Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Корпоративдик облигацияларды чыгаруунун тартибин камсыз кылуу, ошондой эле камсыз кылынган корпоративдик облигацияларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн укуктук ченемдерин белгилөө максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине жана “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 361-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери:
- төмөнкү мазмундагы 1951-пункт менен толукталсын:
“1951. Эгерде юридикалык жак карыз эмиссиялык баалуу кагаздарды күрөөлүк камсыздандыруу менен чыгарса, күрөөнү каттоо үчүн төмөнкүлөрдү берет:
- өзү чыгаруучу эмиссиялык баалуу кагаздарды күрөөлүк камсыздоо максатында эмитенттин кыймылсыз мүлктү “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектөө жөнүндө чечими;
- эмитенттин күрөөлүк камсыздалган эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечими.
Эмитенттин кыймылсыз мүлккө чектөө коюу жөнүндө чечимине эмитенттин ыйгарым укуктуу адамдары жана күрөөнү башкаруучу кол коюшуп жана бул, ошондой эле кыймылсыз мүлккө чектөө коюлганы да нотариуста күбөлөндүрүлүшү керек. Мында мамлекеттик каттоо тууралуу штамп эмитенттин кыймылсыз мүлккө чектөө коюлганы жөнүндө чечимине жана күрөө менен камсыздалган эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимине дагы коюлат.
Эмитент күрөө менен камсыздандырылган карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарганда кыймылсыз мүлктүн күрөөгө коюлганын мамлекеттик каттоо мындай баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон мурда жүргүзүлөт.
Ипотеканы мамлекеттик каттоодо Кыймылсыз мүлккө укуктун бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги каттоо жөнүндө жазуу төмөнкүлөрдү камтышы керек: карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери жана аны мамлекеттик каттоонун датасы, ал эми күрөө кармоочу жөнүндө маалымат катары, реестрди кармоочу тарабынан лицензияланган ушундай карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине ылайык ушул карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлери күрөө кармоочулар болуп эсептелери көрсөтүлүүгө тийиш.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1961-пункт менен толукталсын:
“1961. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары кыймылсыз мүлк күрөөгө күрөө кармоочулардын атынан коюлган учурда, ушул жобонун 196-пунктунда каралган бардык жол-жоболор Күрөөнү башкаруучу тарабынан ишке ашырылат.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1971-пункт менен толукталсын:
“1971. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлган учурда, карыз толук төлөнүп бүтмөйүнчө аны ажыратууга уруксат берилбейт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1981-пункт менен толукталсын:
“1981. Карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарганда күрөөнү каттоо үчүн 198-пункттун талаптары эмитенттин ушул Эрежелердин 1951-пунктуна ылайык кыймылсыз мүлккө чектөө коюу жөнүндө чечимине карата да колдонулат.”;
- 200-пункту “күрөө кармоочу” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле карыздык эмиссиялык кагаздарды чыгарууда ипотека учуру үчүн Күрөөнү башкаруучу.” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2011-пункт менен толукталсын:
“2011. Ипотека үчүн карыздык эмиссиялык баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо күрөө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын толук жоюлганы тууралуу чечиминин оригиналын берүүнүн негизинде гана токтотулушу мүмкүн.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 275 “Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“корпоративдик башкаруунун кодекси - акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу коомдун ички документи;”;
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Эмитент камсыздалган, камсыздалбаган жана кепилденген облигацияларды чыгарууга укуктуу.
Камсыздалган облигациялар - пайызды төлөө жана аны жоюу эмитенттин же үчүнчү жактын мүлкүн күрөөгө коюу менен камсыздалган облигация.
Камсыздалган облигацияга укуктун жаңы ээсине өтүшү менен аны чыгаруунун жана эмиссиянын проспектинин шарттарынан келип чыгуучу аны камсыздоочу бардык укуктар ага өтөт.
Камсыздалбаган облигациялар - атайын камсыздоосу болбогон жана жалпы талап кылуу укугунан турган облигация.
Кепилденген облигациялар – милдеттенмелерди эмитенттин аткаруусу мүмкүн болбогондо, милдеттенмени аткарууну үчүнчү жак (жактар) кепилдеген облигациялар.”;
- 37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу - он үчүнү абзацтар менен толукталсын:
“- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан кем жүзөгө ашырып жатса, эмитенттин аяктаган акыркы 3 финансылык жыл үчүн же аяктаган 2 финансылык жыл үчүн жылдык бухгалтердик отчетторунун көчүрмөлөрү;
- берилген бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу (аудитордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет);
- облигациялардын эмиссиясынын проспектин түзгөн учурга карата аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөлөрү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.”.
Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мүлккө карыздык эмиссиялык баалуу кагаздардын ээлеринин пайдасына чектөө коюлганы жөнүндө нотариуста ырасталган чечимдин көчүрмөсү берилет.”;
39-пункттун экинчи абзацындагы “магниттик алып жүрүүчү” деген сөздөр “электрондук алып жүрүүчү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 44-пунктта:
экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы “Катталган” деген штампы басылган, мөөр” деген сөздөр “гербдүү мөөр” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы “шарты” деген сөз “шарттары” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы глава менен толукталсын:
“Эмиссиянын жана камсыздалган облигацияны жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү
118. Камсыздалган облигацияларды чыгаруу шарты жана алардын эмиссиясынын проспекти облигацияны кармоочулардын алдында эмитенттин милдеттенмелерин жоюу үчүн күрөөлүк камсыздоо жөнүндө маалыматтарды, күрөөнү камсыздоону башкаруучунун аталышын жана күрөөлүк камсыздоону өндүрүүгө чегерүүнүн шарттарын камтышы керек.
119. Камсыздалган облигацияларды чыгарууда алардын эмитенти камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринде кармоочу катары катталган жактардын кызыкчылыгы үчүн күрөөнүн башкаруучусун дайындоого милдеттүү. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнү башкаруучу болууга мыйзамдын талабына жооп берген жана депозитарийлик иш жүргүзүү укугуна же инвестициялык активдерди ишеним менен башкаруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жак гана укуктуу. Күрөөнү башкаруучу камсыздалган облигациянын эмитентине жана эмитенттин алдындагы милдеттенмесинин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан жогору болгон эмитенттин кредиторлорунун кимисине болсо да аффилирленген жак боло албайт.
120. Эгерде камсыздалган облигация боюнча камсыздоо жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан коюлса, камсыздалган облигацияларды жана/же камсыздалган облигациялардын проспектин чыгаруу тууралуу чечимге мындай камсыздоо жана/же күрөө берген адам дагы кол коюшу керек, ал эми Күрөөнү башкаруучу менен мындай камсыздоо берген жактын (жактардын) ортосунда камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына күрөө келишими, ошондой эле күрөөнүн предметин соттук эмес тартипте өндүрүүгө чегерүү тууралуу макулдашуу түзүлүп жана катталууга тийиш.
121. Камсыздалган облигациялардын күрөөлүк предмети болуп ушул Жобонун талаптарына ылайык баалуу кагаздар жана кыймылсыз мүлк гана эсептелет.
122. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнүн предметинин түзүмү жана курамы:
1) камсыздалган облигацияларга төмөнкүдөй баалуу кагаздар күрөө болушу мүмкүн:
а) мамлекеттик баалуу кагаздар - ушул баалуу кагаздардын күрөөсү менен коштолгон камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызына чейин;
б) ачык акционердик коом таризинде түзүлгөн, лицензиялуу тоорук уюштуруучудан эң жогорку жана андан кийинки категория боюнча листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин жөнөкөй энчилүү акциялары - камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 40 пайызынан көп эмес. Бул учурда мындай акциялардын күрөөлүк баасы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык баа берилген наркынын 80 пайызынан ашпашы керек;
2) камсыздалган облигациялар төмөнкүдөй кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен камсыздалышы мүмкүн:
а) айыл чарбасына арналгандан башка жерлер;
б) юридикалык жактарга таандык кыймылсыз мүлктөр.
Бул учурда мындай күрөөгө коюлган мүлктүн наркы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык, анын баа берилген наркынын 70 пайызынан ашпашы керек.
123. Камсыздалган облигациялардын камсыздоо предмети жана/же күрөөсү болуп эсептелген мүлк боюнча камсыздалган облигациялардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга документтерди тапшырууга чейин бир айдан кем эмес мурда көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланышы керек.
124. Камсыздалган облигациялардын ээсинин ушул облигациялар боюнча күрөөнүн предмети болгон мүлккө укугунун өлчөмү, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү мамлекеттик же муниципалдык керектөөгө алган (сатып алган), реквизициялаган же улутташтырган учурда анын ордун толтуруунун өлчөмү ушул камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринин маалыматынын негизинде карыздын суммасында пропорциялуу аныкталат.
125. Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, баалуу кагаздарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга документтерди бергенге чейин камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
126. Эгерде күрөөнүн предмети баалуу кагаздар болсо, камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары тийиштүү көз каранды эмес реестр кармоочуда же депозитарийде катталууга тийиш, ал жерде күрөөнүн предмети болгон баалуу кагаздар баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга документтерди бергенге чейин депонирленүүгө тийиш.
127. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын күрөө менен камсыздаганга чейин камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого тыюу салынат.
128. Күрөөнү башкаруучу төмөнкүдөй тартипте алмаштырылат:
- эмитент камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шартына жана проспектисине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
- камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шартына жана проспектисине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо үчүн документтер кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет;
- эмитент 3 жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан ал күрөөнү башкаруучуну алмаштыруу тууралуу маселенин карай башталганы жөнүндө маалымкатты алат;
- эмитент кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан күрөөнү башкаруучуну алмаштырууга байланыштуу керектүү жол-жоболордон өтөт;
- эмитент камсыздалган эмиссияны чыгаруунун шарттарын жана проспектисин алар кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органда катталгандыгы тууралуу белгиси менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 жумуш күндүн ичинде тиешелүү реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизет, андан кийин күрөөнү башкаруучу алмаштырылганына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, катталган эмиссияны чыгаруунун шарттарын жана проспектисин эмитентке берет;
- камсыздалган облигациялардын эмитенти жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялоо жолу менен камсыздалган облигациялардын ээлерине күрөөнү башкаруучу алмаштырылганы жөнүндө 5 жумуш күндөн кечиктирбей маалымдайт.
129. Күрөө менен камсыздалган облигациялардын эмитенти ал облигациялардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган учурда алар күрөөнү башкаруучуга кат жүзүндө кайрылууга укуктуу, күрөөнү башкаруучу 5 жумуш күндөн кечиктирбей төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:
- камсыздалган облигациялардын эмитентине эмитенттин милдеттенмени аткаруусу боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү талабы менен кат жүзүндө кайрылат жана эгерде мындай милдеттенмени аткаруу мөөнөтү кечигип жаткан болсо эмитентке мындай кечигүүнү 10 жумуш күндөн кечиктирбей жоюу боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирет;
- эгерде күрөөнү башкаруучу 3 жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө коюлган талапка жооп албаса же камсыздалган облигациялар боюнча мөөнөтү кечигип жаткан карызды 10 жумуш күндүн ичинде жоюу тууралуу талап коюлган эмитент аны аткарбаса, күрөөнүн предметин өндүрүүгө чегерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган аракеттерди баштайт.
Күрөөнү башкаруучу камсыздалган облигациялардын эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмесин аткарышы боюнча кырдаалды көзөмөлдөп жана ал милдеттенмелер толук же айрым бөлүгү аткарылбаган датадан баштап 30 календардык күндөн ашпаган күн өткөндө камсыздалган облигациялардын ээлери болбосо ушул пунктта көрсөтүлгөн чараларды көрөт.
130. Эмиссиянын проспектисинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде облигацияларды камсыздоого жана алардын чыгарылышына күрөөгө коюлган мүлктүн наркы, ошондой эле банктын кепилдиги тууралуу маалыматтар айтылышы керек.
131. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын камсыздоого банктык кепилдик берген жактын аяктаган акыркы 3 финансылык жыл үчүн берген финансылык отчетунун көз карандысыз аудитор тарабынан ырасталган корутундусу камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимдин жана/же камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын проспектинин ажырагыс бөлүгү болот.
132. Эмиссиянын проспектинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде күрөөнү башкаруучу жөнүндө маалымат, күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктөн камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына баш тартуусу тууралуу шарттар милдеттүү түрдө айтылууга тийиш. Эмиссиянын проспекти жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимге күрөөнү башкаруучунун колу коюлууга тийиш.
133. Эмиссиянын проспектинде жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде камсыздалган облигацияларды мөөнөтүнөн мурда жоюунун шарттары милдеттүү түрдө айтылууга тийиш. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышы эмиссиянын проспектинде жана/же чыгаруу жөнүндө чечимде каралган учурларда, же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен эмитент мажбурлап жоюлган учурда белгиленген тартипте жоюлат.
Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнүн токтотулушу үчүн негиз болуп алар боюнча бардык милдеттенмелерди эмитенттин толук аткарышы эсептелет.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков