03
Июнь
МинКаб адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “адамдын органдарын жана/же ткандарын трансплантациялоо жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.
Бул токтомдун максаты жана милдети Кыргыз Республикасында адамдын органдарын жана (же) тирүү донордун ткандарын трансплантациялоо процессин тартипке келтирүү жолу менен "Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу болуп саналат.
Ошондой эле токтом "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында трансплантациялоо үчүн органдарды жана (же) ткандарды алып салууну жүзөгө ашырган трансплантациялоо объекттеринин жана саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси, реестрди жүргүзүүнүн тартиби жана трансплантациялоо жөнүндө корутунду берүү сыяктуу эталондук ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн ачып берет.
Ошол эле учурда долбоор саламаттык сактоо уюмдарында органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоодо медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттарын кошумчалайт.
Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмү жана башкаруу схемасында Электрондук саламаттык сактоо борбору органдарды жана/же ткандарды трансплантациялоо реестринин санариптик платформасын иштеп чыгуу ушул Борборго жүктөлгөн жана санариптик платформаны иштеп чыгуу Борбор тарабынан тиешелүү жылга берилген финансылык каражаттарды пайдалануу менен ишке ашырылат.