28

Январь

2025

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин 2024-жылы аткарган иши жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (мындан ары – Координациялык кеңеш) 2024-жылы аткарган иши жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 24-пунктунун талаптарына ылайык даярдалды. 

Координациялык кеңештин ишинин максаты адамдын жана жарандын укуктарынжана эркиндиктерин коргоону камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу болуп саналат. 

Координациялык кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: 

- Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарына адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын (мындан ары - улуттук мезгилдүү баяндамалар) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серептерин (мындан ары-УМС) даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо; 

- Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Адам укуктары жана УМС чөйрөсүндөгү сунуштамаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү. 

Көрсөтүлгөн максатка жетүүнүн алкагында, Координациялык кеңештин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук баяндамаларын даярдоонун жана коргоонун алкагында.

2012-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил үчүн Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бешинчи Улуттук доклады (мындан ары-Баяндама) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги 91-т тескемеси менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы520-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы бекитилди.

2024-жылдын12-13-сентябрында Женева шаарында, Швейцария Конфедерациясында Кыргыз Республикасынын делегациясы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 2012-2019-жылдар аралыгында аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын баяндамасын ийгиликтүү коргоду.

БУУнун сунуштарын аткаруунун алкагында.

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 655-т тескемеси менен 2022-2024-жылдарга Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) бекитилген.

Бул Иш-аракеттер планы 115 пункттан турат, аларды ишке ашыруу мөөнөтү төмөнкүдөй:

- 2022-жылга, 2 пункт;

- 2023-жылга, 33 пункт; 

- 2024-жылга, 19 пункт; 

- туруктуу негизде, 60 пункт; 

- зарылдыгына жараша, 1 пункт.

Жогоруда аталган буйруктун 3-пунктуна ылайык Координациялык кеңештин Катчылык тарабынан 2024-жылдын 24-декабрындагы жыйынтыктоочу отурумунда Координациялык Кеңештин Төрагасына Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө топтомо маалымат берилген.

АУКК чечими менен планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Катчылыктын маалыматы эске алынды, АУККнын Катчылыгына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – АУККнын Төрагасы Э.Ж. Байсаловдун чечими менен 2024-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн, ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен, жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына 2025-2027-жылдарга Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын бекитүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун киргизүү тапшырылды.

Ошентип, 2025-2027-жылдарга Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планынын долбооруна төмөнкүлөр киргизилет: 

- БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитетинин корутунду сунуштары; 

- бардык эмгек-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча БУУнун комитетинин корутунду сунуштары; 

- колдонуудагы Иш-аракеттер планынын аткарылбаган жана дайыма аткарууга муктаж болгон пункттары.

2.Кыргыз Республикасынын УМС боюнча төртүнчү улуттук баяндамасын даярдоо алкагында төмөнкү иштер аткарылды.

АУКК мүчөлөрүнөн жана мамлекеттик органдардан келип түшкөн маалыматтардын негизинде Катчылык тарабынан УМС боюнча улуттук баяндаманын алдын ала долбоору даярдалган.

Маалымдама: Кыргыз Республикасы тарабынан БУУнун мүчө-мамлекеттери тарабынан берилген 232 сунуштама,2020-жылдын 20-январында Женевада өткөн 35-жумушчу топтун сессиясынын алкагында каралып, анын ичинен өлкө тарабынан 193 сунуштама, башкача айтканда, жалпы санынын 83% колдоого алынган.

Баяндаманы даярдоо алкагында 2024-жылдын октябрында АУКК Катчылыгы тарабынан Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын региондук бөлүмүнүн өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук докладынын болжолдуу долбоорун талкуулоо боюнча жолугушуулар өткөрүлгөн. 

Координациялык кеңештин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун тапшырмасы менен УМС боюнча улуттук баяндаманын долбоору жана аны жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуужол-жобосунан өттү. 

2024-жылдын9-декабрында Координациялык кеңештин Төрагасы – КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов АУКК Катчылыгы менен биргеликте БУУ АУЖКБ регионалдык бөлүмүнүн башчысы Матильда Богнер менен УМС боюнча улуттук докладды алдыдагы коргоого даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жарандык коом менен кызматташтыгын күчөтүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. 

2024-жылдын 12-декабрында жарандык коом менен улуттук консультациялар өткөрүлүп, анда УМС боюнча баяндаманын долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча бир катар сунуштар киргизилген.

