19

Июнь

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Якутиянын Башчысы Айсен Николаев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолукту

Санкт-Петербург, Россия Федерациясы – Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ-2025) алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Саха Республикасынын (Якутия) Башчысы Айсен Николаев менен жолугуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Данияр Амангелдиев 2024-жылдын 29-30-ноябрында Айсен Николаевдин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын маанилүүлүгүн белгилеп, анын жүрүшүндө өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушуулар болуп, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланганын билдирди. 

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнө ылайык аймактар аралык кызматташуунун стратегиялык маанисин белгилеп, Саха Республикасы (Якутия) ишенимдүү өнөктөш экенин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташуу мындан ары да бекемделөөрине ишенээрин билдирди.

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасында өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышууга чакырды. 

Тараптар ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өз ара ишкердик миссияларды уюштурууга жана катышууга даяр экендиктерин билдиришти.

Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн оң динамикасы тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөнүн экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө салым кошкон инфраструктуралык долбоорлор жигердүү ишке ашырылып жатканына токтолду.

Мындан тышкары, айыл чарба продукциясын сатып алуу үчүн Якутия үчүн соода-логистикалык борборду же сатып алуу базасын Кыргызстандын аймагында куруу мүмкүнчүлүгү каралды, бул логистикалык чынжырларды оптималдаштырууга жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Өзгөчө көңүл инновациялар, маалыматтык технологиялар, креативдүү индустрия, туризм, билим берүү жана спорт чөйрөлөрүндө кызматташуунун келечектүү багыттарына бурулду.

2025-жылдын октябрь айында Кыргызстанда Саха Республикасынын (Якутия) Маданият күндөрүн өткөрүүгө өз ара кызыкчылык ырасталды, бул эки элдин маданий байланыштарын чыңдоого жардам берет. 

Ошондой эле спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү маселеси талкууланды. Якут тарап 2026-жылы күзүндө Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдыгын билдирди. 

Өз кезегинде Айсен Николаев Якутия Кыргызстан менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтык жана өнөктөштүк мындан ары да өнүгүп, эки республиканын элдерине пайда алып келээрине ишенимин билдирди.