КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-октябры № 233
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти (мындан ары - Регламент) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Регламентти жетекчиликке жана кынтыксыз аткарууга алсын;
- борбордук аппараттарда жана түзүмдүк бөлүмдөрдө Регламенттин жоболорун изилдеп үйрөнүү боюнча ишти уюштурсун;
- эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
РЕГЛАМЕНТИ
I. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) аткаруу бийлигинин жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) баш иет жана ага отчет берет.
Министрлер Кабинети өзүнө баш ийген министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектейт.
3. Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) Министрлер Кабинетинин ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын алып барат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берет, Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин жана Министрлер Кабинетине тапшырмаларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) токтомдорунун ишке ашырылышын контролдойт, аткарылган иштер боюнча алардан отчетторду сурайт.
4. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Президенттин жарлыктарынын, тескемелеринин жана тапшырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
Министрлер Кабинети актыларын токтом жана тескеме түрүндө чыгарат. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
5. Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ал эми ал жок учурда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары) кол коёт, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирет жана жарыяланууга тийиш.
6. Министрлер Кабинети өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну уюштурат жана аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын аткарылышын системалуу түрдө контролдоону жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
7. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Президенттин ченемдик укуктук актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын контролдоо максатында Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын отчетторун жана маалыматтарын угат, аталган органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ишин баалайт, аткаруу бийлигинин органдарынын актыларын жокко чыгаруу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
8. Министрлер Кабинетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору каралууга тийиш.
9. Ушул Регламенттин 8-пунктунда аталган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле башка документтер Министрлер Кабинетинин кароосуна Президент, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлигинин органдарынын биринчи жетекчилери тарабынан гана киргизилиши мүмкүн. Актылардын долбоорлорун башка жактардын киргизүүсүнө жол берилбейт, эгерде киргизилсе, алар кароосуз кайтарып берилет.
Мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагаларынын орун басарларынын дарегине тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси аркылуу гана кайрылышат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн дарегине Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу гана кайрылышат, буга жогоруда аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттануулар кирбейт.
10. Мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди Министрлер Кабинетинин жыйналышында кароонун жыйынтыктары Министрлер Кабинетинин жыйналышынын протоколдору менен таризделет.
11. Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын наамына ушул Регламенттин 9-пунктунда каралбаган же ушул пункттун талаптарын бузуу менен мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген кайрылуулар дарек ээсине кароосуз кайтарылып берилет.
12. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын, Министрлер Кабинетинин башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштарды камтыган Министрлер Кабинетине кайрылуулар министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын карамагына кирген чөйрөлөргө ылайык жиберилет.
Аталган органдар кайрылууларды иштеп чыгат, өз компетенциясынын чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алат, зарыл болгон учурда Министрлер Кабинетинин чечимин кабыл алуу талап кылынган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине киргизет жана кароонун жыйынтыктарын арыз ээлерине билдирет.
13. Бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржылоосу каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө өтүнүчтөрдү камтыган кайрылуулар жана каттар Министрлер Кабинети тарабынан каралбайт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) менен маселени иштеп чыгуу үчүн дарек ээсине кайтарылып берилет.
Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз алдынча чечилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери кабыл алынбайт.
14. Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдору, тескемелери Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдору Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан таризделет жана таркатылат.
15. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын резолюциялары, тапшырмалары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катчылыгы (мындан ары - Катчылык) тарабынан даярдалат жана министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет. Тапшырманын көчүрмөсү компетенциясына кирген маселелерге жараша Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө (мындан ары - Президенттин Администрациясы) жиберилет.
16. Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ченемдик укуктук актыларында, Министрлер Кабинетинде өткөрүлгөн жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын резолюцияларында камтылган тапшырмалардын аткаруу мөөнөтүн контролдоо Президенттин Администрациясы тарабынан ишке ашырылат.
17. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө маалыматка жетүүсү жана Министрлер Кабинетинде каралган маселелер жана материалдар боюнча маалыматтарды жалпы пайдалануудагы маалымат системаларына жайгаштыруунун тартиби мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруунун тартиби жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
Министрлер Кабинетинин кароосуна келип түшкөн документтер, ошондой эле алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарыяланганга чейин кызматтык маалыматты камтыган материалдарга кирет.
II. Министрлер Кабинетинин ишин пландоо жана уюштуруу
18. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Президенттин жарлыктарына, тескемелерине жана тапшырмаларына ылайык стратегияларды, программаларды жана Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилүүчү социалдык-экономикалык жана социалдык-маданий өнүктүрүүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын кабыл алат, ошондой эле өзүнүн мыйзам долбоорлоо ишин, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын жана башка иш-чараларды өткөрүүнү пландайт.
19. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өздөрүнүн иштерин Президент тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жумушчу органдардын жана комиссиялардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) пленардык жыйналыштарына, Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйналыштарына, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү үчүн башка милдеттүү болгон пландалган иш-чараларга катышуу зарылдыгын эске алуу менен пландаштырат.
20. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери ишенип берилген аймактан сыртка чыгууну Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашуусу керек.
Министрлердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлүк иш сапарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен, ал эми ал жок болгон учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин өргүүлөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен жазуу жүзүндө өргүү башталганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен макулдашылат.
Министрдин орун басарларынын, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын чет өлкөлүк иш сапарлары министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин макулдугу менен ишке ашырылат.
21. Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйналыштары бекитилген план боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында маселелерди кароо кварталга пландалат. Министрлер Кабинетинин кезектеги кварталга жыйналыштарынын планы ар бир маселенин карала турган датасын жана маселени даярдоо үчүн жооптуу болгон министрликтерди, администрациялык ведомстволорду жана аткаруу бийлигинин башка органдарын көрсөтүү менен жыйналыштарда каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесинен турат.
22. Министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары кезектеги квартал башталганга чейин 1 айдан кечиктирбестен Президенттин Администрациясына Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон маселелерди датасын көрсөтүү менен, ошондой эле аларды кароо зарылдыгын негиздеп киргизет.
23. Ушул Регламенттин 22-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштардын негизинде кезектеги квартал башталганга чейин 14 күндөн кечиктирбестен Президенттин Администрациясы кезектеги пландуу мезгилге Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планынын долбоорун түзөт.
24. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планынын долбоору квартал башталганга чейин 10 күндөн кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет. Бекитилген планды өзгөртүү, пландан маселелерди алып салуу жөнүндө чечимди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жеке өзү же маселени даярдоого жооптуу аткаруу бийлигинин органынын жетекчисинин жүйөлүү сунушу боюнча кабыл алат.
25. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кошумча (пландан тышкары) маселелерди кароо Президенттин, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
26. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кароого тиешелүү материалдарды даярдоо тапшырылган министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери алардын сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
27. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар планда аныкталган маселени кароо датасына чейин 14 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
Президенттин Администрациясы министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери тарабынан Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилген материалдардын мазмунун өзгөртүүгө укугу жок.
28. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралган маселелер боюнча, эгерде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Бул учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн Министрлер Кабинетинин чечимине андан ары виза коюусу талап кылынбайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө фамилияларды көрсөтүү менен протокол түзүлөт, ага Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги, тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы кол коёт.
29. Кечиктирүүгө жол берилбеген айрым маселелер боюнча же Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында талкуулоо зарыл болбогон маселелер боюнча Министрлер Кабинети жыйналыш өткөрбөстөн чечим кабыл ала алат. Бул учурларда Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен жазуу жүзүндөгү сурамжылоо аркылуу макулдашылат.
Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери менен гана макулдашуу шартын сактоо менен даярдалат.
30. Мыйзамдардын долбоорлору, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун, башка документтер Министрлер Кабинетине Президенттин Администрациясынын Регламентинде аныкталган тартипте берилет жана кароого даярдалат.
Президенттин компетенциясына кирген же Жогорку Кеңештин чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштар, эгерде Президенттин, Министрлер Кабинетинин чечиминде башкача каралбаса, министрликтер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Президенттин Администрациясы аркылуу гана киргизилет.
Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлору Министрлер Кабинетинин кароосуна кезексиз тартипте ыкчам киргизилет.
III. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрүү тартиби
31. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан жыйналыштан 5 күн мурун түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Министрлер Кабинетинин Төрагасына берилет.
Материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчиликти Министрлер Кабинетинин мүчөсү жана администрациялык ведомствонун же аткаруу бийлигинин башка органынын биринчи жетекчиси гана тартат, ал документти Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет жана анын даярдалышы үчүн жооптуу болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жактырылган Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору жана тийиштүү материалдар жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен анын катышуучуларына жиберилет.
Материалдар өз убагында берилбеген, ошондой эле Министрлер Кабинетинин жыйналышына начар даярдалган документтер берилген же толук көлөмдө берилбеген учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасы же аны менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары пландаштырылган маселени кароодон алып салуу же аны кароону башка мөөнөткө жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
32. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын күн тартиби Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан түздөн-түз Министрлер Кабинетинин жыйналышында добуш берүү менен бекитилет.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, ошондой эле каралып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери чакырылышы мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын курамы, Министрлер Кабинетинин жыйналышына маселени киргизген министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштарынын негизинде жыйналышты даярдоого жооптуу Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги тарабынан аныкталат.
Министрлер Кабинетинин жыйналышына каралып жаткан маселелер боюнча материалдарды даярдоого түздөн-түз катышкан Президенттин Администрациясынын кызматкерлери да чакырылат.
33. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын катышуучуларын каттоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясы тарабынан жүргүзүлөт.
34. Министрлер Кабинетинин жыйналышы, эгерде ага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
35. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына Президент төрагалык кылат.
36. Министрлер Кабинетинин жыйналыштары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан чакырылышы жана анын төрагалыгы астында өткөрүлүшү мүмкүн.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон учурда анын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары аткарат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана министрлер Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына жеке катышат. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышуу мүмкүн болбогон учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана министрлер бул жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына билдиришет.
Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйналыштары Президенттин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар шарттарында белгиленген санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында Министрлер Кабинетинин жыйналыштары аралык (онлайн) режиминде өткөрүлүшү мүмкүн. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын аралык (онлайн) режиминде өткөрүү тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекиткен Жобо менен аныкталат.
37. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында анын күн тартибиндеги маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери же алардын милдеттерин аткарган адамдар баяндама жасашат.
38. Министрлер Кабинетинин жыйналышында баяндама жасоо үчүн убакыт 15 мүнөттүн чегинде, кошумча баяндамалар үчүн - 10 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыккандар үчүн - 5 мүнөткө чейин белгиленет. Мында жыйналышта төрагалык кылуучунун чечими боюнча белгиленген убакыт узартылышы мүмкүн.
39. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында чечимдер Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, жыйналышта төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
40. Министрлер Кабинетинин жыйналышында каралган маселе боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жыйналыштын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
41. Министрлер Кабинетинин жабык жыйналыштарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкуулоодо) материалдарды даярдоо, жыйналышка кирүү, протоколдорду жана кабыл алынган актыларды тариздөө жашыруун документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин жана жашыруун режим сактоо менен жүргүзүлөт.
IV. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди тариздөө
42. Министрлер Кабинетинин жыйналышында кабыл алынган чечим ал кабыл алынган жыйналыштын датасы менен таризделет. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын протоколу Президенттин Администрациясы тарабынан жыйналыш аяктагандан кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен таризделет, жыйналышка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат жана Министрлер Кабинетинин бардык мүчөлөрүнө, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, башка мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга жиберилет.
43. Сунуштар жана сын пикирлер айтылган Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин долбоорлорун, жыйналышта каралган башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыккан учурда, Министрлер Кабинети министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмаларды берет. Эгерде толуктап иштеп чыгуунун мөөнөтү атайын каралбаса, анда ал 5 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө аткарылат.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралган башка маселелер боюнча тапшырмалары ушул Регламентте каралган мөөнөттөрдө аткарылат.
44. Президенттин Администрациясы белгиленген тартипте:
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралууга тийиш болгон маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына берет;
- Министрлер Кабинетинин жыйналыштары аяктагандан кийин Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жыйналышта каралган маселелер боюнча басма сөз-конференцияларын (брифингдерин) уюштурат, жыйналыштарда каралган маселелер жөнүндө жана бул маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымат берүүнү камсыз кылат.
45. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кино, видео жана фото тартууларды, аудио жазууларды жүзөгө ашыруу Министрлер Кабинетинин тиешелүү жыйналышын өткөрүүгө жооптуу Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги аныктоочу тартипте уюштурулат.
Президенттин Администрациясы жыйналыштарды, анын ичинен жабык жыйналыштарды аудио жазууну камсыз кылат. Аудио жазуу зарылдыгына жараша Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча чечмеленет.
Жыйналыштын катышуучуларына жана чакырылган адамдарга жыйналышка кино, видео жана фотоаппараттарды, үн жазуучу түзүлүштөрдү, ошондой эле уюлдук телефондорду кошкондо, байланыш каражаттарын алып кирүүгө уруксат берилбейт.
Президенттин Администрациясынын карамагындагы маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардын алуусу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
V. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында жана Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруунун тартиби
46. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жарлыктарын, тескемелерин, ошондой эле Президенттин Министрлер Кабинетине тапшырмаларын аткарууну уюштуруу максатында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары чыгарылат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин министрликтерге, административдик ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалары берилет.
47. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында жана Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин алар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелердин протоколдорунда жана резолюцияларда камтылган тапшырмаларын (мындан ары - тапшырма) аткаруу тапшырма даректелген министрлер, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери тарабынан уюштурулат.
48. Бул тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясынын аткарууну контролдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт, ал тапшырмаларды аткаруучуга ыкчам жеткирүү максатында аларды факсимилдик байланыш же телефонограмма аркылуу бериши мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы аткаруучу факсимилдик байланыштын жардамы же телефонограмма менен берилген маалыматтарды алган жана каттаган күндөн тартып белгиленет.
49. Тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүү Президенттин Администрациясы тарабынан 2 күндүк мөөнөттө, ал эми шашылыш жана ыкчам тапшырмаларды - токтоосуз, бирок аларга кол коюлган учурдан тартып бир күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен камсыз кылынат.
Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга актынын көчүрмөсүн жиберүү аркылуу жеткирилет.
Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга жыйналыштын протоколунун көчүрмөлөрүн жөнөтүү аркылуу жеткирилет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниктери өткөргөн кеңешмелердин протоколдорунда жана алар караган документтер боюнча резолюцияларда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга кеңешменин протоколунун көчүрмөсүн же көчүрмө бөлүгүн же белгиленген тартипте таризделген резолюцияны жөнөтүү аркылуу жеткирилет.
50. Тапшырмада эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага кол коюлган дата анын башталышы деп эсептелет.
Эгерде тапшырманын текстинде аткаруу датасынын же убакыт мезгилинин ордуна "өтө шашылыш", "шашылыш" деген көрсөтмө болсо, тапшырма тийиштүүлүгүнө жараша 2 жана 3 жумуш күндө аткарылууга тийиш.
Эгерде тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, тапшырма 10 жумуш күндүн ичинде аткарылууга тийиш. Макулдашуу боюнча аткаруу мөөнөтү бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
Эгерде объективдүү себептер боюнча тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткарууга мүмкүн болбогон учурда, аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын жетекчилери Министрлер Кабинетине себептерин жана пландалган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөттү узартуу жөнүндө сунуш киргизет.
Мындай сунуштар тапшырмага (чечимге) кол коюлган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен киргизилет. Шашылыш тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү узартылбайт.
51. Эгерде тапшырма аткаруу бийлигинин бир нече органдарына берилсе, анда "жооптуу" деген сөз менен белгиленген аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси тапшырманын негизги аткаруучусу болуп саналат, анын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана ишти уюштурат. Кошо аткаруучулар жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органга тиешелүү органдын жетекчиси (анын орун басары) кол койгон сунуштарды тапшырманы аткарууга бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымында беришет.
Жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган документтин жыйынтык долбоорун макулдашуунун жана даярдоонун тартибин аныктайт. Тапшырманы кыскача мөөнөттө аткаруу зарыл болгон учурда жооптуу деп бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган тапшырманы ыкчам тартипте аткарууну уюштурат, ал үчүн жумушчу топторду түзөт жана макулдашуучу кеңешмелерди өткөрөт.
52. Эгерде тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманын аткаруучусу (негизги аткаруучу) тапшырманы аткарууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде Министрлер Кабинетине тапшырманы аткаруунун абалы, аны белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө тапшырманы аткаруу жүктөлгөн кызмат адамдарын көрсөтүү менен жана тапшырманын аткарылбаганына күнөөлүү кызматкерлерге карата көрүлгөн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалымат берет.
53. Президент Министрлер Кабинетине берген тапшырманы аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Президентке тиешелүү баяндама жиберилет, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын көрсөтмөсү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары Министрлер Кабинетинин Төрагасына тиешелүү түрдө маалымдоо менен кол коюшат.
Президенттин Министрлер Кабинетине тапшырмасын аткаруу үчүн берилген тапшырманын негизги аткаруучусу Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарына тапшырманы аткаруу жөнүндө баяндаманы, эгерде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Президентке баяндаманын долбоорун тиркөө менен берет.
Эгерде Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарларына жана ошол эле убакта аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерине тапшырма берсе, анда кошумча тапшырма бербесе болот, ал эми Президентке баяндаманын долбоорун жана башка зарыл болгон материалдарды тиркөө менен аткаруу жөнүндө баяндама Президент белгилеген мөөнөт аяктаганга чейин 7 күн мурда Министрлер Кабинетине берилет.
54. Эгерде Президент министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, административдик ведомствонун жетекчисине же аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисине түздөн-түз тапшырма берген учурда, же болбосо Министрлер Кабинетинин карамагындагы маселелер боюнча тапшырма министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, административдик ведомствонун жетекчисине же аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисине берилсе, көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери Министрлер Кабинетинин Төрагасына Президенттен тапшырма алгандыгы жөнүндө токтоосуз баяндашат, ал эми аткаруудан кийин Президентке анын тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берүү менен, ошол эле мезгилде бул жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына билдиришет.
VI. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши, Мыйзам долбоорлоо ишин пландоо
55. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Министрлер Кабинети мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу жолу менен мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашырат.
56. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши ал бекиткен мыйзам долбоорлоо ишинин планына, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну караган Министрлер Кабинетинин башка актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
57. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишинин пландарынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштарынын негизинде түзүлөт.
Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишинин планынын долбооруна киргизүү үчүн Юстиция министрлигине берилүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуш мыйзам долбоорунун жумушчу аталышын жана анын концепциясын, мыйзам долбоорун даярдоого жооптуу министрликтин, административдик ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын аталышын, кошо аткаруучулардын тизмесин жана мыйзам долбоорун Министрлер Кабинетинде кароонун жана аны Жогорку Кеңешке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөттөрүн камтууга тийиш.
Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишинин пландарынын долбоорлору алдын ала эксперттик баалоо жүргүзгөндөн кийин мыйзам долбоорлорунун концепцияларын тиркөө менен Юстиция министрлиги тарабынан Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизилет.
58. Юстиция министрлиги мыйзам долбоорлоо ишинин планынын долбооруна министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ушул Регламенттин 57-пунктунун талаптарына жооп бербеген сунуштарын киргизбөөгө укуктуу.
59. Министрлер Кабинети Президентке Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө, ошондой эле Президентин мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча тапшырмаларынын Министрлер Кабинети тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
60. Министрлер Кабинети мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу менен мыйзам долбоорлорун карайт жана Жогорку Кеңешке киргизет, Жогорку Кеңештин, ошондой эле Президенттин мыйзам долбоорлоо ишине катышат.
Министрлер Кабинети зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңешке Министрлер Кабинети демилге кылган жана кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлорунун тизмегин аларды кезексиз тартипте кароого жиберет.
61. Министрлер Кабинетине кароо үчүн мыйзам долбоору төмөнкү материалдар менен берилет:
- мыйзамдык жөнгө салуу предметинин баяндалышын жана мыйзам долбоорунун концепциясын камтыган түшүндүрмө кат;
- финансылык-экономикалык негиздеме;
- бул мыйзам долбоорун киргизүүгө байланыштуу күчүн жоготту деп таанууга, өзгөртүүгө, толуктоого же кабыл алууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын, анын ичинен мыйзам долбоорунун ченемдерин колдонууну камсыздоо үчүн зарыл болгон Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын толук тизмеги;
- Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган учурда Министрлер Кабинетинин расмий өкүлүн дайындоо жөнүндө токтомунун долбоору.
62. Мыйзам долбоору Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркөө менен киргизилет.
63. Жогорку Кеңешке Министрлер Кабинети киргизген мыйзам долбоору боюнча Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү дайындалат.
Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелүү болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктардын толук көлөмү расмий өкүлдүн стенограммада белгиленген чыгып сүйлөөсү, каралып жаткан маселе боюнча Министрлер Кабинетинин көз карашы болуп санала тургандыгын билдирет. Ыйгарым укуктардын чектелүү көлөмү мыйзам долбоорлоруна талкуулоонун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөрдү Министрлер Кабинети менен расмий өкүлдүн алдын ала макулдашуусун билдирет.
Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү белгиленген тартипте Министрлер Кабинети тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун же башка ченемдик укуктук актысын кароодо Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына катышат.
Министрлер Кабинети Жогорку Кеңештин жыйналышында каралганга чейин берилген мыйзам долбоорун жана башка актыны Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорун жана башка ченемдик укуктук актыны чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү токтомун Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен чакыртып алууга укуктуу.
64. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү (мындан ары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү) Министрлер Кабинетинин жана Жогорку Кеңештин өз ара аракеттенүүсүн жана үзгүлтүксүз байланышын камсыз кылат.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышат, Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга милдеттүү, каралып жаткан башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Министрлер Кабинети мыйзам чыгаруу демилгеси катары киргизген мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишине катышат.
Министрлер Кабинети Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүчү мыйзам долбоорлору боюнча бардык токтомдорго жана корутундуларга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү виза коюуга тийиш.
65. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин расмий өкүлдөрүнө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө зарыл болгон маалыматтарды берүү, Жогорку Кеңештин комитеттеринин мыйзам долбоорлорун кароосуна түздөн-түз катышуу, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, консультацияларды жана кеңешмелерди өткөрүү, керектүү адистерди жиберүү ж.б. аркылуу Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун жылдырууга жана кабыл алууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун жылдыруу жана кабыл алуу боюнча ишке тартуу расмий өкүлдөр жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылат.
Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеште расмий өкүлдөрүн алмаштырууга Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин негизинде гана жол берилет.
66. Кезектеги финансы жылына республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.
Министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары иштеп чыккан республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата материалдар жана сунуштар алар тарабынан Финансы министрлигине берилет. Министрликтердин карамагында турган аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары Финансы министрлигине тийиштүү министрликтер тарабынан берилет.
Жогорку Кеңешке киргизилүүгө тийиш болгон мыйзам долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгуучу министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бирге аларды Министрлер Кабинетине берүү үчүн Финансы министрлигине жиберишет.
67. Министрлер Кабинети тарабынан жактырылган республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди жана материалдарды тиркөө менен Жогорку Кеңешке киргизилет.
