18

Сентябрь

2022

КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт (18.09.22 22:00го маалымат)

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 18-сентябры саат 22:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде турукташтыруу тенденциясы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.      

Жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.      

Эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам/Арка-Бөрбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.       

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.