пунктунун b-пунктчасына, Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечимине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
Мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Ушул Мурда колдонулган автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мурда колдонулган, бирок тикелей багыты боюнча пайдаланууга жарактуу автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү тартибин, ошондой эле түз багыты боюнча пайдаланууга жарактуу шиналарга карата негизги талаптарды аныктайт.
2. Мурда колдонулган, бирок тикелей багыты боюнча пайдаланууга жарактуу автомобиль шиналарын жана пневматикалык покрышкаларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алар төмөнкү талаптарга шайкеш келген шартта уруксат берилет:
- шиналардын жана пневматикалык покрышкалардын быдырларынын сүрөтүнүн калдык бийиктиги 4 миллиметрден кем болбошу керек;
- шиналар жана пневматикалык покрышкалар даярдалгандан берки мөөнөт 5 жылдан ашпашы керек;
- шиналарда жана пневматикалык покрышкаларда механикалык кемтиктер болбошу керек (жарылуу, көбүү, тешилген жана тешилбеген айрыктар).
3. Ушул Жобонун 2-пунктунда аталган талаптарга ылайык келбеген шиналар жана пневматикалык покрышкалар кооптуу калдыктар болуп саналат, аларды алып өтүү Евразия экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Кооптуу калдыктарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүү жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4. Эгерде ташып келинүүчү мурда колдонулган, бирок тикелей багыты боюнча пайдаланууга жарактуу шиналар жана пневматикалык покрышкалар ушул Жобонун 2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, бажы органы Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык бажы органдары жайгашкан жерлерде бажылык тариздөө жүргүзөт.
5. Ташып келинүүчү мурда колдонулган шиналарды жана пневматикалык покрышкаларды бажылык кароодон өткөрүү бажылык тариздөө жерлеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүн тартуу (макулдашуу боюнча) менен бажы органынын кызматкери тарабынан жүргүзүлөт, алар экспертизанын жыйынтыгы боюнча ташып келинүүчү мурда колдонулган шиналар жана пневматикалык покрышкалар ушул Жобонун 2-пунктунда аталган талаптарга ылайык келе тургандыгы жөнүндө ырастаган акты түзүшөт.
Актынын бир нускасы бажы органында калат.
6. Ушул Жобонун 2-пунктунда каралган талаптарга жооп бербеген шиналар жана пневматикалык покрышкалар аныкталган учурда шиналар жана пневматикалык покрышкалар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетилүүгө, жөнөтүүчүгө кайтарылууга же калдыктарды урунуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык тышкы экономикалык иштин субъектисинин каражаттарынын эсебинен жок кылынууга тийиш.
________________________________________________________________