68. Учурдагы жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна Министрлер Кабинети тарабынан өзгөчө учурларда, пайда болгон кошумча чыгымдардын же республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө мүмкүн болгон кем түшүүлөрдү жабууну каржылоонун булактарын милдеттүү көрсөтүү менен киргизилет.
VII. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештин ишине катышуусунун тартиби
69. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин жыйналыштарына катышып жана чыгып сүйлөй алышат.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жыйналышка чейин 5 күн мурда алынган Жогорку Кеңештин чакыруусу боюнча жыйналышка катышууга жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
Жогорку Кеңештин жыйналышына чакырылган Министрлер Кабинетинин мүчөсү бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымдайт.
Жогорку Кеңештин жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Министрлер Кабинетинин мүчөсү Жогорку Кеңешке жыйналышка келип жана коюлган маселелерге жооп бере алган кызмат адамын көрсөтүү менен өзүнүн жок болуусунун себеби жөнүндө алдын ала кабарлайт.
70. Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан алардын карамагындагы маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуулар жиберилген Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тийиштүү комитеттерге алар менен макулдашылган мөөнөттөрдө жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кароонун жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдашат.
71. Мыйзам долбоорлоруна жана башка ченемдик укуктук актыларга Министрлер Кабинетинин корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий чакырып алууларынын долбоорлорун даярдоо министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештен Министрлер Кабинетинин макулдашуусуна финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл материалдар менен келип түшкөн мыйзам долбоору 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан корутундунун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, анын ичинде милдеттүү тартипте - Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Юстиция министрлигине жиберилет, алар мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен өздөрүнүн сунуштарын негизги аткаруучуга жиберишет.
72. Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн келип түшкөн мыйзам долбоору, эгерде мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Төрагасынын колу менен түшсө, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл болгон материалдары жок Министрлер Кабинетине корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын жана депутатынын колу менен келип түшкөн мыйзам долбоору Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги тарабынан корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
73. Негизги аткаруучу мыйзам долбоору келип түшкөн датадан тартып 15 күндүк мөөнөттө корутундунун же расмий чакыртып алуунун долбоорун даярдоону, аны макулдашууну жана Министрлер Кабинетине берүүнү камсыз кылат, ал эми көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берүүгө мүмкүн болбогон учурда Жогорку Кеңеш менен мөөнөттү узартууну макулдашат жана жетишилген макулдашуу жөнүндө Министрлер Кабинетине жазуу жүзүндө маалымдайт.
Министрлер Кабинетине Жогорку Кеңештен чакыртып алууларды, сын пикирлерди жана сунуштарды суроо менен келип түшкөн мыйзам долбоорлору 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан Министрлер Кабинетинин расмий чакыртып алууларынын долбоорлорун даярдоо үчүн аткаруу бийлигинин тийиштүү органына жиберилет.
74. Министрлер Кабинетинин корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий чакыртып алууларынын долбоорлорун даярдоо ушул Регламенттин 71 жана 73-пункттарында каралган кошо аткаруучулардын материалдарды берүүсүнүн мөөнөттөрүн сактоо менен, мыйзам долбоору Министрлер Кабинетине келип түшкөн датадан тартып - 20 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Эгерде Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинети менен кыйла кыска мөөнөттү макулдашса, негизги аткаруучу тийиштүү долбоорлорду ыкчам даярдоону уюштурат.
75. Министрлер Кабинетинин корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра чакыртып алууларынын долбоорлору Министрлер Кабинетине министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын биринчи жетекчилери же болбосо алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан гана Жогорку Кеңештен жана аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынан келип түшкөн бардык материалдарды тиркөө менен киргизилет.
Министрлер Кабинетинин корутундуларынын, түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра чакыртып алууларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, ал жок учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.
76. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан уюштурулат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана комитеттеринин суроо-талаптары боюнча министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары Жогорку Кеңешке берген материалдардын көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө Президентин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Жогорку Кеңешке жиберет.
77. Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, министрге парламенттик суроо-талапка жооптун долбоорун даярдоону алардын тапшырмасы боюнча министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жүзөгө ашырат.
Жогорку Кеңештин Төрагасы кол койгон парламенттик суроо-талапка жооп парламенттик суроо-талапты алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары тарабынан оозеки (Жогорку Кеңештин жыйынында) же жазуу жүзүндө берилет.
Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына же анын орун басарларына депутаттык суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө Президенттин Администрациясы тарабынан министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жоопту даярдоо жана берүү үчүн жиберилет.
Жооп аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү жетекчиси же анын орун басары тарабынан жазуу жүзүндө, депутаттык суроо-талап Министрлер Кабинетине келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен берилет. Депутаттык суроо-талапка жооптордун көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
78. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын алардын карамагындагы маселелер боюнча Министрлер Кабинетине келип түшкөн кайрылуулары Президенттин Администрациясы тарабынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча жоопту даярдоо жана берүү үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына жиберилет.
Аталган кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө кайрылуу Министрлер Кабинетине келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө тийиштүү комитеттерге же убактылуу комиссияларга билдирилет. Билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жиберилет.
VIII. Министрлер Кабинетинин сот бийлигинин органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби
79. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы (мындан ары - Судьялар кеңешинин төрагасы), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык соттун төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку соттун төрагасы) төрагалары менен өз ара аракеттенип, соттордун ишин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат.
80. Судьялар кеңешинин төрагасы, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагалары жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору пикир келишпестиктерди четтетүү максатында соттордун ишин финансылык камсыздоо бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун талкуулоого катышат.
Пикир келишпестиктер болгон учурда Министрлер Кабинети Судьялар кеңешинин, Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын сунуштарын республикалык бюджеттин долбооруна киргизет жана өзүнүн корутундусун тиркейт.
81. Конституциялык сот мыйзамдарды же алардын айрым жоболорун конституциялык эмес деп тааныган учурда, Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чараларды көрөт.
Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары же алардын айрым жоболору Конституциялык сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана Президенттин жарлыктарына ылайык келбейт деп таанылган учурда, Министрлер Кабинети аталган актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Соттун чечимдери Министрлер Кабинети тарабынан Министрлер Кабинетинин тийиштүү ченемдик укуктук актылары жөнөтүлгөн бардык министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана уюмдарга дароо билдирилет.
82. Сотко Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасына доо же башка талаптар коюлган учурда, Президенттин Администрациясы тийиштүү тапшырманы даярдайт жана аны министрликтин жетекчисине, административдик ведомствого, аткаруу бийлигинин башка органына сотто Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыгын билдирүү үчүн жиберет.
Келип чыккан талаш-тартышты чечүү үчүн Министрлер Кабинетинин сотко кайрылуусу зарыл болгон учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси же болбосо тапшырмасы менен аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына (билдирилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тийиштүү доо же башка талаптарды коюу жана сотто Министрлер Кабинетинин кызыкчылыгын билдирүү тапшырылат.
83. Өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген ыйгарым укуктарын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын бардык соттук инстанцияларындагы соттук жыйындарда (Конституциялык соттон башка) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат берүү укугу Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги тарабынан жүзөгө ашырылат.
Сотто Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирүү үчүн ишеним кат Президенттин Администрациясынын штатында турган адамдарга (анын компетенциясына кирген маселелер боюнча гана), министрликтердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине же ишке тартылган адвокаттарга берилиши мүмкүн.
84. Министрликтин, административдик ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органынын Министрлер Кабинетинин соттогу өкүлү болуп саналган жетекчиси соттук чечимдерди даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө Министрлер Кабинетине сотто ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө баяндоого милдеттүү.
Сот тарабынан Министрлер Кабинетине коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан доо жана башка талаптардан тышкары) канааттандырылган учурда, аткаруу бийлигинин органынын тийиштүү жетекчиси белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө кечиктирбестен баяндайт, соттун чечимине даттануу жөнүндө, ал эми соттун чечими күчүнө киргенден кийин - аны аткаруу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизет.
85. Эгерде соттук процесстин жүрүшүндө кийинкиге калтырууга болбой турган жагдайлар келип чыкпаса, соттор тарабынан Министрлер Кабинетине коюлган Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан доо же башка талаптарды кароонун натыйжалары жөнүндө маалымат отчеттук жарым жыл ичинде каралган бардык иштер боюнча Министрлер Кабинетине январдан жана июлдан кечиктирбестен берилет.
IX. Токтомдордун, тапшырмалардын жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби
86. Министрлер Кабинети Президенттин жарлыктарын, тескемелерин жана анын тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин координациялайт.
87. Президенттин Администрациясы тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тапшырмаларды аткаруунун жүрүшүн жана жыйынтыктарын системалуу түрдө карайт жана кемчиликтерди жоюу жана келип чыккан кыйынчылыктарды четтетүү боюнча оперативдүү тартипте чечимдерди кабыл алат, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарын угат жана чечимдерди, тапшырмаларды контролдон алып салуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
88. Республиканы социалдык-экономикалык жана социалдык-маданий өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруу, аналитикалык материалдарды даярдоо, Президенттин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, тескемелеринин долбоорлорун даярдоо боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын актыларын, токтомдорун, тескемелерин, протоколдук чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну контролдоо боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ишке ашырат.
X. Министрлер Кабинети кабыл алган чечимдерди чечмелөө (түшүндүрүү)
89. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөөнү (түшүндүрүү) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилүүчү циркулярдык кат (түшүндүрүү) түрүндө чыгарат.
Министрлер Кабинетинин мурда кабыл алынган чечимин расмий чечмелөөнү (түшүндүрүү) камтыган циркулярдык катты бекитүүчү тескеменин долбоору мазмуну чечмелөөгө (түшүндүрүү) муктаж болгон Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечиминин долбоорун иштеп чыккан министрлик, административдик ведомство, аткаруу бийлигинин башка органы тарабынан Юстиция министрлигине киргизилет.
Юстиция министрлиги аткаруу бийлигинин кызыкдар болгон органдары менен биргеликте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин акыркы долбоорун даярдайт, ага чечмелөөнүн (түшүндүрүүнүн) долбоорун даярдаган аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси, ошондой эле кызыкдар болгон министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери виза коёт.
Президенттин Администрациясы тарабынан тийиштүү тескеменин долбоору таризделет жана ушул Регламентте белгиленген тартипте тескеменин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизбестен чыгарууга даярдалат.
90. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин чечмелөөнү (түшүндүрүү) камтыган циркулярдык катты бекитүүчү тескемелери кодификацияланууга тийиш жана Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери менен катар Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте сакталууга тийиш.
XI. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартиби
91. Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын кайрылууларын кароону, алар боюнча чечимдерди кабыл алууну жана жоопту мыйзамда белгиленген мөөнөттө жиберүүнү камсыз кылат. Бул максатта Президенттин Администрациясы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жарандарды кабыл алуусун жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар менен иштөөнү уюштурат.
Министрлер Кабинетинде сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароо, ошондой эле жарандарды кабыл алуу "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка мыйзамдарга, Президенттин жарлыктарына, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
92. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери, тарабынан жарандарды кабыл алуусу Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан квартал сайын бекитилүүчү график боюнча жуманын белгиленген күндөрүндө жүргүзүлөт.
Жарандарды кабыл алууга жазуу жана уюштуруу Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан камсыз кылынат.
93. Жарандарды кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча чечимдерди аткарууну уюштуруу каралып жаткан маселелер компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин органдарына жүктөлөт.
94. Министрлер Кабинетине келип түшкөн жарандардын жеке жана жамааттык жазуу жүзүндөгү кайрылуулары менен иштөөнү Президенттин Администрациясы уюштурат. Кайрылуу мазмунуна жараша Президенттин Администрациясы тарабынан кароо жана жооп берүү үчүн кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген министрликтерге, административдик ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, сотторго жана прокуратура органдарына жиберилет.
95. Президенттин Администрациясы жарандардын каттарынын, арыздарынын жана даттанууларынын эсебин жүргүзөт. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды кабыл алуу жана аталган иште аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө квартал сайын Президенттин Администрациясына жазуу жүзүндө маалымат жөнөтөт.
XII. Министрлер Кабинетине караштуу координациялык жана кеңешүүчү органдар
96. Координациялык жана кеңешүүчү органдар экономика тармактарын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүн өнүктүрүү менен байланышкан сунуштарды даярдоону, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорун иштеп чыгууну жана алар боюнча пикир келишпестиктерди кароону камсыз кылуу үчүн, ошондой эле Министрлер Кабинетинин айрым тапшырмаларын аткаруу, Министрлер Кабинетинин же ага баш ийген органдардын карамагына кирген маселелерди кароо үчүн Министрлер Кабинетинин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими менен түзүлөт.
Координациялык жана кеңешүүчү органдардын компетенциясы, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби алар жөнүндө жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
97. Айрым учурларда Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдар маселелери ошол түзүлгөн органдар тарабынан каралууга же чечүүгө тийиш болгон министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен чечимдери менен түзүлүшү мүмкүн.
98. Координациялык жана кеңешүүчү органдар комиссиялар, уюштуруу комитеттери, кеңештер, жумушчу жана эксперттик топтор түрүндө түзүлөт. Координациялык жана кеңешүүчү органдар өкүлчүлүк негизде түзүлөт. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын курамына кайсы маселелерди чечүү үчүн түзүлгөндүгүнө жараша тийиштүү аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлигинин органдарынын, илимий уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын координациялык органдарда кеңешүүчү добуш берүү укугуна ээ өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
99. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет жана мыйзамда башкача каралбаса, сунуштоочу мүнөзгө ээ болот.
Координациялык жана кеңешүүчү органдардын чечимдерин аткаруу чечимдерде чагылдырылган маселелерди чечүү жүктөлгөн органдар тарабынан камсыз кылынат.
100. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу, эгерде алар тууралуу жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде башкача каралбаса, жетекчиси түзүлгөн органдын төрагасы болуп саналган аткаруу бийлигинин органына жүктөлөт.