19
Сентябрь
Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй Кыргызстанга кайтарымсыз 200 млн юань берүү жөнүндө макулдашууга кол койду
Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй жолугуп кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин сүйлөштү.
Анда тараптар алгач Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзинпин тарабынан коюлган милдеттердин жана буга чейин жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө токтолуп, андан соң жолугушуунун күн тартибине кирген маселелерге өтүштү.
Алар негизинен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесине кирген Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы долбоорлордун аткарылышынын учурдагы абалы жана эки тараптуу кызматташуунун перспективалары жөнүндө талкуу жүргүздү.
Жолугушуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Луо Чжаохуэй Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Министрлер Кабинетине Кытай Өкмөтү долбоорлор боюнча эки тараптын ортосунда келечектеги келишимдерди ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 200 миллион кытай юанын кайтарымсыз жардам катары берет.
Гранттык негизде бериле турган каражат, эки мамлекеттин Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатын көздөйт.