09

Май

2022

Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Ушул күндөрү биз келечек муундардын жашоо жана эркиндик укугун коргоп калган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Биздин жалпы тарыхыбыздагы бул улуу окуя Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын бир тууган элдерин ажырагыс байланыштар менен байланыштырды.

Согуш талаасында чыңдалган достук жана жолдоштук орус-кыргыз кызматташтыгынын жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп саналат. Мындан ары да ушундай боло берерине ишенем.

Кыргыз Республикасында жашаган сонуш ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.