23

Июнь

2025

Кыргызстандын аймагынан көмүрдү ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. 

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү тапшырмасы коюлду. 

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Толук маалымат менен төмөндөгү ссылка аркылуу таанышууга болот.

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4670