26

Май

2025

Министрлер Кабинети эмгек акыны накталай түрдө төлөөгө жол берилген учурларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети эмгек акыны накталай формада төлөөгө жол берилген учурларды аныктады. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесин ишке ашыруу жана юридикалык жактар болуп саналган иш берүүчүлөр эмгек акысын накталай формада төлөй ала турган учурларды аныктоо максатында кабыл алынган. 

Документте кызматкерлерге эмгек акыны накталай формада  төмөнкү учурларда төлөөгө жол берилери белгиленген: кызматкер иштеген жерде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн инфраструктура жок болгон учурда; жумушчуларды сезондук талаа жумуштарына жалдоодо; ишкананын алыш-бериш эсептерине камак салынган учурда; турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин); айыл чарба кооперативдерине. 

Эмгек акыны накталай формада төлөө иш берүүчүлөрдү салыктарды төлөө жана кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү милдетинен бошотпойт.