18
Сентябрь
17-18- сентябрда КРдин Баткен облусуна тажик тараптан болгон чабуул тууралуу маалымат
17-сентябрь
? 00:10дон 00:40ка чейин
«Гулистон-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – директору генерал-майор У.Шаршеев жана Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-полковниги Р.Рахмонали менен жолугушуу болуп өттү.
?01:30
Тажикстан тараптан аткылоо учурунда 24 кыргызстандык набыт болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү маалыматы билдирди.
? 02:30
Мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч деп аныкталууда.
?02:35
Тажик тараптан ок атышпоо учурунда Богдари айылында Тажикстандын жарандары өз үйлөрүн өрттөй башташкан.
?08:00
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташтыруу тенденциясы менен чыңалган деп мүнөздөлүүдө.
Түн окуясыз, тынч өттү.
?08:50
Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Баткен районунун Паскы Арык конушуна миномёттон ок чыгарган.
?8:55
Аткылоо токтотулду
?09:00
Чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан кыргызстандыктардын саны 103кө жетти. Жарааттар негизинен ок атуулардан келип чыккан. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.
?11:15
Баткен районунун Достук айылы тажик тараптан минометтон аткыланды.
?11:30
2022-жылдын 17-сентябрында КР УКМКнын бөлүктөрү Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Достук айылына минометтук чабуулун басаңдатты.
?12:30
Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында тажик тарап Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин позицияларын жана бөлүктөрүно чабуул жасады.
?14:00
Саламаттык сактоо уюмдарына кабыл алынган адамдардын жалпы саны 121 жабырлануучуга жетти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон, артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтотту.
?15:30
Кыргыз Республикасынын жарандарынан ошондой эле ыктыярчылардан атайын түзүлгөн эсепке 3 598 430,23 сом суммасында акча каражаты түштү.
?16:00
Саламаттыкты сактоо уюмдарына түшкөн жабырлануучулардын жалпы саны 122 жабырлануучуну түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жиберилди.
?18:20
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан курчуду.
?19:00
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык аймагындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.
?21:00
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусун «Гулистон-автодорожный» өткөрүү пунктунда өткөрүү пландалууда.
?22:30
Саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 129ди түзөт, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоодо.
Каза болгондордун саны 24 адамды түзөт.
«18» сентябрь 2022-жыл
? 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн окуясыз өттү.
? 08:30
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал курч бойдон.
? 9.00
Баткен облусунун коопсуз аймагына жалпысынан 136 миң 770 жаран эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын жалпы 5301 тургуну эвакуацияланды.
Баткен облусуна 177 тонна гуманитардык жардам жеткирилди, мындан тышкары Бишкектен Баткен облусуна 8 оор жүк ташуучу унаа менен 160 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
?9:30
Саламаттык сактоо уюмдарына жаңы кабыл алуулар катталган жок. Жбырлануучулардын жалпы саны 129 адамды түзөт, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоодо.
? 10:00
Дагы 12 каза болгон адамдын сөөгүн Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюму кабыл алды. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 36 адамды түздү. Жалпысынан Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекен айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга көчүрүлүп, Баткен облусуна жалпысынан 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилип, анын 153 тоннасы ошол жер жерлерине жеткирилген. Кыргыз Республикасынын ачылган атайын эсебине жарандардан жана ыктыярчылардан 17 426 626,22 сом өлчөмүндө каражат түштү.
? 12:00
Жарандарды эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча.
Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунан 136 770 жаран эвакуацияланып, 47 убактылуу жайгаштыруу борборуна жайгаштырылды. Чоң-Алай районунан – 5301 адам.
Ошондой эле, республика боюнча 163 пункттан гуманитардык жардамдарды чогултуу улантылып, Баткен облусуна 209 тонна жеткирилип, 153 тонна муктаждарга таратылды.
«Баткен районунда тажик тараптын согуштук аракеттеринен кийин социалдык объектилер жана чек ара заставалары талкаланган. Келтирилген чыгымды аныктоо боюнча комиссия түзүлдү», - дейт КР ӨКМнин өкүлү Чамашев Бакытбек.
? 15:00-
Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын ачылган эсепке 17 841 422,64 сом сом өлчөмүндө каражат түштү.