24
Апрель
“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды кагаз жүзүндө берүүнү жана талап кылууну токтотуу жөнүндө тескеме кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз жүзүндө берүүнү жана талап кылууну токтотуу жөнүндө тескеме кабыл алды.
Тескемеге ылайык, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып (Бишкек жана Ош шаарлары үчүн) жана 2025-жылдын 1-майынан тартып (Кыргыз Республикасынын бардык облустары үчүн) 50 жаш жана андан жогору курактагы жарандарга, жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде пайдалануу үчүн мындай маалыматтар талап кылынган учурларды кошпогондо, “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жарандарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз түрүндө берүү токтотулду.
Ошондой эле 2025-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө (маалыматтык системалар даяр эмес болгон учурларды кошпогондо) “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди (алардын көчүрмөлөрүн), ошондой эле кагаз түрүндөгү маалыматтарды жеке жана юридикалык жактардан талап кылууну токтотот.
Мындан тышкары тескемеге ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Нотариаттын бирдиктүү маалымат тутуму (“Электрондук нотариат” МТ) тарабынан берилген кагаз түрүндөгү төмөнкү нотариалдык документтерди жеке жактардан талап кылбайт:
1) автотранспорт каражаттарын тескөөгө жана башкарууга ишеним кат;
2) паспортту даярдоого жана алууга ишеним кат;
3) жарандыкты алууга жана андан баш тартууга ишеним кат;
4) жашаган жери же турган жери боюнча каттоо эсебине макулдук берүү;
5) юридикалык жакты каттоого ишеним кат;
6) бажы органдарындагы өкүлчүлүккө ишеним кат.
Ушул эле тескеме менен Министрлер Кабинети тиешелүү мамлекеттик органдарга калк арасында “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тийиштүү маалыматтарды алуу боюнча жарандарга жеринде консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана дебюрократташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.