14

Апрель

2025

Пластик калдыктар менен иштөөнүн тартиби бекитилди

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Тартипке ылайык менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын пластик калдыктарын чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт.

Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар пластик калдыктары менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана бул Тартипти жетекчиликке алат.

Бул Тартип радиоактивдүү жана медициналык пластик калдыктарына, туруктуу органикалык булгоочу заттарды камтыган пластик калдыктарына жайылтылбайт. 

Толук маалыматты төмөндөгү шилтеме аркылуу алууга болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4636