КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689-токтому

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келишин тартипке салуу максатында,  “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеси (мындан ары - Тизме) 1-тиркемеге ылайык;

 - Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) 2-тиркемеге ылайык. 

2. Тизмеге киргизилбеген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү. 

3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин каттоо мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ушул токтом менен белгиленген каттоо мөөнөттөрү колдонулат.

 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 “Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пунктундагы “, 90 күнгө чейинки мөөнөткө “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин каттоодон бошотуу менен” деген сөздөр алып салынсын. 

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 200 “Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы  № 565 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы  № 34 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту. 

6. Ушул  токтом расмий  жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 13-январынан баштап күчүнө кирүүчү Тартиптин 3-главасынан тышкары, 2016-жылдын 19-декабрынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков