КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 612 токтому

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү жана жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (мындан ары – Республикалык мекеме) кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-тиркемеге ылайык;

- Республикалык мекеменин негизги жумушчуларынын (адис усталарынын) тарифтик ставкаларынын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;

 - Республикалык мекеменин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык;

 - Республикалык мекеменин кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар, 4-тиркемеге ылайык;

 - Республикалык мекеменин кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык кошумча акыларынын өлчөмдөрү, 5-тиркемеге ылайык. 

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

 1) Республикалык мекеменин кызматкерлерине төмөнкүдөй кошумча акылар төлөнөт: 

- эмгектин өзгөчө шарттарында иштегени (оор жумушта иштеген, зыяндуу, опурталдуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык. 

2) негизги жумушчуларга (адис усталарга) иш жүзүндө аткарылган жумуштарына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө пайыздык кошумча акылар төлөнөт: 

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштегендиги үчүн – 30 пайызга чейин; кесиптик чеберчилиги үчүн – 10дон 25 пайызга чейин:

3-разряд -10 пайыз; 

4-разряд - 15 пайыз; 

5-разряд - 20 пайыз; 

6-разряд - 25 пайыз; 

3) өзгөчө оор жумушту аткаргандыгы үчүн кызматтык маянанын 50 пайыз өлчөмүнө чейин кошумча акы төлөнөт; 

4) административдик-башкаруу персоналына өндүрүштүк план аткарылган учурда, иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары үчүн кызматкердин жеке салымын эске алуу менен кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнө 1,1ден 2,3кө чейинки эмгекке катышуу коэффициенттери (КТУ) колдонулат; 

5) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга төмөнкүдөй кошумча акылар төлөнөт: 

- автомашиналардын айдоочуларына иш күнүнүн ченемделбегендиги үчүн - кызматтык маянанын 25 пайызы;

 - кароолчуларга түнкү убакытта иштеген ар бир сааты үчүн  -жогорулатылган өлчөмдө, сааттык тарифтик ставканын бир жарым эсе өлчөмүнөн кем эмес;

 - кызматтык жана өндүрүштүк жайлардын, коомдук ажатканалардын тазалоочуларына синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн - кызматтык маянанын  25 пайызы; 

- ысык электр мешинин жана бышыруучу шкафтардын жанында иштегендиги үчүн ашкана жумушчуларына - кызматтык маянанын 25 пайызы;

 6) кызматкерлерге бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук коэффициенттерге кошумчалар эсептелет. 

3. Республикалык мекеменин административдик-башкаруучу персоналына эмгек өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунан төмөн эмес өлчөмдө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөөрү  белгиленсин.

 4. Республикалык мекеменин жетекчисине эмгек акы төлөө фондунун жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттарын эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, өндүрүштүк план аткарылгандыгы, кесиптик жана чыгармачылык демилге көтөргөндүгү жана сарамжалдуу сунуштарды бергендиги үчүн кызматкерлерге көтөрмөлөөчү төлөмдөрдү төлөөгө жумшоого укук берилсин. Аталган көтөрмөлөөчү төлөмдөр кызматкерлердин жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча орточо эки айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө төлөнөөрү белгиленсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  23 - августундагы № 489 “Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

 “9. Ушул токтомдун күчү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине колдонулбайт.”.

 6. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан  тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                              С.Ш.Жээнбеков