Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, 2017-жылдын 1-марты № 131
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 357, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 850, 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568, 2019-жылдын 12-февралындагы № 51, 2019-жылдын 2-майындагы № 201, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 618, 2020-жылдын 27-февралындагы № 117, 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасынын өлчөмүн эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 5000 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо колдонулган кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенттери 2-4-тиркемелерге ылайык;
- административдик кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу эселүүлүк коэффициенттеринин торчосу 5-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын административдик кызмат орундарын ээлеген жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн колдонулуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүүчү коэффициенттери 6-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына класстык жана атайын чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 7-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
- ушул токтомдо каралган Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси 10-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568, 2019-жылдын 12-февралындагы № 51 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн ага эки айлык эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү;
- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк төлөнөрү;
- иштин жашырын мүнөзү үчүн мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык үстөк төлөнөрү;
- жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү жана төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн экендиги;
- мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка үстөктөр жана кошумча төлөөлөр эмгек акы төлөө фондунун чегинде төлөнүшү мүмкүн экендиги;
- муниципалдык кызматчыларга класстык чендери үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн тийиштүү жылга каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылары;
- ушул токтом күчүнө киргендигине байланыштуу, мурда колдонулган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга ыйгарылган эмгек акы төлөө торчосундагы кадамдар ушул токтомдун 5-тиркемесине шайкеш келтирилери;
- баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого жана класстык чендерди ыйгарууга сунуштамаларга карата жобонун ченемдери 2018-жылдын 1-январынан тартып колдонулары.
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык бул Мыйзамдын күчү жайылтылган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына эмгек акы төлөөдө чекиттик, системалуу эмес өзгөртүүлөргө мораторий белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен (макулдашуу боюнча) бирдикте мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасына которууну камсыз кылып жаткан мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн минималдуу базалык ставкаларынын өлчөмдөрүн этап-этабы менен өзгөртүү боюнча сунуштарды 2017-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
8. Ушул токтомдун 2-5-пункттары ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтыла тургандыгы белгиленсин. Ушул токтомдун 2-пунктунда, 3-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 4-пунктунда каралган ченемдер, анын ичинде ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга жайылтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ушул токтомдун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмесинин 1-пункту 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүн жогото тургандыгы белгиленсин.
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлундагы № 429 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун он жетинчи жана он сегизинчи абзацтары жана 2-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 579 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 458 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 759 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 46 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 166 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 23-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 387 токтому.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛҮҮЛҮК КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат орундун аталышы | Эселүүлүк коэффициенттери | |
Министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы, Социалдык фонддун төрагасы | 4,9 | |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, административдик ведомствонун директору (төрагасы), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы | 4,5 | |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - райондун акими | 3,8 |
3-тиркеме
Айрым мамлекеттик органдардагы саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛҮҮЛҮК КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466, 2019-жылдын 2-майындагы № 201 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызмат орундун аталышы | Эселүүлүк коэффициенттери | |
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын директору | 4,5 |
4-тиркеме
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык маяналарына
ЭСЕЛҮҮЛҮК КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742, 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кызматтын аталышы | Эселүүлүк коэффициенттери | |
1 | Бишкек шаарынын мэри, Ош шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык кеңешинин төрагасы | 4,5 |
2 | Облустук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, облустук маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын эки төрагасынан ашык эмес)(*) | 3,8 |
3-1 | Айылдык кеңештин төрагасы (калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болгондо) | 2.7 |
3 | Райондук маанидеги шаардык кеңештин төрагасы, райондук маанидеги шаардын мэри | 3,0 |
4 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адам жана андан жогору болгондо) | 2,7 |
5 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болгондо) | 2,6 |
(*) Эскертүү.
Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын учурдагы төрагаларынын орточо эмгек акысы алардын ыйгарым укуктары токтотулган учурга чейин сакталат. Андан кийин Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындалган/шайланган адамдарга эмгек акы ушул тиркемеде белгиленген коэффициенттердин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
5-тиркеме
Административдик кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу
ЭСЕЛҮҮЛҮК КОЭФФИЦИЕНТТЕРИНИН ТОРЧОСУ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 466, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 850 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат орундарынын классификациясы/кадамдары | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Жогорку "А" | 3,36 | 3,53 | 3,71 | 3,9 | 4,1 | 4,31 | 4,53 | 4,76 | 5,0 | 5,25 |
Жогорку "Б" | 3,05 | 3,2 | 3,36 | 3,53 | 3,71 | 3,9 | 4,1 | 4,31 | 4,53 | 4,76 |
Башкы "А" | 2,5 | 2,63 | 2,76 | 2,9 | 3,05 | 3,2 | 3,36 | 3,53 | 3,71 | 3,9 |
Башкы "Б" | 2,27 | 2,38 | 2,5 | 2,63 | 2,76 | 2,9 | 3,05 | 3,2 | 3,36 | 3,53 |
Улук "А" | 2,06 | 2,16 | 2,27 | 2,38 | 2,5 | 2,63 | 2,76 | 2,9 | 3,05 | 3,2 |
Улук "Б" | 1,88 | 1,97 | 2,07 | 2,17 | 2,28 | 2,39 | 2,51 | 2,64 | 2,77 | 2,91 |
Кенже "А" | 1,71 | 1,8 | 1,89 | 1,98 | 2,08 | 2,18 | 2,29 | 2,4 | 2,52 | 2,65 |
Кенже "Б" | 1,55 | 1,63 | 1,71 | 1,8 | 1,89 | 1,98 | 2,08 | 2,18 | 2,29 | 2,4 |
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" мурда күчүндө болгон токтомунун 4-тиркемесине ылайык ыйгарылган коэффициенттердин торчосундагы кадамдарды ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосуна шайкеш келтирүү максатында төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15 жана 16-кадамдар ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, министрликте иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 9-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14 жана 15-кадамдар ушул тиркемеде каралган эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, административдик ведомстводо иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 7-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемелери, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Окуу борбору үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемесинде иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 7-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынын) түзүмдөрү, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондорунун аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык кызматтары үчүн каралган коэффициеттердин торчосундагы 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 жана 13-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициеттердин торчосунда 5-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаарлардын) түзүмдөрү, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын административдик райондорунун райондук түзүмдөрү үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 жана 12-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, мамлекеттик органдын райондук түзүмүндө иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 4-кадамда турган мамлекеттик жарандык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, райондук маанидеги шаардын мэриясында иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 3-кадамда турган муниципалдык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 2-кадам белгиленет);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде айыл өкмөттөрү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары үчүн каралган коэффициенттердин торчосундагы 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдар ушул тиркемеде каралган коэффициенттердин торчосунда тиешелүү түрдө 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9 жана 10-кадамдарга барабар (мисалы, айыл өкмөтүндө иштеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесинде каралган коэффициенттердин торчосунда 3-кадамда турган муниципалдык кызматчыга ушул тиркемеде белгиленген эселүүлүк коэффициенттеринин торчосунда 3-кадам белгиленет).
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюунун же кайра уюштуруунун натыйжасында, анын штатын кыскартуунун натыйжасында кызматкер төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен, же кыйла төмөн базалык ставка менен төмөн турган категориядагы кызмат ордуна дайындалган учурда, кызматчыга жогоруда аталган орточо эмгек акысы сакталат же бул эмгек акылардын кайсынысы кыйла жогору экендигине жараша ушул тиркемеде белгиленген коэффициенттерди колдонууга негизделген эмгек акы төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруучу мүчөлөрү ыйгарым укуктарына ээ болгон аткаруучу кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык маянанын өлчөмдөрүн аныктоодо "Жогорку "А" позициясы үчүн каралган эселенген коэффициенттердин торчосуна ылайык колдонулуучу эселенген коэффициенттер белгиленет.
6-тиркеме
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн колдонулуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ТҮЗӨТҮҮЧҮ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 201, 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлдери | Коэффициент |
1 | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештер (калкынын саны 6001 адам жана андан жогору болгондо) жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | 1,0 |
2 | Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | 1,05 |
3 | Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук жана райондук маанидеги шаарлардын) түзүмдөрү, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү | 1,1 |
4 | Мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынын) түзүмдөрү, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык кызматтары | 1,16 |
5 | Мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби | 1,22 |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик ведомстволор, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тал боюнча улуттук комиссиясы | 1,28 |
7 | Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы | 1,35 |
7-тиркеме
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына класстык жана атайын чиндери үчүн үстөктөрдүн
ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 51 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Класстык жана атайын чин | Үстөктөрдүн өлчөмдөрү |
1. Жогорку кызмат орду | ||
1 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1800 |
2 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1700 |
3 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1600 |
2. Башкы кызмат орду | ||
4 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1400 |
5 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
6 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
3. Улук кызмат орду | ||
7 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору, 1-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору | 1000 |
8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, 2-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору | 900 |
9 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, 3-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору | 800 |
4. Кенже кызмат орду | ||
10 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, кенже юрист, муниципалдык кызматтын кенже инспектору | 600 |
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн
ПАЙЫЗДЫК ҮСТӨКТӨРДҮН ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктүн өлчөмдөрү |
1 | 1ден 3 жылга чейин | 5% |
2 | 3төн 5 жылга чейин | 10% |
3 | 5тен 10 жылга чейин | 15% |
4 | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
5 | 15тен 20 жылга чейин | 25% |
6 | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
7 | 25 жылдан ашык | 40% |
10-тиркеме
Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 742, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736, 2019-жылдын 12-февралындагы № 51, 2019-жылдын 2-майындагы № 201, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 618, 2020-жылдын 27-февралындагы № 117 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
Тизменин 1-пунктунун күчү тууралуу аталган токтомдун 9-пунктунан караңыз.
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-февралындагы № 51 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинен башка).
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).
12. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
13. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.
14. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-февралындагы № 117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги.
19-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).
23-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
26. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, облустук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, райондук соттордун жана аларга теңештирилген соттордун аппараттары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби.
27. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 201 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.
29. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы.
30. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).
30-1. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги (саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык кызматчылар).
31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (мамлекеттик жарандык кызматчылар).
33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын аппараттары.
34. Кызмат орундары Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары (мэриялар жана айыл өкмөттөрү) жана алардын бөлүмдөрү.
35. Өкүлчүлүктүү органдар (жергиликтүү кеңештер) (*), жергиликтүү кеңештердин аппараттары.
36. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.
Эскертүү.
Мамлекеттик органдарда эмгек акы төлөө шарттары борбордук аппараттардын, ведомстволук жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн мамлекеттик жарандык кызматчылары үчүн аныкталды.
(*) Жергиликтүү кеңештерде жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын жана республикалык маанидеги шаарлардын кеңештеринин төрагаларынын орун басарлары үчүн эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталды.