КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 552 токтому

2015-жылдын 27-февралындагы «Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 85 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасынын (мындан ары - Программа) мындан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле иштин жетишкен жыйынтыктарын бекемдөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы  “Кыргыз Республикасынын калкынсоциалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө” №85токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин:

- бүтүндөй текстеги ар кайсы жөндөмөлөрдө турган “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги” сөздөрү “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкөнүгүү министрлиги”сөздөрүнө тиешелүү жөндөмөмүчөлөрүуланып, өзгөртүлсүн;

- 1-пунктун үчүнчү абзацында«2015» цифралары «2016» цифралары менен өзгөртүлсүн;

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата Программасында:

19-пунктун сегизинчи абзацы, 28 жана 39-пунктулары, 42-пунктун онунчу абзацы, 44-пунктун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

    45-пункттөмөндөгүдөйабзац менен толукталсын:

“Программадагы алдыга коюлганмилдеттерди аткарууүчүнконкреттүү чаралар жана иш-аракеттер Иш-чаралар планында келтирилген.”;

 -жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнчаИш-чаралар планыушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасын мониторингдөө үчүн индикаторлор Матрицасында:

бүтүндөйтекстеги “СӨМ” жана “ЭМЖМ” аббревиатуралары “ЭСӨМ” аббревиатурасына алмаштырылсын;

4-пунктун“Индикатордунаталышы”графасында “базалык” сөзү “мурунку жылдагы” сөздөрү менен алмаштырылсын;

5-пунктутөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

5

Майып-туулук-тун алдын алуу жана болтур- бооТөрөлгөндөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны

%

Иш жүзүн-дөгү дина-мика

Иш жүзүн-дөгү дина-мика

Иш жүзүн-дөгү дина-мика

2% төмөндөгөн

УCK, ССМ

ССМ, ЭСӨМ
Өндүрүштө майыптуулукту алган адамдардын саны

Адам

20

20

17

12

УСК, ЭСӨМЭСӨМ,  ЭЖММ, Экотех-инспек-ция

”;

6-пункттагы “алууга муктаж болгондордон” сөздөрү “кызматты алуу үчүн кайрылгандардан” сөздөрү менен алмаштырылсын;

- кыскартылган аталыштардын тизмесиушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

         Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков