04
Июнь
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.
Үй-бүлөлүк билим берүү формасында жалпы билим алуу тартиби жөнүндө жобо башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн улантуучулук билим берүү программаларынын алкагында билим берүү уюмунан сырткары билим алуучунун үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алуу тартибин аныктайт, мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин регламенттейт, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк билим берүү формасында билим алган жашы жете элек балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен ишин уюштуруу тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин белгилейт.