17
Сентябрь
2022
КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт
КР УКМКсы Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:15ке карата тажик тарап Баткен районунун Достук айылын миномет менен аткылап жаткандыгын билдирди.
Тажик тарап үч минометтук экипаждан айылга ок чыгарган.
КР УКМКсы Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү душмандын чабуулунун мизин кайтарууда.