Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021 - жылдын 7 - майы ПЖ №134     

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 71-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлсүн.

     2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

    - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызмат орундары боюнча түзүмү жана штаттык саны 2-тиркемеге ылайык.

    3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү сунуштарды киргизсин жана зарыл чараларды көрсүн.

     4. Төмөнкүлөр күчүн  жоготту деп табылсын:

   - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 14 КПҮ Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

    - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8- октябрындагы № 195 КПҮ  "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы № 209 КПҮ  "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4- декабрындагы   № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын   бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 9- мартындагы № 50 КПҮ  "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Жарлыгы;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 64 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

     - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5- ноябрындагы № 148 КПҮ  "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

   - Кыргыз Республикасьшын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

    - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 4 КПҮ  "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасын Президенти                 С.Н. Жапаров

Бишкек ш., 2021-жылдын 7-майы ПЖ № 134

1-тиркеме


Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо

      1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз  баш ийген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ишин, ошондой эле ыйгарым укуктарын Президент аныктоочу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы) жана Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  (мындан ары - Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) ишин камсыз кылган мамлекеттик орган болуп эсептелет.

      2. Президенттин Администрациясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

      3. Президенттин Администрациясы юридикалык жактын статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, казыналык системада алыш-бериш жана башка эсептери болот.

   2. Президенттин Администрациясынын негизги милдеттери жана функциялары

      4. Президенттин Администрациясы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-талдоочулук, укуктук, протоколдук, уюштуруучулук, документтик жана башка жагынан камсыз кылат.

      5. Президенттин Администрациясынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

      1) Президенттин ишин камсыз кылуу:

      - элдик бийликтин үстөмдүгү чөйрөсүндө;

      - Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепили катары;

  - мамлекеттик бийликтин биримди жана уланмалуулугу, мамлекеттик органдардын макулдашылган иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү чөйрөсүндө;

  - мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө;

    - Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу  чөйрөсүндө;

     - Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика,  финансы жана социалдык чөйрөдөгү, процесстерге чара көрүү маселелеринде;

     - мамлекеттик башкаруу саясаты жана кадрдык саясат чөйрөсүндө;

     - ички жана тышкы саясат чөйрөсүндө;

     - маалымат чөйрөсүндө;

     - мамлекеттик өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндө;

   2) Президенттин аткаруу бийлигинин ишин жетектөөсүн  камсыз кылуу;

 3) Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин камсыз кылуу;

   4) Мамлекеттик катчынын ишин камсыз кылуу;

   5) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу,

  6) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди камсыз кылуу.

    6. Президенттин Администрациясы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүүсү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн:

       - Элдик Курултайды чакыруу зарыл болгон учурда Президент үчүн сунуштарды жана материалдарды даярдайт;

      - мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин маанилүү маселелери, анын ичинде улуттук маданияттын, тилдин, конфессиялар аралык жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө маселелери, башка коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болгон Элдик Курултайдын жыйналыштарына материалдарды даярдоого катышат;

   - Элдик Курултайдын жыйналыштарында жана чогулуштарында Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сөз сүйлөөсүн уюштурат жана материалдарын даярдайт;

      - аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген кызматына ылайыксыздагы жөнүндө Элдик курултайдын сунуштарын Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүүнү камсыз кылат.

      7. Президенттин Администрациясы ички саясаттын негизги багыттары боюнча төмөнкүлөргө катышат:

  - коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулбастыгын камсыз кылуу боюнча Президент аныктаган саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;

      - өлкөнүн эгемендигин, улуттук коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланмалуулугун, бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн, алардын элдин алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу боюнча Президенттин саясатын ишке ашыруу боюнча зарыл чаралардын комплексин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;

      - өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө  багытталган документтерди, ошондой эле аны ишке ашыруу, экономикалык, социалдык, саясий жана маданий чөйрөлөрдө реформаларды жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнүн механизмдерин жана тактикасын өркүндөтүү  боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга;

      - коомдук ынтымактын жана саясий туруктуулуктун конституциялык принциптерин ишке ашырууга;

      - Президенттин элге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш), Элдик Курултайга өлкөдөгү абал, мамлекеттин ички жана тышкы саясаттагы негизги багыттары жөнүндө ар жылдык кайрылуулары жана анын сүйлөөчү сөздөрү үчүн материалдарды даярдоого;

      - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Жогорку Кеңештеги жана башка иш-чаралардагы сүйлөөчү сөздөрүн жана материалдарын даярдоого;

      - Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн башка материалдарды даярдоого.

      8. Мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

      - укуктук саясат, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдардын ишиндеги мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү   жаатындагы документтерди иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу жана ушул багыттардагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

      - мыйзамдуулукту бекемдөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

      - соттук системаны реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү  камсыз кылуу;

      - коррупцияга каршы күрөшүү   боюнча мамлекеттик саясатты түзүү  жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана ушул багыттагы ишти жакшыртуу;

      - мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоо жана өнүктүрүү  боюнча сунуштарды даярдоо;

    - коррупцияны профилактикалоо боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик кызмат орундарын, мамлекеттик кызматтын кызмат орундарын жана менчигинде мамлекеттин үлүшү бар уюмдарда, фонддордо жана башка уюмдарда жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон жарандар берген кирешелер, чыгашалар жөнүндө, мулку жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүүнү, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка текшерүүлөрдү жүргүзүү;

   - адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо маселелери боюнча, ошондой эле жарандык жана ырайым кылуу маселелери боюнча материалдарды даярдоо;

      - Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ишин камсыз кылуу, анын ичинде Жогорку Кеңеш кабыл алган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзам долбоорлорун, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлорун экспертизалоону жүргүзүү;

      - Президенттин, Министрлер Кабинетинин прокуратура органдарына карата конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана алардын өз ара аракеттенүүсү боюнча ишин камсыз кылуу.

      9. Мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактары, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

   - Жогорку Кеңештеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жана аларда каралуучу маселелер жөнүндө Президентти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасын үзгүлтүксүз маалымдап туруу, мыйзам долбоорлору боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин позициясын түшүндүрүү;

   - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин тапшырмаларына ылайык алардын Жогорку Кеңештеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы (мындан ары - Конституциялык сот) өкүлчүлүгүнүн   функцияларын жүргүзүү;

      - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Конституциялык сотко кайрылууларынын долбоорлорун даярдоо;

      - Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Жогорку Кеңешке киргизүүсү үчүн мыйзам долбоорлорун даярдоону уюштуруу;

      - Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорлоруна түзөтүүлөрдү  даярдоону уюштуруу;

      - Президенттин кол коюусуна киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын экспертизалоону жүргүзүү;

      - Президент кол койгон мыйзамдарды жарыялоо же болбосо мыйзамдарды анын каршы пикири менен кайтаруу;

      - Президенттин төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу:

      Жогорку Кеңешке шайлоону дайындоо же Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;

      зарыл болгон учурларда каралууга жаткан маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен Жогорку Кеңештин көзексиз жыйналыштарын чакыруу;

      - Президент тарабынан киргизилген талапкерлерди шайлоо, дайындоо, бошотуу жана макулдук берүү үчүн сунуштоо;

      - судьяларды шайлоо, дайындоо, бошотуу, алардын ыйгарым укуктарын токтото туруу, кызматынан четтетүү, ротациялоо маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө  ашырууну камсыз кылуу;

   - сот органдарында конкреттүү иштер боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү жүзөгө   ашыруу;

      - сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен Президенттин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

      - жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

      - жергиликтүү  кеңештерге шайлоо жана аларды таратуу маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;

      - жергиликтүү  жамааттардын потенциалын күчөтүү  жана жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү  боюнча сунуштарды андан ары иштеп чыгуу менен алардын ролуна жана ишмердигине талдоо жүргүзүү   .

      10. Кыргыз Республикасын өнүктүрүү  маселелеринде Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу, экономикадагы, финансы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерге чара көрүү  максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

     - өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын өнүгүү процесстерине мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо жана келечектүү багыттар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;

     - мамлекеттик ресурстарды башкарууну уюштуруу жана юоординациялоо;

     - жагымдуу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты түзүү  жана илгерилетүү;

     - өлкөнү инновациялык өнүктүрүү  боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана координациялоо;

     - республиканы экономикалык жана аймактык өнүктүрүү  сценарийлерин жана болжолдорун даярдоо;

     - өлкөнүн экономикасындагы башкаруучулук процесстерге талдоо жүргүзүү ;

  - дүйнөдө жана региондо экономикалык кырдаалга талдоо жүргүзүү   жана потенциалдуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды баалоо жана аларды минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

     - ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерди, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу же бул маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;

     - ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерге, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерге мониторинг жүргүзүү, баа берүү жана аларды түзөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

      - аймактык өнүктүрүү  жана башкаруу, анын ичинде аймактык жана региондук өнүктүрүү, өлкөнун аймагында инфраструктураны модернизациялоо жана жайгаштыруу системасын пландоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу системасын түзүү  жана өркүндөтүү ;

      - региондорду өнүктүрүү  жана аймактарды башкаруу жаатьшда мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баа берүү;

     - Кыргыз Республикасын өнүктүрүү  саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү   жана баа берүү;

   - Президент тарабынан түзүлгөн коомдук институттардын ишин камсыз кылуу.

   11. Министрлер Кабинетине карата Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө   ашырат:

     - Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын түзүмүн өркүндөтүү  боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

   - аткаруу бийлигинин ишине жетекчиликти жүзөгө  ашыруу боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу, Президент үчүн Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды даярдоо, Президенттин тапшырмаларын аткаргандыгы жөнүндө материалдарды жана маалыматты суроо, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгаруу жөнүндө, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

    - Президентке анын төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды киргизүү, күн тартибин түзүү , тийиштүү материалдарды даярдоо;

      - Министрлер Кабинетинин, анын ичинде Президенттин төрагалыгы астында өткөн жыйналыштарда иштелип чыккан Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун макулдашуу;

      - Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлоруна, анын ичинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жогорку Кеңешке киргизүүчү мыйзамдардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү жана макулдашууну камсыз кылуу;

      - Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын оперативдүү жана башка кеңешмелерин өткөрүүнү уюштуруу, чакырылган адамдардын катышуусун камсыз кылуу, жыйналыштарды жана кеңешмелерди протоколдоштуруу, алардын жыйынтыгы боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо.

      12. Жергиликтүү  мамлекеттик администрацияларга карата жана региондук саясат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

      - жергиликтүү  мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнү уюштуруу жана аны белгиленген тартипте өткөрүүнү камсыз кылуу;

     - региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү   жана региондордогу абал жөнүндө Президентке маалымат берүү;

   - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин калк менен отчеттук жолугушууларды өткөрүүсүнө контролдук кылуу;

      - Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизүү:

      жергиликтүү  мамлекеттик администрациялардын ишин өркүндөтүү жөнүндө;

   жергиликтүү  мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун жокко чыгаруу же болбосо толук же жарым-жартылай токтотуу жөнүндө;

     региондук өнүктүрүү  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча;

     жергиликтүү  кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси боюнча.

    13. Тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

     - дүйнөлүк өнүгүү  процесстерине, ошондой эле эл аралык мамилелердин актуалдуу көйгөйлөрүнө мониторинг жүргүзүү , талдоо жана болжолдоо, тышкы саясий багытты түзүү  боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

     - эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоону камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча сунуштарды даярдоо;

     - эл аралык-укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эл аралык долбоорлорун түзүү, токтото туруу жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышуу;

     - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле чет мамлекеттердин саясий жана коомдук ишмерлери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

     - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда иш-сапарларды жана тышкы саясий иш-чараларды пландоо жана өткөрүү , анын ичинде аларды мазмундуу жана протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;

     - бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү   маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоону жана координациялоону жүзөгө  ашыруу.

     14. Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

     - мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү   жана баа берүү ;

  - мамлекеттик башкаруу саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашырылышын жалпы координациялоо, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык процесстер жөнүндө талдоо материалдарын даярдоо;

      - мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

      - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын региондорго жумушчу барууларын уюштуруу;

      - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин карамагындагы мамлекеттик органдарды инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

      - кадр маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

    - мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоо жана өнүктүрүү  жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

      - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана башка мамлекеттик уюмдардын ишин координациялоо;

      - мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды, жогорку аскердик, атайын наамдарды, атайын класстык чендерди, квалификациялык класстарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу боюнча Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизүү;

      - кадр маселелери боюнча сунуштарды киргизүү, кызматка дайындоодо жана бошотууда, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөөсү менен байланышкан башка маселелерди чечүүдө материалдарды тариздөө, ошондой эле алардын өздүк иштерин жүргүзүү  .

    15. Маалымат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө   ашырат:

       - мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү  боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;

  - санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга көмөк  көрсөтүү ;

      - Президент жүргүзгөн ички жана тышкы саясатты түшүндүрүү, анын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу;

      - Президент кол койгон мыйзамдарды жана анын актыларын жарыялоону камсыз кылуу;

      - өлкөдө жана чет өлкөдө социалдык-экономикалык жана саясий процесстер жөнүндө маалыматты чогултуу, иштетүү жана талдоо жүргүзүү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишине тиешелүү актуалдуу темаларга өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу.

     16. Жарандык өнүктүрүү , диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндө Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

     - этностор, этностор аралык мамилелер, дин жана жарандык коомду өнүктүрүү  жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;

     - этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер маселелери боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү  камсыз кылуу;

     - мамлекеттик жаштар саясаты, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, тарых, маданият, тил саясаты жана спорт багыттарын өркүндөтүү  боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;

     - элдин биримдигин консолидациялоо жана сактоо боюнча ишти уюштуруу.

     17. Коргоо жөндөмдүүлүгү, улуттук коопсуздук жана укук тартиби чөйрөсүндө Президенттин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат:

   - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) Башкы колбашчысынын ыйгарым укуктарын жүзөгө  ашыруу боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу;

     - улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү   жана бул багыттагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

      Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө  ашыруу;

     - өзгөчө же согуштук абал киргизүү маселелери, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзамдар менен каралган башка чаралар боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы катары Президенттин кабыл алуусу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;

     - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу;

     - коомдук укук тартибин, коомдук коопсуздукту, конституциялык түзүлүштү, коомдук тартипти коргоону, кылмыштуулукка каршы күрөштү, коррупцияны алдын алууну камсыз кылган укук коргоо органдарынын ишин координациялоо.

      18. Айрым функцияларды аткаруу боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:

      - Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Президентин жана Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө  ашыруу үчүн жумушчу комиссиялардын, топтордун, консультативдик кеңештердин жана комиссиялардын ишин координациялайт;

      - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ишин документ жагынан камсыз кылуу, анын ичинде талаптагыдай документ жүгүртүү, иш кагаздарын жүргүзүү    эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу жана мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жолу менен ишке ашырат;

      - мыйзамдарды кодификациялоону жана системалаштырууну жүргүзөт;

   - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жарлыктарынын жана буйруктарынын жоболорун расмий түшүндүрүү  жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;

      - кол коюлган мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларын каттоону жүргүзөт, аларды жарыялоону, таратууну жана сактоону камсыз кылат;

    - Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын жана тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышына контролдукту камсыз кылат;

      - Президентке кол коюуга келип түшкөн мыйзамдарды, Президенттин актыларынын долбоорлорун, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларын, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдорун, Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына кол коюуга киргизилүүчү каттарды жана башка документтерди лингвистикалык экспертизалоону камсыз кылат;

    - жарандарды кабыл алууну уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин жетекчилигине жана Президенттин Администрациясына даректелген кайрылууларын кароону жүргүзөт, бул кайрылуулар боюнча тапшырмалардын аткарылышын контролдойт;

      - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин коомдук кабылдамаларынын ишин камсыз кылат.

      19. Ушул Жобонун жогоруда көрсөтүлгөн пункттары менен каралбаган маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы төмөнкү функцияларды жүзөгө  ашырат: 

     - Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын аткаруу бийлик органдарынын аткаруусун координациялоо, мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

     - Министрлер Кабинетинин Регламентинин талаптарынын аткарылышын контролдоону жүргүзүү;

     - Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын катчылыгынын функцияларын жүзөгө ашыруу;

     - эл аралык делегациялардын жана уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алууну уюштуруу;

     - ЕврАзЭБде Министрлер Кабинетинин атынан иш алып баруу;

     - мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, делимитация жана чек ара аймактарын өнүктүрүү  маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана мониторинг, талдоо жүргүзүү  ;

     - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

     - аткаруу бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн  ишин өркүндөтүү  жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

     - электрондук документ жүгүртүү жана «электрондук Министрлер Кабинетин» иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишине бирдиктүү координацияны жүргүзүү;

     - Министрлер Кабинетинин иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле жашырындуулук режимин сактоону жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка маалыматтарды коргоону уюштуруу.

     20. Мамлекеттик катчысынын ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:

     - анын маданият, тарбия берүү, этностор аралык жана конфессиялар аралык маселелер боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

     - мамлекеттик жаштар саясаты, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, тарых, маданият, тил саясаты жана спорт багыттарын өркүндөтүү  боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;

     - иш кагаздарын жүргүзүүнү, документтерди сактоону жана архивдештирүүнү, жумушчу топторду түзүү ну жана алардын катышуусун жүзөгө  ашырат, аньш тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт жана иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.

     21. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Администрациясы:

     - балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча анын мамлекеттик органдар, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

      - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү  боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;

      - иш кагаздарын жүргүзүүнү, документтерди сактоону жана архивдештирүүнү, жумушчу топторду түзүүнү жана алардын катышуусун жүзөгө  ашырат, тапшырмалардын аткарылышын контролдойт жана анын иши менен байланышкан башка функцияларды аткарат.

      22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана (же) Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталган башка функцияларды аткарат.

    3. Президенттин Администрациясынын укуктары

      23. Президенттин Администрациясы төмөнкү укуктарга ээ:

      1) тапшырма берүүгө:

      министрликтерге жана башка аткаруу бийлик органдарына;

      атайын статусу бар мамлекеттик органдарга;

      сот адилеттигин жүргүзүүнүн, жазыктык куугунтуктоонун, алгачкы текшерүүнүн, алдын ала тергөөнүн, изин суутпай издөө ишинин функцияларын жүргүзүү    менен байланышпаган маселелер боюнча сот жана укук коргоо органдарына;

      соттук өз алдынча башкаруу жана судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо менен байланышпаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине;

      2) мамлекеттик органдардан жана кызмат адамдарынан зарыл маалыматты, документтерди жана башка материалдарды суроого жана алууга;

   3) тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишин координациялоого жана контролдоого, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын актыларынын жана тапшырмаларынын аткарылышына, анын ичинде Министрлер Кабинетинин, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын жетекчилигинин актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Президенттин, Министрлер Кабинетинин актыларына ылайыктыгына текшерүүлөрдү  уюштурууга;

   4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин актыларын жана тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө табылган бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну талап кылууга;

      5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын бузууларды, аларды сактабоонун, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмаларын аткарбоонун фактыларын жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;

     6) тиешелүү кызмат адамдарынан оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү угууга жана талап кылууга;

    7) Президентке жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине Президенттин Администрациясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө дайыма баяндама берип турууга;

    8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларын кароого жиберүүгө;

    9) Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жумушчу комиссияларды, топторду, консультативдик кеңештерди жана комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө;

     10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча жана жеке демилгеси менен белгиленген тартипте кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы боюнча Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.

     11) мамлекеттик кызмат орундарын уюштуруу жана алар жөнүндө жоболорду бекитүү боюнча Президентке сунуш киргизет.

     Президенттин Администрациясы өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка укуктарды жүзөгө  ашырат.

4. Президенттин Администрациясынын жетекчилиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү

     24. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Президенттин Администрациясын жетектейт.

     Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Президенттин түздөн-түз  жетекчилиги астында иштейт, ушул Жобо менен белгиленген компетенциялардын чегинде Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча аткаруу, контролдоо жана тескөө функцияларын жүргүзөт.

     Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышын камсыз кылат.

      25. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Президент тарабынан кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган орун басарлары бар.

 26. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болбогон мезгилде Президенттин Администрациясынын ишин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары камсыз кылат.

     Орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.     

      27. Президенттин Администрациясынын Жетекчиси:

      - Президенттин Администрациясын жалпы жетектөөнү жүзөгө  ашырат;

     - Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын чечүү максатында мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет;

      - мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, буга Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындаган кызмат адамдары кирбейт;

      - Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкасын уюштурууну камсыз кылат;

      - айрым маселелерди изилдөө үчүн коомдук башталышта кеңешчилерди жана эксперттерди дайындайт (Президенттин Администрациясынын штаттык санынан тышкары);

      - Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;

     - Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү тескемелерди чыгарат;

      Президент тарабынан дайындалуучу Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө Президентке сунуш киргизет;

      - белгиленген тартипте жумушчу комиссияларды, топторду түзөт;

    - Президенттин Администрациясынын чыгымдар сметасынын чегинде финансы каражаттарын башкарат;

      - ушул жобого ылайык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;

      - Президенттин Администрациясынын өкүлчүлүктөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгын кошпогондо, соттордо доогер жана жоопкер катары ишеним каттарга кол коет;

      - Президенттин Администрациясынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды аткарат.

   28. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, буга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын басма сөз- катчысы кирбейт.

         Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Президент тарабынан дайындалат.

    Министрлер Кабинетинин Төрагасынын басма сөз-катчысы Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.

     Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарлары жана башка кызматкерлери тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат.

     29. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бөлүмдү  жетектейт жана Президенттин Администрациясынын кызмат адамдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен мамилелерде анын атынан иш жүргүзөт.

     30. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси төмөнкү укуктарга ээ:

     - мамлекеттик жана башка органдар, кызмат адамдар менен Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагында болгон маселелер боюнча кызматтык кат алышууга;

     - белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин, Министрлер Кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү  оз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга;

     - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагында болгон маселелер боюнча маалыматын угууга;

   - белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын өкүлдерүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүгө катышууга тартууга;

     - ушул Жободо жана тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө  ашырууга.

5. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары

     31. Президенттин кеңешчилери жана жардамчылары Президент тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

      Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

      Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилери жана жардамчылары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчылары Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

   Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар):

      - Президенттин Администрациясынын түзүмүнө кирет;

     - ушул Жободо, башка актыларда жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларында белгиленген компетенцияга ылайык иштейт.

      32. Айрым маселелерди изилдөө үчүн Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан коомдук башталышта кеңешчилер жана жардамчылар дайындалат (Президенттин Администрациясынын штаттык санынан тышкары).

      33. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчилеринин негизги милдеттери болуп тейлеген багыттары боюнча өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү абал жөнүндө талдоо жүргүзүү   жана Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына маалымат берүү , алардын ишинин ар турдүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана берүү , алардын тапшырмалары боюнча чет элдик кызмат адамдары менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү    эсептелет.

      Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчилеринин милдеттери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан аныкталат.

    Жардамчылардын негизги милдеттери болуп Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисине конкреттүү багыттар боюнча алардын өз ишин жүргүзүү  суне жардам жана көмөк көрсөтүү эсептелет.

      Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын алдында турган биринчи кезектеги жана маанилүү милдеттерге жараша кеңешчилерге жана жардамчыларга ушул Жободо каралгандардан айырмалуу башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүктөй алышат. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын штаттык санынын чегинде кеңешчилердин жана жардамчылардын санын жана ишинин багытын аныктайт.

     34. Кеңешчилер жана жардамчылар өз компетенциясынын чегинде:

     - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын катышуусу менен иш-чараларды уюштурууга катышат;

   - Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларын, тапшырмаларын мамлекеттик органдардын, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын талаптагыдай аткаруусун контролдоо боюнча ишке катышат;

   - Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле башка органдар менен өз ара аракеттенет жана зарылдыгына жараша белгиленген тартипте алардын кызматкерлерин кеңешчилердин жана жардамчылардын карамагында болгон маселелерди чечүүгө тартат;

     - Президент, Министрлер Кабинетин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисин өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүүнүн ар турдүү багыттары боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун негизинде зарыл маалыматтык-талдоочулук жана маалымдама материалдары менен тиешелүү түрдө камсыз кылат, тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;

     - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин дарегине багытталган кат-кабарды, кызматтык документтерди жана жарандардын кайрылууларын карайт, жарандарды кабыл алат.

   35. Тиешелүү кеңешчилер жана жардамчылар арасында милдеттерди бөлүштүрүү Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.

6. Башка жоболор

     36. Президенттин Администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелет. Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны Президент тарабынан аныкталат.

  Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Президент тарабынан белгиленет.

     37. Президенттин Администрациясынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу Президенттин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.

     38. Президенттин Администрациясын кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.