Өз кезегинде АУККнын Катчылыгы мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун сунуштарынын негизинде улуттук баяндаманын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тескемесинин долбоорун толуктап иштеп чыккан.Азыркы учурда УМС боюнча улуттук баяндаманы жактыруу жөнүндө тескемениндолбоору жеткиликтүү иштелип чыктыжана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлүп,кароодо турат.

3. БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин корутунду сунуштарын аткаруу максатында Координациялык кеңештин 2024-жылдын 4-июлундагы жыйынында 2024-2025-жылдарга карата БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык иш-чаралар планы бекитилген, ал 68 милдеттен жана 11 бөлүмдөн турат.

Жогоруда көрсөтүлгөн Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна жүктөлгөн.

Координациялык кеңештин ишин өркүндөтүүнүн алкагында.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартында № 132 токтомуменен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”2014-жылдын 17-мартындагы №155токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу,Координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу, ошондой эле адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу механизмин өркүндөтүү максатында Координациялык Кеңештин Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун келишимдик органдарынын сунуштамаларын ишке ашыруунун алкагында пландарды бекитүүгө ыйгарым укуктарын берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрдагы № 793 токтому менен Координациялык кеңештин иш чөйрөсүндөгү Координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу, ошондой эле Координациялык кеңештин жыйындарын өткөрүүнүн жаңы мезгилдүүлүгүн белгилөөнү караган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин 2024-жылга карата Иш планын жана АУККнын 2024-жылдын №1, 2, 3, 4 протоколдук тапшырмаларын аткаруу.

1.Координациялык кеңештин 2024-жылдагы Иш планынын 14 пунктунун ичинен 7 пункту (1, 3, 4, 6, 10, 13, 14-пункттары) аткарылды.

Отчеттук мезгилдүүлүк учурунда Катчылык тарабынан АУККнын 4 жыйыны өткөрүлдү(05.04.2024-ж., 04.07.2024-ж., 11.10.2024-ж., 24.12.2024-ж), отчеттук мезгилдүүлүк учурунда АУККнын кезексиз жыйындары өткөрүлгөн жок.

2 иш-чара БУУнун комитети тарабынан коргоо отчетторунун 2025-жылга жылдырылышына байланыштуу кийинки жылга жылдырылды, атап айтканда: 

- 2019-2022-жылдар аралыгында Расалык басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Эл аралык конвенциянын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бириккен 11 жана 12 мезгилдүү улуттук баяндамасын коргоого даярдоо (п. 7); 

- 2019-2021-жылдар аралыгында БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын алгачкы баяндамасын даярдоо жана коргоо (8-пункт); 

4 иш-чара АУКК Катчылыгынын аналитикалык каттарынын негизинде Координациялык кеңештин Төрагасы Э. Ж. Байсаловдун чечимине байланыштуу кийинки жылга жылдырылды, атап айтканда: 

- 2024-жылдын 16-декабрындагы № 73247 тапшырманын негизинде:Кыргыз Республикасынын жалпы базалык документин жаңылоо (п. 5),ошондой эле Кыргызстанга карата жеке даттанууларды инвентаризациялоо. Инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин Төрагасына аналитикалык катты киргизүү (п.9);

- 2024-жылдын 24-декабрындагы АУККнын жыйынындагы № 4 протоколдун негизинде: Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун Париж принциптерине ылайык келтирүү (АУККнын Иш Пландын 11-п), ошондой эле курчап турган жагымдуу чөйрөгө, анын ичинде тоо экосистемаларынын экологиялык проблемаларына укукту камсыз кылууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө мониторинг жүргүзүү (АУККнын Иш Пландын 12-п). 

2.Координациялык кеңеш тарабынан 2024-жылы 34 тапшырма берилген (Координациялык Кеңешинин отурумдарынын №1, 2, 3, 4-протоколу), алардын аткарылышынын талдоосуКатчылык тарабынан 2024-жылдын 24-декабрындагы АУККнын жыйынтыктоочу отурумунда айтылган жана маалымат эске алынган.

Бул тапшырмалардын алкагында АУККнын мүчөлөрүнө БУУнун келишимдик органдарынын адам укуктары чөйрөсүндөгү сунуштамаларын ишке ашыруунун алкагында ишти күчөтүү жөнүндө тапшырма берилди.

БУУнун комитеттеринен келип түшкөн жеке даттануулар боюнча жоопторду берүүнүн алкагында:

Отчеттук жыл ичинде Координациялык кеңештин катчылыгына БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан катталган 4 жеке даттануу келип түшкөн (алардын ичинен экөө аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенцияда баяндалган укуктардын бузулушунакарата).

Билдирүүлөрдүн (жеке даттануунун/арыздын) маңызы боюнча кароо максатында Координациялык кеңештин Төрагасынын чечими менен мамлекеттин жоопторун даярдоо үчүн тиешелүү ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлгөн. 

Ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан:

- эки жеке даттануу боюнча кабыл алынбастык жөнүндөКыргыз Республикасынын бириктирилген жооптору даярдалды жана бекитилди, алар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине ТИМдин Дипломатиялык каналдары боюнча жөнөтүлдү;

- бир жеке даттануу боюнча катчылык жалпыланган жоопту Координациялык кеңештин Төрагасы тарабынан андан ары бекитүү жана БУУнун комитетине жөнөтүү үчүн жиберген; 

- башка жеке даттануу боюнча Катчылык тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынан бириктирилген жалпыланган жоопту даярдоо үчүн суроо-талап жөнөтүлгөн.

2. Ой-пикирлерди карап чыгуу: 

2024-жылы Катчылыктын дарегине БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 17 жеке даттануу боюнча ойлору (акыркы чечимдери) келип түшкөн, алар мыйзамда белгиленген тартипте кароонун мүнөзүнө жараша Катчылык тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда, 9 ой-пикир боюнча (акыркы чечимдер) Кыргыз Республикасынын жооптору БУУнун АУЖКБга (Женевадагы КР Постпредствосу аркылуу) жөнөтүлгөн.

Атайын баяндамачылардын жана миссиялардын Кыргыз Республикасына иш сапары:

1. БУУнун Майыптардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Харастын иш сапары. 

Бул иш сапардын алкагында 2024-жылдын 23-сентябрынан 3-октябрыначейинки мезгилде Хеба Хаграс КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарыЭ.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Ч. Айдарбеков ж.б.), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 

БУУнун Майыптардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Х.Хаграстын иш сапарынын жыйынтыктары боюнча 2025-жылы Кыргыз Республикасына жасаганиш сапарынын натыйжасы боюнча баяндама берилиши күтүлүүдө. 

2. Кыргыз Республикасы менен ЕСтин ортосундагы Адам укуктары боюнча 14 диалогдун алкагында Европа Биримдигинин (мындан ары – ЕС) өкүлдөрүнүн иш сапары.

2024-жылдын 21-22-ноябрында,Бишкек шаарында Кыргыз делегациясынын башчысы – Айбек Бейшеевич Молдогазиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары жана европалык делегациянын башчысы –тышкы аракеттер боюнча Европалык кызматтын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Дитмар Крисслер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү маселелер боюнча жолугушуу өткөрүштү: 

- 2023-жылдын ноябрындагы акыркы диалог убактысынан тартып Кыргыз Республикасында жана ЕБда адам укуктары жаатындагы өзгөрүүлөргө сереп жасоо, анын ичинде учурдагы саясий жана мыйзамдык реформалар жана аларды ишке ашыруу;

- талаптагыдай башкаруу, анын ичинде жарандык коомдун катышуусу; 

- пенитенциардык тутумду өнүктүрүү, камакта кармоо шарттары, кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу, Улуттук алдын алуу механизми;

- сөз эркиндиги, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги; 

- биргелешүү жана тынч чогулуу эркиндиги, дин же ишеним эркиндиги жана басмырлабоо; 

- гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары, балдардын укуктары; 

- адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү жаатында эл аралык жана регионалдык уюмдар менен көп тараптуу форумдарда кызматташуу. 

Кыргыз делегациясы өлкөдөгү негизги укуктар жана эркиндиктер боюнча учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат берип, бул диалогдун укуктук системаны бекемдөө механизми катары маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргызстан-Европа Биримдиги Адам укуктары боюнча диалогдун жыйынтыктары тууралуу отчет берилет. 

Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги максаттарынын бири болуп саналат, ал татыктуу жашоо шарттарын, инсандын эркиндигин жана кол тийбестигине кепилдик берүү, ошондой эле социалдык жактан коргоону түзүү жолу менен жарандардын абалын жакшыртууга чакырылган. 

Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча негиз болуучу бардык эл аралык келишимдердин катышуучусу катары, мындан ары да Координациялык кеңештин ишинин алкагында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүүнү улантат.