КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 “Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Мектептик билим берүү системасын профилдик билим берүүнү уюштурууга даярдоо максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 “Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы “орто” деген сөз “мектептик” деген сөз менен алмаштырылсын;

 - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү тутумуна жаңы  муундагы стандарттарды этап менен киргизүү боюнча иш-чаралардын планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында:

- аталышындагы, 1-пунктундагы, 9-пункттун бешинчи абзацындагы, 2-главанын аталышындагы “орто” деген сөз “мектептик” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 2-пункттун 1-пунктчасындагы “деңгээлинде” деген сөз “баскычтарда” деген сөз менен алмаштырылсын;

9-пунктта:

- экинчи абзацтагы “окутуунун бардык баскычтарында жана окутуунун бардык профилдеринде” деген сөздөр “мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында жана профилдеринде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- алтынчы абзацтагы “деңгээлдеринде” деген сөз “баскычтарында” деген сөз менен алмаштырылсын;

- сегизинчи абзацтагы “региондук/жергиликтүү” деген сөздөр “жергиликтүү” деген сөз менен алмаштырылсын;

- он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- компетенттүүлүк – белгилүү бир кырдаалда (окуу, жеке жана кесиптик) билимдин жана ыктын ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;

-        компетенция – окуучуну (үйрөнүүчүнү) билим алууга даярдоого карата мурдатан коюлган, анын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем);”;

он жетинчи-жыйырманчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “- билим берүү процесси – педагогдордун түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактар жана окуучунун өз алдынча сабактары формасында, ошондой эле окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси. Билим берүү программаларын ишке ашыруу билим берүү процесси аркылуу жүзөгө ашырылат;

- белги – бул символ, окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин баасын цифралар, тамгалар, сүрөттөр же жаңсоолор менен шарттуу-формалдык түрдө, сандык туюндуруу;

- баа – окуучуларды баалоонун жыйынтыктарын сандык жана сапаттык  чагылдыруу;

- баа берүү – окуучулардын алардын этикалык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө жана алар тарабынан турмуштук зарыл болгон компетенцияларга ээ болуусуна, ошондой эле бул иштин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо үчүн окуучулар, мугалимдер, ата-энелер менен эки жактуу байланышты жүзөгө ашырууга багытталган маалымат арттыруучу ишин өлчөө, интерпретациялоо жана талдоо процесси;”;

жыйырма тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“ - окутуунун максаты – күн мурунтан берилген жана сыпатталган шарттар, окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары; билим алуунун натыйжасында ээ болгон иштин мүмкүн болгон түрлөрүнө карата анын жөндөмү;”;

төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын:

“- мектептик билим берүү – тарбиялоо жана билим берүү системасы, ал коомдогу активдүү иши үчүн жетиштүү болгон, анын баскычтарына тиешелүү билимди, ыктарды, тажрыйбалык көндүмдөрдү камсыз кылат.”;

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“15. Негизги компетенттүүлүк болуп конкреттүү предметтердин мазмуну аркылуу калыптануучу жана ишке ашырылуучу, окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделүүчү билим берүүнүн натыйжасы саналат.”;

-       34-пунктта:

  биринчи абзац “чөйрөлөрү жана” деген сөздөрдөн кийин “мектептик жалпы” деген сөздөр менен толукталсын;

4-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- предметтик стандартты аткарууга мүмкүндүк берген ресурстук камсыз кылууга минималдуу талаптар;”;

- 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“35. Предметтик стандарт Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет. Окуучулар тарабынан иликтелип жаткан мазмундуу материал башка билим берүү жаатындагы предметтердин материалдары менен координацияланууга жана өзүнүн билим берүү тармагында жолун жолдоочулукка жана ырааттуулукка ээ болууга тийиш.”;

- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“37.Окуучулардын класстар боюнча окуу жүктөмүнүн чеги алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча төмөнкүдөн ашпаган көлөмдө (1-4-класс – беш күндүк окуу жумасында, калган класстар – беш күндүк окуу жумасында, жумалык окуу жүктөмү 30 сааттан ашкан учурда – жалпы билим берүү уюму 6 күндүк окуу жумасын аныктайт) бекемделет:

Класстар

1234567891011
Окуу жүктөмүнүн чеги2023252630313334353233
Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги2022242526293030302930

                                                                                                       “;

- 40-пункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

“40. Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында убакытты мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) үлүштөргө болжолдуу бөлүштүрүү төмөнкү схема боюнча жүргүзүлөт:

КласстарМамлекеттик компонент (%)Мектептик компонент (%)Элективдик компонент (тандоо боюнча предметтер) (%)
1-7-класстар

95

5

-

8-9-класстар

90

10

-

10-11-класстар

85

10

5

                                                                                                       “;

- 43 жана 44-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“43. Окуу планынын мектептик компоненти билим берүү уюмунун өзгөчөлүктөрүн (багыттарын) чагылдырат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдашылган кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билдирет.

44. Мектептик компонент билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана окуп жаткандардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен ишке ашырылат. Бир жумалык окуу жүктөмүнүн алкагында мамлекеттик, мектептик жана элективдик (тандоо боюнча предметтер) компоненттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.»;

- 46 жана 47-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“46. Предметтик стандарттарды жана базистик окуу планын иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

47. Билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жалпы билим берүү уюмунун окуу планын Мамлекеттик билим берүү стандартынын     37-пункту менен ар бир класс үчүн белгиленген окуу жүктөмүнүн алкагында эксперименталдык (пилоттук) ишмердиктин муктаждыгынан улам, билим берүүнү башкаруунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн сунушу боюнча бекитет.”;

- 53-пункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

“53. Компетенттик мамилеге негизделген стандарттарды өздөштүрүү үчүн окутууну уюштуруу формалары өзгөрөт. Салттуу сабактар менен катар окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологиялары, долбоордук жана изилдөөчүлүк иштер колдонулат.”;

Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына карата Билим берүү чөйрөлөрүн калыптандыруунун принциптери жана негиздери тиркемесинин “Билим берүү чөйрөлөрү жана предметтери” бѳлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Билим берүү чөйрөлөрү

Тил-дик

Социал-дык

Математика-лык

Табигый илимдер

Техноло-гиялык

Искусс-тво

 Ден соо-лук мада-нияты

(эне тил, кыр-гыз, орус жана чет тил-дери)

(тарых, «Адам жана коом», укук таануу)

(математика, алгебра, геометрия)

(химия, биология, физика, география, астроно-мия)

(техноло-гия, чийме жана дизайн, компью-тердик сабат-туулук)

(ада-бият, музыка, көркөм сүрөт чыгар-мачы-лыгы)

(дене тар-бия, тур-муш-тири-чилик кооп-сузду-гунун негиз-дери)

                                                                                                                 “;

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2004-жылдын 23-июлундагы  № 554 Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 202 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектептик окуу жүктөмүн этабы менен кыскартуу жөнүндө” токтому.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                                                            С.Ш.Жээнбеков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу