01
Декабрь
( 2012-ж., 26-ноябрь - 1-декабрь) 26-ноябрь Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев түзүлгөн кырдаалага байланыштуу эң жакын аранын ичинде жаратылыш газынын чектелип берилгенин жою тууралуу тапшырма берди. «Кыргызгаз» ААКсынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев көгүлтүр оттун чектелиши газ берүүчүлөргө карыз менен байланышканын айтты. Мисалы, “Кыргызгаз” ААКсынын газ берүүчүлөргө жалпы карызынын суммасы 3 млн. 314 миң АКШ долл. түзөөрүн айтты. «Бишкекжылуулуккоммунэнерго», «Токмок жылуулук» , «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканалары сыяктуу чоң ишканалардын өз убагында төлөбөгөнүнөн улам ушундай карыз топтолуп калган. Премьер-министр финансы министерлигине эки күндүн ичинде айтылган мамлекеттик ишканларга «Кыргызгаз» ААКсына болгон карыздарын жоюу үчүн каражат берүү тапшырмасын берди ***** 27- ноябрь Табак жана алкоголь продукцияларына акциз маркаларын берүүдөгү тендердин өз убагында өтпөгөнүнүн себептери аталды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен табак жана алкоголь продукцияларына акциз маркаларын берүүдөгү тендердин өз убагында өтпөгөнүнүн себептерин талдоо жана тиешелүү жыйынтык чыгаруу үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссия бул маселени ар тараптуу карап чыгып тендердик комиссия жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө Мыйзамы бузулганын тактады. Учурда табак жана алкоголь продукцияларына акциз маркаларын жасоого жана аны алып келүү максатында тендердик комиссия түзүлдү. ***** Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев жана «Инвестторгбанк» АКБнын Директорлор Кеңешинин Төрагасы В.Гудков Кыргызстанда аталган банктын филиалын ачууну талкуулашты. Жолугушуу учурунда Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев «Инвестторгбанк» АКБынын жетекчисине Кыргызстанда банктын ачылышы боюнча оң чечим кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегиндне Владимир Гудков кыргыз жеринде банктын башталгыч иштерине Премьер-министрдин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирүү менен «Инвестторгбанк» АКБсы Кыргызстандын өнүгүшүнө инвестиция киргизүүгө даяр экендигин билдирди. ***** Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын январь-октябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгын талкуулашты жана ал Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгында өттү. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эконимика министри Темир Сариев доклад жасады. Өз сөзүндө ал жыл башынан бери өлкөнүн экономикасында реалдуу өндүрүштүн кыскарылышы боюнча негативдүү тенденция белгиленди жана сакталууда деди. “2012-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөө боюнча 2011-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 4,3 % төмөндөө менен 233,6млрд.сомду түздү. “Кумтөр” кен иштетүүчү ишканасын эсептебегенде ИДПнын реалдуу өсүшү 3,6 % түздү, 2011-жылдын ушул мөөнөтүндө мындай көрсөткүч 6,0 % түзгөн. Экономиканын өсүү темпинин 4,3 % басаңдашы мурдагы жылдардай эле металлургиялык сектордо өнөр жай өндүрүшүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Экономиканын өтө төмөндөп кетүүсүн кармап турган сектор болуп кызмат көрсөтүү тармагы эсептелет. Анын салымы 2,3 пайыздык пунктта, ал эми курулуш тармагынын салымы 0,5 пайыздык пункт”- деп белгиледи министр.
Күн тартибиндеги биринчи маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчысы министирликтер менен ведомстволордун жетекчилерин жыл жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга аракет жасоого чакырды. ***** Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн Стратегиясы кайрадан иштеп чыгууга жиберилди. Мындай чечим 27-ноябрда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн жыйынында кабыл алынды. Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевдин айтымында Стратегиянын максаты калктын жана экономиканын айыл чарба азыктарына болгон керектөөсүн толугу менен канааттандыруу жана өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өндүрүштүн өсүшү, продукциялардын сапатын жогорулатуу, айыл чарбасынын эффективдүүлүгү болуп эсептелет. Стратегиянын инвестициялык планын каржылоонун көлөмү 38 млрд. 955 млн. сомду түзөт. Стратегияны ишке ашыруунун үзүрү болуп азык-түлүк коопсуздугунун сапаттуу жакшырышы, өндүрүштүн, айыл-чарбасында атаандаштык мүмкүнчүлүгүнүн жана экспорттун өсүшү, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйүшү эсептелет.
Өкмөт мүчөлөрү Стратегия такталууга, атап айтканда долбоордук менеджементти киргизүү зарылчылыгы бар экендигин белгилешти. Айтылган сын-пикирлер менен толуктоолор эске алынып Стратегия кайрадан иштелип чыгууга жиберилди. ***** Ишеним телефону КР Өкмөтүнүн алдындагы Менчиктик жана инновация боюнча Мамлекеттик агентигинде (Кыргызпатент) “ишеним телефону” иштей баштады. Эми Кыргызстандыктар 68-10-14 телефонуна чалышып ведомстводо иштеген кызматкерлер тарабынан коррупциялык фактылар көрсөтүлсө, мыйзам бузуулар болсо Кыргызпатенттин жетекчилигине билдире алышат. 28-ноябрь Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын регионалдык кызматташуусунун кеңейиши экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” аттуу II кыргыз-россия конференциясын ачуу маалында “2012 -жыл Россия менен кызматташуудагы негизги өзгөрүүлөрдүн жылы болуп калды”- деп белгиледи. Ж.Сатыбалдиев кыргыз-россия мамилелери үчүн быйылкы 2012-жылда эки тараптык кызматташуудагы өнүгүүнүн жаңы этабы ачылганын, Россиянын Президенти Владимир Путиндин ушул жылдын сентябрь айында болгон расмий сапары учурунда макулдашылган келишимдер эки тараптык мамилердин жиреп чыгуусу болгонуна токтолуп, – «Биз биргелешкен долбоорлорду тезинен жылдырууга кызыкдарбыз. Эки өлкөнүн региондор аралык кызматташуусунун кеңейиши колубуздагы кызматташуунун потенциалын ишке ашырууга көмөк берет. Бүгүнкү иш-чара да буга түрткү болооруна мен ишенемин ”- деди. Ошондой эле Ж.Сатыбалдиев 2011-жылдын 23-мартында өткөн Кыргызстан менен Россиянын региондорунун кызматташуу алакасын кеңейтүү боюнча өткөн 1- конференциянын жакшы жыйынтыктарын канаттануу менен белгиледи. “Биздин өз ара кызматташуубуздун мүмкүнчүлүгү жетишээрлик күчкө ээ болду жана кызматташуунун ар түрдүү ыкмасын ишке ашыра алабыз”- деп айтты Премьер-министр. ***** Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын чет-мамлекеттер менен регионалдык жана маданий байланыштар боюнча Башкармалыгынын начальниги Владимир Чернов менен жолугушту. Жолугушуу Бишкекте өтүп жаткан “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын регионалдык кызматташуусунун кеңейиши экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн фактору” аттуу II кыргыз-россия конференциясынын алкагында болду. Жолугушуу учурунда региондор аралык, маданий-гуманитардык кызматашуунун алдында турган маселелери талкууланды. ***** Бишкекте атактуу комузчу жана элдик композитор Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгын майрамдоо алкагында анын чыгармаларын аткаруу боюнча эл аспаптык ансамлдердин жана оркестрлердин Республикалык кароо сынагы өз ишин баштады. Кароо сынактын негизги максаты болуп К.Орозовдун чыгармаларынын негизинде улуттук музыкалык маданиятты пропагандалоо жана өстүрүү, жаш музыканттардын чыгармачыл өсүшүнө шарт түзүү эсептелет. ***** Республикалык олимпиаданын Жобосу иштелип чыкты жана педагогикалык коомчулуктун кенен талкуусу үчүн “Кутбилим” гезитинде жарыяланды. ***** 29- ноябрь Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев саламаттык сактоо саясаты боюнча “Медициналык жардамды кеңири катмарды камтуу жана медициналык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо менен саламаттык сактоодо жетишкендүүлүктү тездетүү” аттуу жогорку звенонун жетекчилери үчүн эки күндүк Форумдун ишин ачты. “Саламаттык сактоо секторунда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында биздин мамлекет белгилүү өсүшкө жете алды. Үй-бүлөөлүк медицина менен калкты милдеттүү түрдө камсыздандыруу институттарын камтыган саламаттык сактоонун модели түзүлдү. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан акыркы 5 жылда саламаттык сактоону каржылоонун деңгээли акырындык менен көбөйүүдө. Бирок айрым жетишкендиктерге карабастан бүгүнкү күндө саламаттык сактоо системасы калктын муктаждыктарына толугу менен жооп бербейт. Бул багытта биз дагы көп нерсени жасашыбыз керек”- деди өз сөзүндө Өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиев. Жантөрө Сатыбалдиевдин ою боюнча социалдык жактан начар болгон калктын кеңири катмарына медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу өтө маанилүү.
“Биз бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү жана натыйжалуу гана пайдаланбастан, келечекте саламаттык сактоо системасын дотациялык категориядан өзүн өзү камсыздоочу разрядга жеткиришибиз керек. Ошондуктан жакынкы аралыкта айрым медициналык мекемелерди өзүн өзү каржылоого өткөрүп, үнөмдөлгөн каражаттарды тармакты өнүктүрүүгө жумшоо зарыл”, - деп Ж. Сатыбалдиев баса белгиледи. Премьер-министр өзүнүн сөзүндө саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик жеке өнөктөштүгүнүн алкагында менчиктик секторду активдүү өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл зарылчылыгына токтолду. “Саламаттык сактоо системасына мамлекет жыл сайын аябаган чоң каражаттарды жумшайт. Мисалы, 2012-жылы саламаттык сактоо секторунун консолидирлик бюджети 9,0 млрд. сомду түздү. Ошого карабастан натыйжа деле чыккан жок. Ушуга байланыштуу бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланышын так көзөмөлдөшүбүз керек”, – деп эскертти. Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт тарабынан саламаттык сактоону реформалоонун 5 жылга чектелген Улуттук “Ден соолук” программасы кабыл алынганын белгиледи. Аталган программаны ишке ашырууга 50,0 млн. АКШ долл. гранттык каражат бөлүп берүү тууралу донорлук коомчулуктар тарабынан алдын ала жактырылды. ***** Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев коммециялык банктар, банктык эмес финансы кредиттик уюмдар менен заемщиктердин, күрөө коючулардын ортосундагы маселени тескөө боюнча сыртта өткөн комиссиянын жыйынына катышты. Жыйынды ачып жатып, Жоомарт Оторбаев комиссиянын негизги максаты болуп 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларында материалдык жактан жабыркаган заемщиктер менен банктардын, финансы-кредит мекемелердин ортосундагы талаш маселелерге жардам көрсөтүү экендигин айтты. “Комиссиянын иштөө убагында биз заемщиктер менен банктардын ортосундагы көпчүлүк талаш маселелерди чече алдык. Учурда комиссиянын кароосунда 18 заемщиктин иши калды, булардын насыяларынын жалпы суммасы 4,1 млн. сом. Ал эми жыл башында бардык проблемалуу насыялардын суммасы 1 млрд. сом эле”- деп айтты. Мамлекетибиздеги эң ири микрокредиттик уюмдардын жетекчилери катышкан комиссиянын ишинде азыркы учурда алардын кредиттик портфели 18,1 млрд. сомду түзүп, кардарларынын саны 472,5 миң адамга жеткени белгиленди. Микрокредиттик уюмдардын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип жатып Ж.Оторбаев аларды мамлекет жана жарандык коом менен активдүү кызматташууга чакырды. ***** “Мамлекеттик мүлктү аукциондо сатуу менен менчиктештирүүнүн Жобосун бекитүү” тууралуу Өкмөттүн 2012- жылдын 29- ноябрындагы № 801 токтому кабыл алынды. Жобонун жаңы долбоорунда малекеттик мүлктүн Сатуучусунун, аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары, аукционду өткөрүү маселелери, “аукциончу” деген терминдин чечмелеши жана анын милдеттери, аукционго катышууга керек документтердин тизмеси даана тестелген. Ошондой эле долбоордо аукционду өткөрүүнүн электрондук форматы каралган. 30-ноября Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Мамкатчысынын саясат маселелери боюнча орун басары Венди Шерманды кабыл алды. Премьер-министр эки тараптын мамилелери өсүп келгенин белгилеп, мындан ары да эки өлкөнүн кызматташуусу кеңейе берерине үмүттөнөөрүн айтты. КР Өкмөтүнүн Башчысы 2010-жылдагы июнь окуяларынан жабыркаган калк жайгашкан пункттарды калыбына келтирүүдө берген жардамы үчүн АКШнын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Мамкатчынын орун басары Венди Шерман бардык Борбордук-азиядай эле, Кыргызстан менен кызматташууга чоң көңүл бөлөөрүн айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өкмөттүн жакынкы аралыктагы экономикалык пландарын, ошондой эле Экономикалык Өнүгүү Фондунун колдоосу менен өлкөнүн айыл-чарба секторунда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты. ***** Кыргыз Республикасынын Өкмөтү октябрь айында брондон чыгарган унду сатууну улантып жатат. Бул чечим ундун, нандын жана нан азык-түлүктөрүнүн баасын төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Унду базар баасынан төмөн сатуу өлкөнүн соода-сатык жерлеринде 20-октябрдан башталган. 1-сорттогу ундун килограммынын баасы 23 сомдон, 2-сорттогу ун 17 сом 50 тыйындан берилүүдө. Ошентип 1-сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 1 150,00 сомдон, 2-сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 875,00 сомдон сатылууда. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Материалдык резервдер мамлекеттик фондунун жана контрагент-ишканаларынын өкүлдөрү бүткүл өлкө боюнча 1-сорттогу 2 888 195 килограмм унду жана и 2-сорттогу 257 260 килограмм унду сатышкан. Учурда бул ундарды сатуу соода-сатык жерлерде улантылууда. 1 декабря Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев илбирс боюнча эксперттердин эл аралык семинарынын ишине катышты. Тайырбек Сарпашев семинардын ишин ачып жатып Кыргызстан дүйнөлүк коомчулука кошулуп экономиканын өсүшү менен био ар түрдүүлүктү сактоо максатында терең өсүштү камсыз кылууга умтулаарын айтты. “Бүгүнкү жолугушуу био ар түрдүүлүктү жоготпоого, башкача айтканда бийик тоолу экосистеманын индикатору болгон илбирсти улуттук жана глобалдык контексте сактоого багытталган. Илбирсти жана башка бийик тоолу ландшафта жүрүшкөн жаныбарларды сактоонун, коргоонун зарылчылыгын терең түшүнөбүз, анткени алардын ролу биздин каада салтыбызда, маданиятыбызда өтө зор”деди өз сөзүндө Т. Сарпашев. Семинардын жүрүшүндө Вице-премьер-министр дүйнө боюнча илбирсти коргоо боюнча эл аралык уюмдардын жана фонддордун ролун баса белгиледи. Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун сунушу (НАБУ) жана Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер шарында илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумду Бишкек шаарында келерки жылы өткөрөөрүн вице-премьер-министр маалымдады. Мыйзам чыгаруу ишмердүүк 1-декабрга карата Өкмөт тарабынан берилген КР Жогорку Кеңешинде 133 мыйзам долбоору бар. Анын ичинен 25 долбоор кечиктирилбестен каралуучу деп аныкталган. Учурда Өкмөт тарабынан берилген 27 мыйзам долбоору, 1 токтом Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынды. 3 мыйзам долбоору Парламент тарабынан четке кагылган, 17 мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан кайра чакырылып алынган. Бул жумада: Жогорку Кеңеш 3-окуусунда төмөндөгү мыйзам долбоорлору каралды жана кабыл алынды. 2012-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлуп, Өкмөттүн 26.11.12. № 793 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федаративдүү Республикасынын ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федаративдүү Республикасынын ортосундагы 2011-2012 жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо тууралуу.” 2012-жылдын 26-январында кол коюлуп, Өкмөттүн 26.11.12. № 794 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Программанын Гранттык макулдашуусун ратификацияло тууралуу”. 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлуп, Өкмөттүн 19.10.12. № 731 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Энергетика секторун реаблитациялоо” долбоорун каржылоо тууралуу Макулдашууну ратификациялоо” жөнүндө. Документ жүргузүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында аталган аптада башка министирликтерден, ведомстволордон, мамлекеттик органдардан жана уюмдардан 1060 документ келип түштү. Өкмөттүн Аппаратынан 2283 документ чыккан, анын ичинен 51 документ демилгелүү болуп эсептелет. Ошондой эле 27 нормативдик акт, анын ичинен КР Өкмөтүнүн 10 токтому, 5 буйругу, КР Премьер-министринин 7 буйругу, Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин 5 буйругу чыккан. Ошону менен катар 30 нормативдик укуктук актыга экспертиза жасалып, 2 документ мамлекеттик органдарга кайрадан иштеп чыгууга кайтарылган (саламаттык сактоо министирлигиене -1, Финансы министирлигине -1). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 26-ноябрдан 1-декабрга чейин 65 жарандардан кайрылуу келген жана каттоодон өткөн, анын 43 кайрылуусу көзөмөлгө алынган. Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынан 2 кат, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинен 14 кат, Премьер-министрдин Коомдук кабылдамасынан 17 кат келип түшкөн. 24 документ аткарылды жана көзөмөлдөн алынды. КР Өкмөтүнүң Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү