КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 681-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

 - аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти” деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жөнүндө жободо: 

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик жаратылыш парктары жана коруктары” деген сөздөр алып салынсын; 

- 7-пунктундагы “, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды (мындан ары - ӨКЖА) туруктуу иштетүү, тармагын кеӊейтүү жана Кыргыз Республикасынын биологиялык түрлөрүн сактоо” деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; 

- 8-пунктунда: төртүнчү абзацындагы “жана ӨКЖАга” деген сөз жана аббревиатура алып салынсын; бешинчи абзацындагы “биологиялык түрлөрдү сактоого” деген сөздөр алып салынсын; 

алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; - 9-пунктунда: 

үчүнчү абзацындагы “, биологиялык түрлөрдү сактоо” деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү абзацындагы “жана биологиялык түрлөрдү коргоо,”, “ошондой эле ӨКЖА тармагынын туруктуу иштеши жана өнүктүрүү” деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

токой фондун эсепке алат, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзөт;” тогузунчу, он биринчи – он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

 он төртүнчү абзацындагы “, ӨКЖА жөнүндө мыйзамдарды” деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; 

он алтынчы жана он сегизинчи абзацындагы “жана ӨКЖАларды” деген сөз жана аббревиатура алып салынсын; 

- 10-пунктунда: экинчи абзацындагы “, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, коруктардын” жана “биологиялык түрлөрдү жана ӨКЖАны сактоо,” деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын; үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы “жана ӨКЖАнын” жана сегизинчи абзацындагы “жана ӨКЖАны” деген сөздөр жана аббревиатура алып салынсын;

 тогузунчу абзацындагы “биологиялык түрлөрүн сактоо,” деген сөздөр алып салынсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаментинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-февралындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча “сарамжалдуу” деген сөз “коргоо жана” деген сөздөр менен алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти жөнүндө жободо: 

- аталышында жана 1-пунктундагы “сарамжалдуу” деген сөз “коргоо жана” деген сөздөр менен алмаштырылсын; - бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстары” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “жаратылыш ресурстары” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“2. Жаратылыш ресурстары департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) ведомстволук бөлүмү, жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.”;

 - 8-пунктунда: экинчи абзацындагы “сарамжалдуу” деген сөз “коргоо жана” деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы “рационального” деген сөз “охраны и” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 10-11-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“10. Жаратылыш ресурстары департаментинин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш ресурстарын сактоону, кайрадан калыбына келтирүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат. 

11. Жаратылыш ресурстары департаментинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; 

- жаратылыш ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүүлөрүн болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; 

- аңчылыкты жана балык уулоону, аңчылык жана балык чарбаларын, туристтик жана таксидермикалык ишти жүргүзүүнүн уюшкан формаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү; 

- жаратылыш ресурстарын сактоо чөйрөсүндө улуттук жана эл аралык долбоорлор менен программаларды, келишимдер менен макулдашууларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышуу; - жаратылыш ресурстарынын абалы жөнүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын маалымдуулугун кеңейтүү.”; 

- 12-пунктунда: үчүнчү абзацында: “жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн” деген сөздөр “жаратылыш ресурстары” деген сөздөр менен алмаштырылсын; “алар жашаган/өскөн жерлерди сактоо” деген сөздөр алып салынсын; он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- жаратылыш ресурстарын коргоону, кайрадан калыбына келтирүүнү жана пайдаланууну координациялайт;”; 

жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- жаратылыш ресурстарын кайтарууну уюштурат жана жүзөгө ашырат;”; жыйырма сегизинчи абзацындагы “жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарына жана алар жашаган/өскөн чөйрөгө” деген сөздөр “жаратылыш ресурстарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын; отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“- жаратылыш ресурстарын сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү администрациялык мыйзам бузуулар, жаратылыш ресурстарына зыян келтирген бейукук башка аракеттер жөнүндө материалдарды белгиленген тартипте карайт;”;

 - 14-пунктунда: экинчи абзац “дүйнөсүнүн” деген сөздөн кийин “табигый” деген сөз менен толукталсын; он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайра калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча эрежелердин, башка талаптардын жана ченемдердин бузууларын четтетүү жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;”;

он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “

- жаратылыш ресурстарын коргоо, кайрадан калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана иш-аракет кылган юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардан же иши менен иш-аракети жаратылыш ресурстарына таасир тийгизген башка жактардан укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмө бөлүктөрдү, ошондой эле аныкталган отчеттуулукту белгиленген тартипте суратууга жана алууга;”. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине караштуу Токой-аңчылык жайгаштыруу департаментинин 4 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фонду менен кошо токой фондун эсепке алуу, токой кадастрын, токойдун мониторингин жүргүзүү функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментине; 

- “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын Башкы дирекциясынын 13 штаттык бирдигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борборуна. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 40 “Ысык-Көл” биосфералык аймагы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ысык-Көл” биосфералык аймагы жөнүндө жободо: 

- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Башкы дирекция” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Дирекция” деген сөз менен алмаштырылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токой-аңчылык жайгаштыруу департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу” мамлекеттик мекемесине кайра уюштурулсун. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды белгиленген тартипте көрсүн. 

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн. 

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.    

Премьер-министр                                                           C.Ш.Жээнбеков