03
Июнь
МинКаб Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны алып салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тарифтик эмес чараны алып салуу жөнүндө” токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорттук каражаттар аркылуу ташылып келүүчү, ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу алып салынды.
Курулуш тармагында кризистик кырдаалды болтурбоо, баалардын туруктуулугун камсыз кылуу, курулуш иштерин өз убагында аткаруу жана сектордо инвестициялык активдүүлүктү сактоо максатында убактылуу тарифтик эмес чараны алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу максатка ылайыктуу, бул импорттун эсебинен продукциянын тартыштыгын толтурууга, рынокту турукташтырууга жана курулуш уюмдарын зарыл материалдар менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.